Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:14

Британ өкмөтү Брексит боюнча Жогорку Сотко кайрылат


Премьер-министр Тереза Мэй Брекситти баштоо үчүн өкмөт парламенттен уруксат алыш керек деген соттун чечимин жокко чыгарууну өтүнүп, Жогорку Сотко 5-декабрда кайрылат.

Өткөн айда төмөнкү инстанциядагы сот өкмөт Лиссабон келишиминин 50-беренесин өз алдынча ишке киргизерден мурда парламенттен колдоо алыш керек деген чечим чыгарган эле. Өкмөт бул маселени парламенттин алдына коюунун кажети жок, анткени референдумда калк ага жообун берди деген жүйөнү келтирүүдө.

Жогорку Соттун чечими январь айында чыгат. Премьер-министр Тереза Мэй келерки жылдын мартында Европа Биримдигинен чыгуу боюнча Брюсселге арыз берүүнү белгилеген. Британдыктардын 54% 23-июндагы референдумда Европа Биримдигинен чыгуу үчүн добуш берген. (AiT)

XS
SM
MD
LG