Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:29

Нарын районунда жыл башынан бери эле карышкыр мал чарбасына 4 миллион сомдон ашык чыгым алып келди. Мергенчилер бул жаныбарды жок кылуу үчүн облуста шарт түзүлбөгөнүн айтышууда.

Нарын районундагы Ийри-Суу айылынын жашоочусу Акылбектин айгыры бөрүгө жем болду. “Кыш түшкөнү короого чейин кирип, бүлүк салып жатышат. Айылда карышкыр тийбеген короо деле калбады”,- деди малчы.

- Карышкыр күч. Эшиктин алдына чейин келип, иттен жугунду талашып ичип жатышат. Айылдын тегерегинде эле, 100-200 метр нары жерде жойлоп жүрүшөт. Атып деле жатышат, бая күндөн бери бешөө өлдү, ага деле болбой сагалап турушат. Менин айгырымды жеп кетти, башкалардын короосуна да катылып жатат.

Акылбектин жылкысы базарга түшсө бери дегенде эле 70 миң сомго сатылмак. Минтип мал-жанын жара тарттыргандар айылда арбын. “Мал табылат дечи, эң башкысы өзүбүзгө тийбесе болду. Акыркы күндөрү кечкисин жалгыз басуудан коркуп калдык”,- дешти айыл тургундары.

Карышкыр менен кармашууга азыр айылдык мергенчилердин алы келбей турат. Буга оңдуу куралынын, ок-дарысынын жоктугу себеп. Жакшы мылтык сатып алалы десе машакаты көп. Уруксат алуу да татаал экенин айылдын дагы бир тургуну Жаныш Асыкбаев айтып берди:

- Карышкыр аткандар 8 миң сомдон алат дешкен бирок, ал деле берилген жок. Атып алып барсаң "акча жок, келе элек, түшө элек" деген жоопту угасың. Жок дегенде мылтык жагынан жардам болсо. Мылтык атканга уруксатты жергиликтүү милициядан эле беришсе. Карышкыр аткандарга сыйлыкты көбөйтүп, убагында берсе бул балээден кутулат элек.

Жыл башынан бери эле Нарын районунда карышкыр 20 баш уй-топозду, 50 жылкыны, 38 тайды жана 60 койду жеп кеткен. Жалпы чыгым 4 миллион сомдон ашты деп эсептелинүүдө. Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын Агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Нарынбек Карыбеков жергиликтүү бийлик бул көйгөй менен күрөшүү үчүн колдон келген аракетин кылып жатканын билдирди:

- Райондо ушул кездери чынында карышкыр күч. Мурдагы жылдары бөлтүрүк аткандарга 3500, карышкырга 5, чөөгө 3 миң сом берилчү. Азыр бюджет тартыш болуп жатат. Ага карабай айыл өкмөттөр менен сүйлөшүп, өзүбүз сыйлык берүү жагын колго алуудабыз.

Башка райондордо жем болгон малдын санынан эле бир аз айырма болбосо, абал так эле ушундай десек болот. Облус боюнча жылына мал чарбасы 15 миллион сомдон ашык чыгым тартат. Малчылар жылдан-жылга карышкыр көбөйүп жатканын айтышып, өкмөттүн жырткычтарды аткандарга берилчү сыйлык акчасы жөнүндөгү токтому иштебей жатканына нааразы.

Огуң жок болсо, тайган бак

Теңир-Тоону байырлаган чабандар үчүн карышкыр абалтадан келе жаткан көйгөйлүү маселе. Нарындын тургуну Турсунаалы карыя 70 жашта. Ал илгери малын жедиргендер азыраак болгонун көп эстейт. Айтымы, ал кезде жарытылуу мылтык деле болбоптур, ал эми сыйлык деген үч уктаса түшкө кирген эмес.

- Карышкыр күчөй баштаган маалда, бүтүн айылдагы ишке жарамдуу эркектер ууга чыкчу. Төрт-бештен чогулуп алып, үрөң-бараңда тоонун кыр-кырларына барып отурчубуз. Айылдан чыккан карышкырларды мээлеп отуруп терип атчубуз. Кээде артынан аңдып барып ийинин таап алаар элек.

Кыргыздын тарыхына кайрылсак, ата-бабалар тоо коюнун мекендеп, эзелтеден мал менен күн өткөрүп келгени маалым. Ошол кезде кыргыз ит-куштан төрт түлүктү сактоо үчүн дөбөт, тайган бакчу экен. Азыркы учурда бөрүгө тап берчү таза кандуу кыргыз тайгандарын кармаган малчылар жокко эсе. Облустагы улуттук спорт оюндарын өнүктүрүү боюнча бөлүмдүн адиси Жолдубай Сүйүнбаев тайган санын көбөйтүү менен бул көйгөйдү чечсе боло тургандыгын айтты:

- Манас атабыздан колуна куш кондуруп, кумайык ээрчиткен салт калган. Азыр аны унутуп калдык. Тайган, куш таптаган эч ким жок. Мына Эмгек-Талаа айылында тайган баккан бирөө бар, тайганы жылына отузга жакын карышкыр алат. Эч кандай мылтыгы, огу жок. Карышкыр көбөйдү деп кыйкыра бербей, кантип жоготуунун жолдорун издеш керек. Тайган баккан колдон келет да.

Кыскасы, карышкырды азайтуу көйгөйүн жоюудагы азыркы аракеттер жемишин бербей келет. Карышкырларды азайтуу үчүн былтыркы жылдары жергиликтүү бийлик тик учак дагы жалдап келген. Бирок, ал дагы чыгымы көп, жыйынтыгы аз деп элдин сынына кабылган. Кээ бир учурда кутурган карышкыр айылга түшүп, мал эмес адамдарга кол салган учурлар болгон.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-жылдан тарта "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG