Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:36

Коңшу өлкөдө кыргыздын улуттук буюмдары казактыкы деп таанылып, жергиликтүү ишкерлер киреше артынан ага көмөктөшүүдө.

Кыргыздын улуттук буюм-тайымдарын сатып жаткан дүкөндөрдөн "Кыргызстан" деген жазуусу менен кошо эле "Казакстан" деген сөздү жана казак тилинде жазылган аталыштарды көбүрөөк көрүүгө болот.

Жергиликтүү ишкерлер негизги кардар казак тараптан болгондуктан Казакстан деген аталышка басым жасап жатышканын ачык эле айтышты. Алардын бири - сувенир саткан дүкөндүн сатуучусу Саида Чолпонкулова:

- Кыргызстан менен Казакстан коӊшу өлкө болгон үчүн бул жерде сувенирлерди "Казакстан" деген жазуу менен кошо да чыгарабыз. "Кыргызстан" деген жазуу менен кандай буюмдар болсо, "Казакстан" деген жазуу менен да бар.

Саиданын дүкөнүндө калпак, улуттук оймолор менен тигилген же токулган кийимдерден тышкары Казакстан деген аталыш чегилген чынылар, табактар, желектер, сааттар жана башка буюмдар толтура.

Башка ушундай дүкөндөрдөн "Казакстан" деген жазуу жана бул өлкөнүн желеги тартылган калпакты жана жайкы баш кийимди таба аласыз.

Улуттук буюм-тайымдардын ордосу болгон "Кыял" бирикмесинде сатуучулар негедир аты-жөнүн ачык айткандан тайсалдашты. Бирок кардардын каалоосу мыйзамдуу экенин эске салышты:

- Бизге казактар "мындайды жасап бересиӊерби" деп келет. Анан канча даана кылып, кандай жасагыла десе, ошого карап жасайбыз да. Казактар өздөрү сатышат. Кыргыздар Казакстанга алып барат, таштап келишет же ортомчуларга сатышат.

Кээ бирлерге Казакстандан өздөрү келип заказ беришсе, "Айчүрөк" супермаркетинде баарлашкан ишкерлердин бири өзү Кыргызстанда саткан буюмдарды Казакстанга да алып барып өткөрөрүн айтты. Анын сөзүнө караганда, казак менен кыргыздын тили эле башка болбосо, оймо-чийме, буюм-тайымдары окшош келип, аралаш сата берсе болот.

Жогорку Кеӊештин депутаты Гүлнара Жамгырчиева бул көрүнүштү туура эмес деп баалады.

"Анткени ар бир мамлекет өзүнүн улуттук байлыктарын коргошу керек" деген ойдо элдин өкүлү.

- Сатканда ар бир өлкөнүн өзүнүн салт-санаасы бар, ошол өлкөнүн ичинде улуттук буюмдардын статусу бар, аныкы деп таанылышы керек. Белек катары сатып, алып кетсе, бул башка, ал эми өндүрүү максатында болсо, муну мен туура эмес деп эсептейм.

Кыргызстандын Бажы кызматынан улуттук буюмдарды чет өлкөгө чыгарууга тыйуу салган мыйзам болбогондуктан, ишкерлердин жолуна бөгөт коюлбасын белгилешти. Аталган мекеменин басма сөз катчысы Абдылда Малдыбаев мындай дейт:

- Каалаган учурда, каалаган жакта улуттук буюмдар, улуттук калпактар жана башка көп нерселер тизмеге кирбегендиктен Бажы кызматы эч кандай бөгөт коё албайт. Кыргыз Республикасынын Бажы кызматынан өтүп жатып, чек коюлбагандыктан биз экспортко тыйуу сала албайбыз жана экспортту колдойбуз деген түшүнүк берилет да.

Албетте, кирешеге бет алган адамды патриот бол деп үндөө кыйын болсо керек. Товары кайсы базарда тез өтүп, пайда алып келсе, ошол жерге ыкыс берет эмеспи.

Акчасы арбын Казакстан ишкерлери ал ортодо кыргыз менен казакка бирдей улуттук буюмдарды кыргыз коңшуларынан арзан сатып алып, кымбат өткөрүп бир пайда көрсө, Казакстандын улуттук буюму деп патент алып, дагы бир пайда көрүп жатканы эми жашыруун деле болбой калды.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG