Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:21

Борбор Азия өлкөлөрүндө майда улуттардын азыркы абалы кандай, алар өздөрү жашап жаткан өлкөнүн толук кандуу жараны деп эсептешеби? Бишкекте өтүп жаткан Борбор Азиядагы аз улуттардын укуктары жана алардын коомдук турмушка катышуусу тууралуу конференцияда ушул өңдүү суроолорго жооп издешти.

Кыргызстанда мамлекеттик кызматта иштегендердин 91 пайызын кыргыздар түзөт. Бул тууралуу этностук саясат жана Кыргызстан коомчулугун баш коштуруу концепциясын иштеп чыккан жумушчу топтун иликтөөсүндө белгиленген.

Ички иштер министрлигинде жалпы кызматкердин 92% ашууну кыргыздар. Жергиликтүү кеңештин депутаттарын алганда башка улуттун өкүлдөрү 10% түзөт.

"Башка жакка кетсемби..."

Кыргызстандагы “Дунган маданияты жана билим берүү” коомдук бирикмесинин директору Рашид Юсупов башка улуттардын мамлекеттик кызматтарга орношуусу кыйын экенин белгиледи.

- Биз өзүбүздү Кыргызстандын толук кандуу жараныбыз деп эсептейбиз. Бирок айрым жагдайлар бар. Мисалы, 2006-07-жылдары Искра айылындагы жана өткөн жылдагы улут аралык жаңжал адамдарды бир аз тынчсыздандырып, ойго салды. Мындай учурда "башка жакка кетсемби" дегендей маанай да жаралат.

Мен улутуна карабай чындап ушул өлкөнүн жараны деп сезиш үчүн тартип орнойт деп ишенем. Бул үчүн көп нерсе жасалыш керек. Биринчи кезекте экономиканы өнүктүрүш керек. Экономика өнүксө мамлекеттин, мамлекеттик кызматкерлердин мүмкүнчүлүгү көбүрөөк болот. Бул абдан актуалдуу маселе.

Кээде орустардан деле “эмнеге кетип атасың” деп сурасаң, “балдарымын келечеги жок, иштерман болсо деле мамлекеттик органдарга орношуу мүмкүнчүлүгү өтө аз” деп жооп беришет. Башкача айтканда улуттук азчылык арасында ушундай маанай бар.


Президенттик аппараттын этникалык, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара байланышуу бөлүмүнүн эксперти Заирбек Эргешев майда улуттарды мамлекеттик органдарга тартуунун башкы багыты – профессионалдуулук экенин белгилейт.

Анын айтымында, буга чейин кызматка алуулар кландык, үй-бүлөлүк башкаруу тартибинде жүргөндүктөн бир топ профессионал, мекенчил делген башка улуттун өкүлдөрү кызматка илешпей келген. Экинчиден, Эргешевдин белгилешинче, улуттук азчылыктын өкүлдөрү маянасы аз кызматтарда иштөөнү каалабайт.

- Профессионал болбосо деле бул башка улуттун өкүлү экен деп кызматка отургузуп койгон болбойт. Министрликте, облустук башкаруу тармактарында иштеп жаткандары көп. Ал эми күч органдарына башка улуттун өкүлдөрүн тартуу максатында Ошко Ички иштер, Коргоо министрликтеринин окуу жайы ачылууда. Бул концепцияда да белгиленген. Алардын көпчүлүгү мындай кызматтарга экономикалык жагдайларга байланыштуу барбайт. Анткени милициялардын айлыгы абдан аз. Экинчиден, милицияга алыш үчүн аскерге барып кызмат өтөш керек дегендей белгилүү талаптары бар.

Улуттук азчылыктын көптөгөн өкүлдөрү 20 жылдан бери армияга барган эмес. Аларды бөлүп карап, атайын квота берилип, система ушундай түзүлүп калган. Армияга барбаган адамдарды эле сен милицияга деп ала бериш туура эмес.


Кыйыр дискриминация

Тажикстандагы корейлер ассоциациясынын өкүлү Виктор Кимдин айтымында, СССРдин курамына кирген өлкөлөрдүн дээрлик бардыгында улуттук азчылык темасы актуалдуу болуп келүүдө. Алардын ичинен Прибалтика өлкөлөрү бул маселени эл аралык стандарттарга ылайыкташтырылып ишке ашырылган. Кимдин айтымында, Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Казакстан менен Кыргызстан бул маселени чечүүгө жакшыраак аракет кылууда.

- Бизде расмий түрдө “улуттук азчылык” деген терминди колдонбогонго, Конституцияда белгиленгендей бардыгыбыз Тажикстандын жараныбыз дегенге аракет кылышат.

Улуттук азчылар дискриминациясы – бул абдан аялуу, назик маселе болгондуктан бүт Борбор Азия бул тууралуу сүйлөгөндөн алыс болушат.

Кандай болгон күндө да көпчүлүк жана азчылык болгон жерде биз бирдей укуктар жөнүндө сүйлөй албайбыз. Башкача айтканда эгер түз дискриминация жок десек, анын кыйыр түрдө бар экенин белгилесек болот. Мындай көрүнүш Борбор Азия өлкөлөрүндө бар. Бирок биз муну саясат деп айта албайбыз.


Азыр да кеч эмес

Ал эми Казакстандагы өзбектер өздөрүн толук кандуу казакстандык деп эсептешээрин Түштүк Казакстандагы өзбек маданий борборунун жетекчиси Икрам Хашимжанов белгиледи.

- Казакстандагы жарым миллионго жакын өзбек калкы өзүбүздүн мекенибиз Казакстандын гүлдөп өнүгүүсүнө, келечегине салымыбызды кошушубуз керек. Биз толук кандуу казакстандык азаматтарбыз. Биз өзгөчө менталитеттүү өзбектербиз. Айыл округдарында акимдерибиз бар, облустук департаментте өзбек улутунун өкүлдөрү бар.

Көч бара-бара түзүлөт дейт. 1995-жылга чейин мектепти бүткөн балдарыбыз Өзбекстанга жогорку окуу жайга тапшырыш үчүн кетчү. Азыр Казакстанда калып өз мекенибизде интеграцияланып жатабыз. Бизде азыр мамлекеттик органдарда иштегендер аз.

Бирок бул үчүн мамлекетти эмес, өзүбүздү күнөөлөшүбүз керек. Анткени биз мезгилинде ошого көңүл бөлбөдүк. Биз баалуу кадр боло турган болсок мамлекеттик кызматка өтөбүз. Ошондой эле бардык өзбектер казак тилин жакшы билет.


Бишкекте улуттук азчылыктардын укуктарын жана алардын коомдук турмушка натыйжалуу катышуусун талкуулаган эки күндүк жыйынга Тажикстан менен Казакстандын Калктар ассемблеясынан, башка улуттун диаспораларынан онго жакын өкүлдөр катышууда. Жыйынга Өзбекстандан бир гана өкүл, тарых илимдеринин кандидаты Азиз Татыбаев катышууда.

Бүткүл Улуттар уюумунун аймактык борборунун жетекчисинин орун басары Феодор Климчук Кыргызстанда жогорку органдарда аз болсо да башка улуттун өкүлдөрү ийгиликтүү иштеп жатканын позитивдүү деп баалап жатат. Эми ал иштелип чыккан концепцияны аткаруу маанилүү экенин белгиледи.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG