Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:04

Кыргыз бийликтери өлкөдө жашаган бардык улуттардын укуктары тең болушун колдойт. Бул тууралуу Президенттик администрациянын этникалык өнүгүү жана диний саясат бөлүмүнүн башчысы, профессор Аблабек Асанканов “Азаттыкка” курган маегинде билдирди.

- Кыргыз бийлиги этникалык саясат багытында кандай саясатты карманат?

- Кыргыздар көп улуттуу, көп этностор жашаган өлкө. Этникалык саясат сөз жок болушу керек. Алардын кызыкчылыгын, талабын, мүдөөсүн эске албасак абдан кыйын болот. Июнь айындагы окуя ошону далилдебедиби.

Президенттик администрациясынын алдында атайын этникалык өнүгүү жана диний саясат бөлүмү пайда болду. Бул абдан жакшы жана өз убагында болду деп эсептейм. Бул да этникалык саясатка мамлекеттик көңүл буруусун далилдейт. Саясат деген эмне, бул бардык улутка укукту тең бөлүү, тең караштыруу.

- Этникалык азчылык деген сөздүн өзү эле бизге катуу тийип атат деген сөздөр да айтылууда?

- Этникалык азчылык каалайбызбы, каалабайбызбы бар. Мисалы дунгандар, корейлер жана башкалар. Бирок ошолорду кайра-кайра эле “этникалык азчылык” деп айта бергендин өзү кандайдыр бир ыңгайсыздыкка алып барат деген пикирин депутат Ирина Карамушкина айтып атат. Ошондуктан колдон келишинче, мүмкүн болушунча жалпы элдин, жарандын укугу жөнүндө сөз кылсак деген ойлор айтылууда. Бул туура деп ойлойм.

- Этникалык саясаттын көтөрүлүшү ансыз да жаралуу болуп турган улут аралык мамилени курчутат деген пикирди жаратпайбы?

- Жок, андай маселе жок деп эле ойлойм. Эл аралык уюмдар деле июнь айындагыдай, андан мурдагыдай окуялар болбосун деген эле пикирде болуп жатышат деп ойлойм. Алар деле жарандын укугун биринчи орунга коюп атат, улуттун укугун койбогула дегендей айтып жатышат.

- Ошол эле учурда “титулдук улут” деп белгиленип жатат. Анын канчалык зарылчылыгы бар?

- Менимче ушуну баса көрсөтүүнүн кереги жок деп ойлойм. Титулдук деген сайын башкаларга салыштырмалуу артыкчылык берген сыктуу түшүнүктү калтырышы мүмкүн. Бирок чынында кыргыз элинин өзү майда улуттардын абалында калып калган. Өзгөчө Совет мезгилинде экономикалык, социалдык жана башка жактан. Ал маселени көтөрсө эле кандайдыр бир улуттук маселени көтөрүп, артыкчылык бергендей болуп калып атат. Чындыгында андай эмес.

Кыргыз элинин өзү да улуттук азчылыктын абалында калып калган. Айылдарда жашап, жакырчылыкта, эң алыс аймактарда жашаган. Шаарларда өнөр жайлуу тармактарда башка улуттар иштеп турган. Элдин жашоо-турмуш деңгээлин караганда да бирдей болбой калган. Ошондуктан титулдук улутту көтөрүп, өзгөчө тили чоң маселе да, ошону көтөрөлү деген ой бар. Бирок жергиликтүү элге артыкчылык берүү өтө деле туура болбой калат.

- Сиз өзүңүз ушул бөлүмдү жетектеп турасыз. Бул багытта кандай саясат жүргүзүлөт?

- Саясат эң негизги бир эле принципте болушу керек да. Эң биринчи иретте элдин укугу бирдей болуш керек, бардыгы тең. Конституцияда ошондой жазылган. Кыргызда жакшы сөз бар “бооруңа тарт” деген. Кандайдыр бир башка жактан киши келсе, туугандар келсе, өгөй бала болсо бооруңа тарт деп коюшат. Буларды ошондой кылыш керек.

Булардын аң-сезиминде "мен кыргызстандыкмын" деген жарандык сезимди калыптандырыш керек. Орустар Орусияны, казактар Казакстанды, өзбектер Өзбекстанды карабай Бишкекти карап, “биз кыргызстандыкпыз, бул биздин мекенибиз, ушул жерде ынтымактуу болушубуз керек” дегендей улуттук аң-сезимди, идентификацияны калыптандырышыбыз керек. Биздин бөлүмдүн негизги максттарынын бири ушул.

- Анын механизмдери барбы? Кантип ишке ашырасыздар?

- Бардык жерде, турмушта, маданиятта, билим алууда, кызматта тең укуктуу болушу керек. Мына ушундай саясат болуш керек. Конституция эч кандай улуттардын укуктарын тепселеген жок.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG