Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:21

Эсенгул: Жакынкы келечекте НАТОго жакындообуз күмөндүү


Кыргызстандын лидери Роза Отунбаева жана НАТОнун баш катчысы Андерс Фог Расмуссен, Брюссел, 28-февраль, 2011-жыл.
Кыргызстандын лидери Роза Отунбаева жана НАТОнун баш катчысы Андерс Фог Расмуссен, Брюссел, 28-февраль, 2011-жыл.

Президент Роза Отунбаева Брюсселде НАТОнун баш катчысы Андерс Фог Расмуссен менен жолугушуп, кызматташтыкты кеңейтүү тууралуу сүйлөштү. Эл аралык мамилелер боюнча адис Чынара Эсенгул НАТО менен байланыш, өлкөнүн тышкы саясаты тууралуу "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.

“Азаттык”: Президент Роза Отунбаева Брюсселде НАТОнун баш катчысы менен жолугушуп, бул уюм менен кызматташтыкты өнүктүрүү маселеси тууралуу сунушун айтты. Кыргызстан 1994-жылдан бери Түндүк атлантикалык альянстын же НАТОнун "Тынчтык үчүн өнөктөштүк" программасына мүчө. Башында НАТО менен байланыш жакшы эле башталгандай болгону менен кийин солгундап кеткенин айтышат. Азыр өлкөнүн НАТО менен байланышын кандай баалайсыз?

Чынара Эсенгул: Менимче Кыргызстандын НАТО менен байланышы кызматташтык тууралуу документте кандай болсо, ошондой эле. Эми салыштырмалуу айта турган болсок, Орусия менен коопсуздук жаатында кызматташтыкка салыштырганда НАТОнун орду бизде абдан эле төмөн. Азыр президент Бельгияда Расмуссен мырза менен жолугушуп, “кызматташтыкты күчөтөлү” деп айтканы, бул мурда эле эки тараптуу кызматташтык программасында каралган маселе. Андыктан бул жерде мен эч кандай деле жаңылык көрө алган жокмун.

Баягы 1994-жылдан бери келаткан “Тынчтык үчүн өнөктөштүк” программасынын ичинде чек арадагы коопсуздук, террорго каршы иш-чаралар, жарандык коопсуздук сыяктуу маселелер ошондо эле көтөрүлгөн болчу. Кийин Ооганстанда НАТОнун аскерлерине жардам берүү максатында биздин “Манас” аба майданы колдонула баштабады беле. Ошол да НАТО менен кызматташтыктагы экинчи чоң багыт болуп калды.

Эми бул кызматташтыктын деңгээлин деле башка уюмдар менен салыштырып, көп же аз деп айта албайбыз. Келишимде көрсөтүлгөн нерселердин чегинде эле иштешип келатабыз. Мындайча айтканда, НАТО менен ымалабыз 1994-жылдан бери өрчүп кеткен жок.

“Азаттык”: Борбор Азия чөлкөмүндө НАТОну орусиячыл маалымат каражаттары бутага ала берип, бул уюм коомчулукта терс маанайды жаратып калгандай. Деги бул уюмду Кыргызстан мүчө болуп жүргөн Жамааттык коопсуздук келишим уюмунан айырмасы кандай? НАТО менен жакындашуу Кремль менен мамиленин бузулушуна алып келбейби?

Ч.Эсенгул: “Коомчулукта НАТОнун иштери терс маанайда кабыл алынат” деген ойлорго кошула албайм. Бирок андай маанай бар экени чындык. Эгер салыштырсак, биз Орусия баш болгон Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчөбүз, НАТОго мүчө эмеспиз. Курамына Кытай да кирген Шанхай кызматташтык уюмуна мүчөбүз. Эгер ушул уюмдар жана НАТО менен болгон кызматташтыкты салыштырсак, НАТОнун бизге карата жоопкерчилик деңгээли төмөн. Биздин да НАТОго катышкан программабыз анчалык жоопкерчиликти мойнубузга илбейт. Ошондуктан НАТО менен ушул келишим аркылуу кызматташтыгыбызды уланта бере турган болсок, Кремлге же Бээжинге эч кандай коркунуч жаратпайт. Мындай иштешүүдөн алар чочулабайт.

“Азаттык”: Эгер мамиле тереңдеп, “НАТОго мүчө болобуз” деген кеп сөздөр айтыла баштасачы? Маселен убагында биздей эле Советтер союзунун курамында болгон Грузия азыр НАТОго умтулуп, өз аскерлерин НАТОнун талаптарына келтирип атат. Ушул жаатта мамилелер тереңдей баштаса жагдай кандай өзгөрүшү мүмкүн?

Ч.Эсенгул: Эгер ушундай багытта тереңдей баштаса, анда талдообуз да башкача болот. Бирок мен азырынча андай маанайды көргөн жокмун. Биздин соңку тышкы саясатыбызды деле талдап көрсөк, баягы эле Орусия стратегиялык жактан эң башкы мамлекет болуп атат. Грузия болсо НАТОго мүчө болууга ниети, пландары бар экенин тастыктаган. Грузия КМШдан чыгып кетти. Ошондуктан Грузия НАТОго мүчө болгонго, алардын стандарттарына туура келгенге аракет кылып атат.

Кыргызстан жакынкы келечекте мындай кадамдарга барышы күмөндүү. Андай болбойт го деп ойлойм. Анткени биз ЖККУда, ШКУда активдүү болуп атабыз. Азыр биздин тышкы саясатта күчтөрдүн тең салмактуулугун кармаганга аракет кылган саясат болуп турат.

“Азаттык”: Ушул көп багыттуу саясатты, тең салмактуулуктуу сактоо саясатын кандай баалайсыз? 20 жылдан бери “Кыргызстанда күчтөрдүн тең салмактуулугун сакталышы керек” деген тышкы саясат жүрүп келди. Бирок Кыргызстанда иш жүзүндө бир аз башкачараак. Талдоочулар көбүрөөк Орусияга ыктаган саясат жүрүп келерин айтышат. Тышкы саясатта негизги күчтөр менен алакалар кандай болушу керек?

Ч.Эсенгул: Башка Кыргызстанга окшогон кичинекей мамлекеттердин тышкы саясатын карап көрсөк, негизинен күчтөрдүн тең салмактуулугун издегенге аракет кылышат. Башка жол жок, андай мамлекеттер үчүн ошол эле калат. Мүмкүнчүлүк боло калганда жигердүү кызматташтыкка барып, батыш болобу, чыгыш болобу, эң башкысы Кыргызстан үчүн пайдалуу кызматташууларга барыш керек. Менимче мындай көп багыттуулук табигый ресурстары аз Кыргызстан үчүн туура эле. Бирок ар бир нерсенин чеги болот. Кийинки убакта “тышкы саясат” деп баарына макул боло берип, туура эмес, багыты жок саясат жүргүзүп атабызбы деген ойлор бар.

Азыр бизди Кытайдын абдан күчтөнүп келатканы ойлонтуп атат. Мисалы, Орусия же Батыш (АКШ) деп, эки багыт тууралуу сөз болчу. Эми бул жакка Кытай кошулуп атат. Экономикадан тышкары Кытайдын саясатчылары өздөрүнүн жаңы саясий программаларын баштаган турушат окшойт. Андыктан муну да эске алуубуз керек. Ошондуктан тышкы саясатты мурдагыдай эле көп багыттуу абалда улантып, бирок стратегиялык өнөктөштөргө системалуу түрдө мамиле кылыш керек.

Чыныгы кадамдарды белгилеш керек. Мисалы, Бакиевдин кеткенин да ушуга байланыштырып атышпайбы. “АКШнын базасын чыгарабыз деп Орусияга барып, Орусиядан болбой калганда Кытайга барып, аягында ушул болду” деген кептер бекер чыккан жок да. Ошондуктан тышкы саясатты системалуу түрдө жүргүзүү керек.

“Азаттык”: Рахмат.

XS
SM
MD
LG