Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:33

НАТО Кыргызстанга транзиттик жүк ташууну жандантуу боюнча кайрылды. Бирок мамлекет ага расмий жооп кайтара элек.

НАТО Кыргызстанга транзиттик жүк ташууну жандантуу боюнча кайрылганын бул уюмдун Борбор Азиядагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Александр Винников 4-майда Бишкекте маалымат жыйында билдирди.

Александр Винниковдун билдиришинче, Кыргызстан аркылуу транзиттик жүктөрдү ташууну жандантуу тууралуу НАТО расмий Бишкекке былтыр жыл этегенде эле кайрылган. Анда уюмдун жаңы аскерий эмес миссиясынын алкагында жүк ташуу зарылдыгы бардыгы айтылган жана өнөктөштөрдөн колдоону суранган:

- Кыргызстан жана Борбор Азиядагы башка мамлекеттер, ошондой эле Орусия өз аймагы аркылуу жүк ташып өтүүгө мүмкүндүк берип, бир топ жылдар бою Ооганстандагы эл аралык күчтөргө жардам берип келди. Биз ушул жылдан тартып Ооганстанда “Чечкиндүү колдоо” деген жаңы миссияны баштадык. Бул аскердик миссия эмес. Бул миссия ооган коопсуздук күчтөрүн окутуу, кеңеш жана башка жардамдарды берүүгө багытталган. Бул миссиянын алкагында жүк ташуу зарылдыгы бар. Ошондуктан биздин буга чейинки өнөктөштөрүбүзгө транзиттик жүк боюнча мурдагы келишимди узартуу же жаңы келишим түзүү боюнча кайрылдык. Бул өтүнүч азыр каралып жатат. Биз оң жооп болот деп үмүттөнөбүз.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Нурлан Сүйөркулов бул сунуш учурда каралып жатканын тастыктады:

- Жүк ташуу боюнча протокол азыр каралып жатат. Бул протоколду өкмөткө киргизген, ушул боюнча жооптуу министрлик – бул биздин Транспорт министрлиги.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук кызматынын антиреррордук борборунун мурунку башчысы, генерал Марат Иманкуловдун ​пикиринде, НАТОнун жүктөрүн Кыргызстан аркылуу ташуунун өтө деле зарылдыгы жок. Бирок эл аралык жана коопсуздук үчүн маанилүү боло турган болсо, бийлик кылдат чечим кабыл алышы зарыл дейт ал:

- Негизи алардын жүк ташый турган башка жолдору деле толтура. Өзбекстан, Тажикстан аркылуу ташыса, түз эле Ооганстанга өтүп барат. Эгер жүк ташуу жанданса, биздин өнөктөш мамлекеттер менен пикир келишпестик пайда болбойбу деп жетекчилер жакшылап ойлонушу керек. Эгер бул эл аралык, анын ичинде өзүбүздүн коопсуздугубуз үчүн маанилүү болсо анда муну да ойлонуу кажет. Бирок түз сүйлөшүп, түз чечкенден өтөрү жок. Буга чейинкидей Транзиттик борборго күйүүчү май ташып, ошондон дивиденд алабыз дегендей чолок ой, тар кызыкчылык болбошу керек. Мамлекеттик кызыкчылык тар кызыкчылыктын көлөкөсүндө калбашы зарыл. Ошондуктан чет өлкө, анын ичинде АКШ менен ачык сүйлөшүү абзел.

Саясат талдоочу Эмил Жураев Кыргызстан транзиттик жүк ташуу боюнча келишимден баш тартпашы керек деп эсептейт. Анын баамында, бул тышкы саясатка кедергисин тийгизбейт: ​

- Эч кимдин геосаясий жана башка кызыкчылыгына каршы келбейт деп ойлойм. Албетте бул жерде ЖККУ бар, Москванын реакциясы кандай болот деген маселе бар. Бирок азыр сөз болуп жаткан кызматташуу Орусиянын өзүн деле камтып кетет. Эл аралык мамилелерден улам Кыргызстан бул кызматташууга барышы керек жана өзүнө пайдалуу деп ойлойм. Айрыкча Евразиялык экономикалык биримдикке киргендеги, "Манастагы" транзиттик борборду чыгаргандан кийинки кырдаалда, тышкы саясатыбыз бир багытуу болуп калды деген доомат айтылып жаткан чакта бул кызматташуу керек. Бул биз үчүн дагы бир эшиктин ачылышы, дагы бир мүмкүнчүлүк.

"Манас" аба майданындагы АКШнын Транзиттик жүк ташуучу борбору боюнча эки тараптуу келишимдин мөөнөтү былтыр аяктаган. Бул база бир канча жылдар бою кыргыз бийликтеринин геосаясий "баш оорусуна" айланып келген. Базанын калышы өлкө үчүн опурталдуу деген жүйө менен эң ириде президент Алмазбек Атамбаев каршы чыккан болчу.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG