Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:35

НАТО күчтөрү Кыргызстан аркылуу жүк ташыйбы?


Ооганстандын Гильмент провинциясында жүк тартып бараткан НАТО күчтөрү.
Ооганстандын Гильмент провинциясында жүк тартып бараткан НАТО күчтөрү.

16-февралда Жогорку Кеңештин комитетинде тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев өткөн жылдагы тышкы саясат тууралуу баяндама жасаган. Анын учурунда Ооганстандагы “Чечкиндүү колдоо” аттуу жаңы операция үчүн Кыргызстан аркылуу жүк ташууга НАТО уруксат сурап кайрылганы айтылган.

Бирок Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы бул маселеге тактык киргизүүдөн баш тартууда.

НАТО быйылкы жылдын башынан бери Ооганстанда жаңы миссиясын баштаган. Ал “Чечкиндүү колдоо” деп аталат. НАТОнун расмий сайтынын маалымдоосуна караганда, бул миссиянын алкагында Ооганстанда 12 миң аскер болот. Алардын негизги милдети Ооганстандын коопсуздук күчтөрүн машыктыруу жана үйрөтүү.

Эки жылга созула турган бул долбоордун алкагында Кыргызстандын аймагынан да жүк ташууга уруксат суралганы кабарланууда. 16-февралда Жогорку Кеңештин эл аралык иштер боюнча комитетинде тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев 2014-жылдагы тышкы саясат боюнча баяндама жасап жаткан учурда НАТОдон Кыргызстан аркылуу жүк ташууга уруксат суралганын айтып өткөн. Муну Жогорку Кеңештин эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Каныбек Иманалиев тастыктады. Бирок расмий түрдөгү кайрылуу комитетке келе элек дейт Иманалиев:

Жогорку Кеңеш депутаты Каныбек Иманалиев
Жогорку Кеңеш депутаты Каныбек Иманалиев

- Бизге расмий кайрылуу келип түшкөн жок. (Министр) жалпы сөздө айтып кетти. Бирок комитетке кайрылуу келип түшө элек.

Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Турдакун Сыдыков Жогорку Кеңештин комитетинде НАТОнун кайрылуусу жөнүндө сөз болгон эмес деп, бирок андай кайрылуу Кыргызстанга келип түшкөнбү деген суроого комментарий бере албасын билдирди:

- Мен ал жөнүндө комментарий бере албайм. Анткени тиги-бул сөз болбогондон кийин аны тастыктап айта албайм.

Эрлан Абдылдаевге шилтеме жасап жергиликтүү маалымат каражаттарынын жазганына караганда, Кыргызстан аркылуу Ооганстанга НАТОнун жүгүн ташууга уруксат берүү маселеси 10-январда Бишкекте министрликтердин өз ара кеңешмесинде талкууланып, ал үчүн 2012-жылкы Чикагодо кол коюлган протоколго кошумча киргизүү чечими жактырылган.

Кыргызстан жүк ташуучулар бирикмесинин башчысы Темирбек Шабданалиевдин айтымында, өткөн жылы "Манастан" база чыгарылгандан кийин америкалыктар таарынып, Кыргызстан аркылуу жүк ташууну токтотуп койгон. Жүктү алар жалаң Өзбекстан аркылуу ташып калышкан

Эми Кыргызстан аркылуу жүк ташуу ниетин билдирсе, ал кубаттоого аларлык дейт Шабданалиев:

Ош облусунун Алай районунда Тажикстанга жүк тартып бараткан оор унаа.
Ош облусунун Алай районунда Тажикстанга жүк тартып бараткан оор унаа.

- Америкалыктар келебиз, жүк ташыйбыз десе, абдан жакшы болот. Экономикага дагы абдан чоң салым болот. Себеби жүк ташуунун тегерегинде көп кызматтар пайда болуп, жумуш орундар түзүлөт. Мисалы, күйүүчү май куюшат, унааларын оңдотушат, мейманканаларда жатышат, тамак ичет. Жалпысынан жол инфраструктурасы иштей баштайт.

Темирбек Шабданалиевдин айтымында, кыргызстандык айдоочулар 2010-жылдан кийин Ооганстанга жүк ташууга активдүү киришип, 2014-жылы "Манастан" база чыкканга чейин иштешкен. Алар Ооганстанга негизинен кийим-кече, курулуш материалдарын, азык-түлүк ташыган.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевдин айтымында, "Манастан" Транзиттик борбордун чыгарылышы Кыргызстан менен АКШ ортосундагы саясий диалогдун кыскарышына алып келди. Андан чыгуунун жолдору каралып жатат.

Кыргызстандын атайын кызматтарынын генералы Марат Иманкулов НАТОнун жүктөрүн өзүнүн аймагынан ташып өтүүгө Орусия, Өзбекстан, бардык эле өлкөлөр уруксат бергенин айтып, эгерде туруктуу база куруу жөнүндө сөз болбосо, анда транзиттин зыяны жок дейт:

Марат Иманкулов
Марат Иманкулов

- Транзитке бардык мамлекеттер уруксат берип жатпайбы. Орусия деле убагында Ульяновск аркылуу транзитке уруксат берген. Транзиттен эч нерсе деле жок. Анан алар биздин жолдорду пайдаланган үчүн төлөп беришет болуп керек.

Марат Иманкуловдун айтымында, эгерде Кыргызстан аймагында туруктуу же убактылуу база куруу жөнүндө сунуш болсо, анда катуу ойлонууну талап кылган нерсе.

Мурунку жылдары НАТО Бишкекке темир жол жана учактар менен өзүнүн жүгүн алып келип, Бишкектен Ошко, андан ары Тажикстан аркылуу Ооганстанга автоунаалар менен ташып турган.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG