Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:00

Кыргызстанда токойчулар Токой чарба агенттигинин жоюлушуна каршы чыгууда. Алар бул агенттиктин ордуна акционердик коом түзүлсө, токойлор жеке менчикке өтүп, жапырт кыйылат деп кабатыр.

Өкмөт болсо муну мамлекеттин чыгымдарын азайтып, чакан өкмөт куруу жүйөсү менен түшүндүрүүдө.

Токойчулар өкмөттүн токой чарба агенттигин жоюп, анын ордуна акционердик коом түзүү демилгесин мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келет деп баалап жатышат. Мындан улам алар борборго чогулуп, өкмөттүн бул чечимине каршы резолюция кабыл алышты.

Өкмөттүн алдындагы Токой чарба жана жаратылышты коргоо агенттигинин коомдук байкоочу кеңешинин төрагасы Кайрат Молдошевдин айтымында, бул агенттикти жоюп, жеке ишкана куруу өлкөдөгү токойлордун жапырт кыйылышына алып келет:

- Токой чарбалык функциялары бар. Анын азыр реформанын негизинде "Кыргыз Токой" жана "Кыргыз Мерген" деген акционердик коом түзүп бөлүүнү каалап жатышат. Муну бөлбөш керек. Мындай жол менен Кыргызстандын табигый ресурстарын акционердик коомдордун колуна берип, жеке менчикке алууну каалап жатышат. Мисалы, 51 пайыз өкмөттүкү, 49 пайыз акча берген акционерлердики деп биздин бийликке келгендер бөлүүгө баратат. Анан менчикке айландырып, токойду сатканы жатышат.

Токойчулардын жүйөсүндө, токойлорду мамлекеттин көзөмөлүнөн чыгарып, жеке менчикке берүү чечимин бул тармакта пайдага туйтунууну каалаган чиновниктер ойлоп табышууда. Ошондуктан алар жөнсүз реформа убагында токтотулбаса, көпчүлүк токойлор кыйылып кетээрин эскертип жатышат.

Бул тууралуу Өзгөн райондук токой чарбасынын башчысы Раимжан Кадыркулов:

- Тарыхта мындай учурлар болгон. Мисалы, колхоз-совхоз, завод-фабрикалардын баарын менчикке берилип кетип, таланып, түп тамырынан бери жок болду. Биз ага даяр эмеспиз. Биз мамлекеттин карамагында гана калышыбыз керек. Жеке менчиктин эч кандай кереги жок.

Кыргыз өкмөтү январь айында өкмөттүн курамындагы бир катар түзүмдөрдү кыскартууну сунуштаган. Муну өкмөттөгү артыкбаш органдарды жоюп, ашыкча чыгымдарды азайтуу себеби менен түшүндүргөн. Ага ылайык, Токой чарба агенттиги да кыскартуунун капшабына илинип, реформанын экинчи баскычында бир катар өзгөрүүлөр болоору айтылган.

Өкмөттөгү кыскартуу боюнча топту жетектеген Экономика жана монополияга каршы саясат министри Темир Сариев бир ай мурдараак өкмөт түзүмүн караган жыйында буларды айткан:

- Азыр Жаратылышты коргоо жана токой чарба боюнча агенттик түзүлүп жатат. Бирок реформанын экинчи этабында ушул агенттиктин ичинен токой чарбасын өзүнчө акционердик коом кылып бөлүп, мамлекеттик чарба түзүлөт да өз алдынча иштейт. Ошонун ичинде өзүнчө мамлекеттик “Кыргыз Мерген” деген мергенчилик боюнча мамлекеттик мекеме түзүлөт.
Колхоз-совхоз, завод-фабрикалардын баарын менчикке берилип кетип, таланып, түп тамырынан бери жок болду. Биз ага даяр эмеспиз.

Министр Сариевдин кийинчирээк “Азаттыкка” билдиришинче, Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттиги жоюлбайт. Болгону анын көзөмөл жүргүзүү функциясы Мамлекеттик экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясына өтөт. Муну министр бир эле мекеменин чарбалык иштерди жүргүзүп да, ошол иштин жүрүшүн көзөмөлдөөдөн арылтуу үчүн жасалган кадам катары түшүндүрүүдө.

Бирок өкмөт мамлекеттик чыгымдарды азайтып, чакан өкмөт куруу шылтоосу менен айрым учурларда аша чаап кеткенин айткандар бар. Жаратылышты коргоо жана токой чарба агенттигинин мурдагы төрагасы Топчубек Тургуналиев стратегиялык мааниси бар тармактын макамын көтөрүүнү сунуштоодо:

- "Башкасын коюп «Манасты» айт" дегендей, табиятыбызды сактап калалы десек, токой чарбасы боюнча агенттик эмес, комитет кылып макамын көтөрүү керек. Аны акционердик коом дегенде эле бүттү, анда бүт баарын талкалайбыз. Ошондуктан муну мамлекеттик колунда кармап туруш керек.

Кыргызстандын жалпы аянтынын 5 пайызга жакынын токойлор түзөт. Бул токойлордун көпчүлүк бөлүгү карагай, арча жана жаңгак токойлору. Токойлордун эсебинен мамлекеттик казынага жылына 100 миллион сомго жакын киреше түшөт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG