Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:47

Кыргызстандагы бир катар басылмалар айрым төбөсү көрүнгөн генералдар туут маалында кайберендерге аңчылык кылган деген маалыматты жазып чыгышты.

Бирок гезит бетинде негизги каарман катары сыпатталган генерал-саясатчылар муну куру доомат катары баалашып, маалыматты жайылткан тиешелүү басылманы сотко бере тургандыгын жарыялашты.

“Жаңы Ордо” гезити жарыялаган Жогорку Кеңештин депутаты Феликс Кулов, саясатчы Өмүрбек Суваналиев жана паспорт басып чыгарган “Интел Линкс” фирмасынын башчысы Дмитрий Цой Үзөңгү-Кууш аймагына аң уулоого чыкканы тууралуу макаланы жергиликтүү маалымат агенттиктери ошол замат көчүрүп басышты. “Жаңы Ордонун” макаласында аталган ишмерлер Жети-Өгүздөгү “Кара-Сай” чек ара өткөрмө бекетинен өтүшүп, тоо эчки жана аркар уулашкандыгы жазылган.

Ысык-Көл чек ара отрядынын командири Жолдошбек Сариев бул адамдар быйыл 9-мартта аталган чек ара тилкесинде болушканын тастыктап, бирок алардын аңчылык кылышканынан кабары жоктугун “Азаттыкка” билдирди:

- Мына ошол кишилердин коштоосунда аталган депутаттын чек ара тилкесине өткөнү чын. Бирок алар кандай максатта барышканынан кабарым жок. Анткени биз аларды текшере албайбыз. Алар мына ошол жакка киргенден кийин биз алардын артынан аңдып барууга акыбыз жок. Ошондуктан алар аңчылык кылганбы, же жокпу билбейбиз. Себеби биз мыйзам боюнча депутаттан "бул жакка эмнеге келатасыңар" деп сурай албайбыз.

Аркар жоголуп бараткан кайберен катары Кызыл китепке киргизилген. Кыргызстандын мыйзамдары туут маалында тоо эчкилерин атууга тыйуу салып, ал үчүн кылмыш жоопкерчилигин караган.

Феликс Кулов “АкиПресс” агенттигине курган маегинде март айынын башында аталган кыштоого барганын ырастаган. Бирок аң уулоо боюнча гезит чындыкка коошпогон маалымат таратканын, өзү карышкыр менен кашкулакка аңчылык кылганын белгилеген.

Аны менен бирге аң уулоого чыккан генерал Өмүрбек Суваналиев Куловдун айткандарын бышыктады:

- Биз мергенчиликке чыгабыз. Бирок биз карышкыр атканы гана барабыз. Туут убагында кайберендерге аңчылыкка чыгып, аларды атат деген бул болбогон сөз. Анткени кайберендин каргышы болот. Биздин достордун бир нече аймакта базалары бар. Биз ошол жакка барып, карышкыр атканбыз. Биз карышкырдан башка аңчылыкка деле чыкпайбыз. Браконьерлерге биз өзүбүз жол бербейбиз. Анан ошонун бардыгын билип туруп, биз өзүбүз аңчылыкка чыкмак белек?

Кайберендер үчүн кыш оор болду

Быйылкы оор кыш кайберендердин турмушуна да таасирин тийгизди. Бийик тоо кыркаларынан кийиктер ойго түшүп, тоют издөөгө аргасыз болушкан. Карышкырлар менен адамдардын колунан канча кайберен жок болгонун эсептөө мүмкүн эместигин жергиликтүүлөр кеп кылышууда. Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунун тургуну Алтынбек Чуңгушев:

- Быйыл тоолордун башына кар улуу түшүп, чөп тээп жей албай калган кайберендер ылдый түшкөн учурда алардын көбүн карышкырлар кырып салды. Анан биздин “адам – карышкылар” аңчылыкка барышып, түзөңгө түшүп келген кайберендерди атканды оңой көрүп жатышпайбы. Бир жагынан карышкырлар, экинчи жагынан адамдар жанын койбой, көп кайберен кырылып кетти. Аңчылыкка карапайым мергенчилерден сырткары ар кандай деңгээлдеги чоңдор жашыруун барып, кайберенге ууга чыгып жүрүшөт.

Кыргызстанда эл аралык аңчылык жүргүзүүдөн түшкөн кирешенин эсебинен кышында кайберендерге жем-чөп чачып кароо үчүн жылына сегиз миллион сомдон ашуун каражат бөлүнөт. Бирок аталган сумма 14,4 миллион гектар аймактагы аңчылык чарбалары үчүн жетишсиз деп эсептейт Айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин байкоочу кеңешинин мүчөсү Кайрат Молдошев:

- Биздин мамлекет мына ошол жапайы жаныбарларды кырууга жол бербеш керек болчу. Андыктан мамлекеттен жетиштүү акча бөлүнүүгө тийиш. Бирок биздин мамлекеттин мына ошол жаратылышты коргоого болгон мамилесин бөлгөн акчасынан байкаса болот. Жылына бюджеттин 0,1% гана айлана-чөйрөнү коргоого багытталып жатат. Мына ушундай шартта кандай маселе койсо болот?

Кыргызстанда бай адамдардын жана саясатчылардын аң уулоосу элиталык эс алуу түрү катары эсептелет. Кимдин канча аркар, кулжа же тоо теке атканын мактанып айтып жүрүшөт. Мына ошонун айынан 2000-жылы туут маалы саналган март айында Нарындын кыштоосунда тик учак менен кайберендерге аң уулап чыккан мергенчилер кырсыкка учураган. Алардын арасында ошол кездеги Жогорку Кеңештин депутаты, маркум Эркинбек Матыев да болгон.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG