Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:30

Ушул аптада Кыргызстанда экологияны коргоо жаатында бир катар иш-чаралар өтүүдө. Калктын экологиялык аң-сезими, жаратылышка аяр мамиле жасоо сезими кандай?

"Арай көз чарай" талкуусуна геоботаник, эколог Алмагүл Кендирбаева, Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти, академик, эколог Биймурза Токторалиев жана жаш активист Миррахим Токтогулов катышты.

“Азаттык”: Негизи экология деген чоң түшүнүк, аба, суу, тоо-таш, мөңгү, бак-дарактар, фауна, флора... Мисалы, кечээ эле озон катмары боюнча талкуу болду. Булардын ар биринде чоң проблемалар, айта турган чоң сөз жатат. Биз бүгүн калктын экологиялык аң-сезими тууралуу азын-оолак сөз кылсак деп чечтик. Негизи эле калктын жаратылышка аяр мамиле жасоо сезимин кандай баалайсыздар?

Биймурза Токторалиев: Бүгүнкү мезгилде айлана-чөйрөнү коргоо, экология багытында бир топ иштер жүргүзүлүп жатат. Ошол эле учурда Советтер союзу урагандан кийин экономикалык тартыштык болуп, биринчи кезекте акча табуу, анан жаратылышка кол салуу маселеси чыгып, 20 жылдын ичинде өзүнүн негативдүү жагын көрсөттү.

Экологияны бул озон, бул башка деп бөлүп кароого болбойт. Жер планетасында кийин тиричилик болобу же жокпу, жаңы технология деген менен ал да өзүнүн терс жактарын көрсөтүп жатат. Ошолордун бири - пластикалык бөтөлкөлөр. Жалаң эле үй-бүлөдө эмес, жогорку окуу жайларда да окутуп жатабыз.

Азыр жаратылышты коргоо жаатында каалагандай деңгээлге жете элекпиз. Муну моюнга алыш керек. Алдыда чече турган бир топ актуалдуу маселелер бар.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:



Алмагүл Кендирбаева: Союз таркап кеткенден кийин Кыргызстан калкынын табиятка жасаган мамилеси өтө начарлап кетти. Союз учурунда шаарыбыз жаркырап турчу, айлана-чөйрө да таза эле.

Мени кубанткан бир нерсе болду, быйыл Чоң-Алайга экспедицияга барганда чоңалайлыктар журтуна эч таштанды калтырбайт экен. Жайлоодо таптаза журтту көрүп абдан сүйүндүм.

Кыргызстандын башка бөлүктөрүнө баралы, Ак-Суудагы Арашанбы же Ала-Арча коктусу болобу, барсаң эле көңүл иренжиткен акыр-чикир. Таштанды болгон жерге эч кимдин жологусу келбейт. Эс алууга баргандар артынан жыйнап кетпей, булгашат.

Экологиялык аң-сезимибиз начар. Муну заманга шылтап болбойт. Бул тарбиядан. Бала бакча, мектеп, жогорку окуу жайларда да ушул багытта иш жүргүзүү керек. Маалымат каражаттары аркылуу маалымат берүү зарыл. Калктын бир жагынан сабатсыздыгы, экинчи жагынан маданиятсыздыгы, көңүл коштугу, өзүн да, өзгөнү да сыйлабастыгы курчап турган чөйрөгө зыян келтирүүдө.

Миррахим Токтогулов: Мени бир нерсе таң калтырат. Илгери эле жаратылыш менен шайкеш жашаган кыргыздарды билебиз да. Ата-бабаларбыз “Чөптү кордосоң көзгө зыян” деп ар бир жүрүм-турумунда, макал, насааттарында айтып, жаратылышты коргоого үндөгөн. Ал тургай “шамалды сөкпө” деп айтышкан.

Отурган журтту да таза сакташкан. Азыр табиятка болгон мамиле түп орду менен өзгөргөн. Мен көйгөйдү деле көп айткым келбейт. Азыр жеке эле шаарда эмес, айылда да ушул көрүнүш. Баары кайдыгерликтен жана түшүнүктөн. Экологдорду күнөөлөйбүзбү, мамлекетти күнөөлөйбүзбү – бул адамдын өзүнөн. Адам өзү адам болушу керек. Экологиялык тарбия жакшы болбой жатат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG