Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:31

Эгемендиктин 24 жылдыгына карата этностор аралык ымаланы бекемдөө максатында жазылган “Ой гүлбагы” аттуу китеп жарык көргөнү турат. Анда негизинен кыргыздар менен өзбектер ортосундагы достукту чыңдоого арналган баяндар камтылган.

Китептин автору, коомдук ишмер, жазуучу Бегижан Ахмедов “Азаттыкка” ой бөлүштү.

“Азаттык”: Бир ай аралыгында окурмандарга сунуштайын деп турган “Ой гүлбагы” китебиңизде кимдер тууралуу окуй алабыз?

Ахмедов: Бул китебим Кыргызстанда XI кылымдан бери жашаган, эмгектенген кыргыз жана өзбек улутундагы ойчулар, акын-жазуучулар жана мамлекеттик ишмерлер тууралуу болот.

Кыргызстанга гана эмес, бүт Борбор Азияга, Түркияга жана араб мамлекеттерине таанымал кишилер жөнүндө баяндайм. Аларды өз кезинде коом урматтаган. Мен алардын өмүр баянын же чыгармаларын топтоп, элге маалымдап коюу менен чектелбей, эки элдин ымаласын бекемдөөгө кошкон салымын фактылар менен жаздым.

“Азаттык”: Каармандарыңыздын арасында кимдер бар?

Ахмедов: Негизи, отуздан ашуун адам тууралуу жазып жатам. Жусуп Баласагын, Кетбука, Сиражиддин ал-Оший, Калыгул, Алыкул Осмонов, Ал-Сарахсий, Чыңгыз Айтматов, Муганний жана башка кишилер бар. Максатым алардын канча китеп жазганын санап берүү эмес. Аларды мактап, көккө көтөрүүнү да ниет кылган эмесмин. Болгону үлгүлүү иштерин жарыялоону чечтим. Аны окуган адамда достукту, ынтымакты бекемдөө аракети жанданса деп каалайм. Улуу кишилердин жасагандарын окуган киши андан эргүү алып, мамлекетти көтөрүүгө өз салымын кошууга аракет кылып калабы деген ой бар.

1990, 2010-жылкы окуялардын чыгышына эки элдин байыркы достугу жаштарга жакшы жетпей калганы себеп болгон. Кыргызстанда жашаган улуттардын саны боюнча кыргыздар жана өзбектер көпчүлүктү түзөт эмеспи. Демек, ынтымагыбыз бекем болушу кажет.

“Азаттык”: Китеп кайсыл тилде болот?

Ахмедов: Эки тилде жарык көрөт. Кыргызча аталышы “Ой гүлбагы”, өзбекчеси “Тафаккур бустони”. Азырынча миң нускадан чыгарууну пландаштырып жатам. Мүмкүнчүлүк болуп калса, 2000ден чыгарам.

Баса, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчилигине китеп чыгаруу оюмду айтсам, колдоого алышты.

“Азаттык”: Бирок азыр адамдар китептен алыстап, электрондук каражаттарга көбүрөөк ыктай баштаган. Мындай шартта эмгегиңизди элге жеткирүү кыйынчылык туудурбайбы?

Ахмедов: Быйыл март айында “Гүл жыттанган көңүлдөр” деп аталган китебимди чыгаргам. Азыркы эмгегимдин биринчи бөлүгү деп айтсак болот. XVII-XX кылымдарда Кыргызстанда жашаган мамлекеттик ишмерлердин үлгүлүү иштерин жазгам. Кызыккандар эки ай аралыгында алып кетишти. Ошондо бир таанышым “адамдар китеп окууга кызыкпай койгон жок, азыр эл кызыккан китептер аз жазылып жатат”,- деп айткан эле. Чынында деле ушундай деп ойлойм.

Биринчи китебимдеги бир каарман тууралуу айтып берейин. Ошто Салахиддин Сахиб аттуу өзбек киши жашаган. Анын улутуна эмне үчүн басым жасап жатканымдын да себеби бар. Ал Курманжан Датканын жакын кеңешчиси болгон. Керек учурда датка ага саясий жактан да, материалдык жактан да колдоо көрсөткөн. Ал эми Салахиддин Сахиб диний лидер катары датка энебиздин саясатын элге жайылтууга салым кошкон. Ушундай кызыктуу кишилер жашаган, бирок аны жаңы муун жакшы билбейт.

“Азаттык”: Китебиңиз сатыкка чыгабы?

Ахмедов: Акысыз таратам. Мектептерге, окуу жайларга берем. Каалоочулар өзүмдөн да алса болот.

“Азаттык”: Андан сизге кандай пайда?

Ахмедов: Улут аралык ымала бекемделсе, ошол мага пайда. Эки эл бири биринин тарыхындагы үлгүлүү кишилерди билсе, мурда кандай ынтымакта жашаганы тууралуу маалымат алса, аны окуп достук бекемделсе, мен максатыма жеткен болом.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG