Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:09

Бишкек мэриясына мурдагы бала бакча имараты кайтарылды


Бишкек шаарынын Свердлов райондук акимчилиги жеке колго өтүп кеткен балдар бакчасы боюнча соттошуп, имаратты өз карамагына кайтарды. Мэриянын басма сөз кызматы кабарлагандай, мурдагы балдар бакчасынын имаратында учурда жеке ишкана жайгашып, арак-шарап продукцияларынын капкактарын чыгарып келген.

2000-жылга чейин бул имаратта 140 орундуу балдар бакчасы болгон.

Бишкектин райондор аралык соту “Красный строитель” кичи райондунда жайгашкан балдар бакчасынын сатылышын мыйзамсыз деп тапты.

Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаттары өлкөдөгү жеке колго өтүп кеткен балдар бакчаларынын имаратынын мыйзамдуулугун текшерүү боюнча тапшырма берген. (SDz)

XS
SM
MD
LG