Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:44

"Азаттыктын" каармандары тууган болушту


Ибарат, Анара Дауталиева жана Махабат.
Ибарат, Анара Дауталиева жана Махабат.

“Азаттыктын” бир жыл мурун тартылган “Төрөттөн ажал тапкандар” телеберүүсүндөгү каармандар эми такай катташып турат.

Төрөттөн жакынын жоготкон эки үй-бүлөнүн бири Нарында, экинчиси Бишкекте жашайт.

Теңир-Тоодогу энеден айрылган алты бала менен борбордогу төрөтканада сиңдисин жоготкон айым дайыма сүйлөшүп, ал-акыбалдарын сурап турат.

Эки үй-бүлөнүн жашоосундагы оор жоготуу аларды бири-бирине жакындатып, мындан ары бир туугандай мамиле курууга убадалашкан эле.

Белек Садыбакас уулу менен Анара Дауталиеванын жашоосундагы оор трагедия тууралуу “Азаттык” 2015-жылы телеберүү даярдаган.

Белектин жубайы - Миргүл, Анаранын сиңдиси - Света төрөтканада жарык менен кош айтышкан. Кайгылуу окуядан улам бири-бирине кол сунган эки үй-бүлө бала-чакаларын тааныштырып, аларды да достоштуруп жаткан экен.

Көрсөтүү эфирге берилгенден кийин Анара Дауталиева буга чейин тааныбаган, бирок тагдыры окшош үй-бүлө менен байланышкан:

- 14-октябрда силердин берүүңөр эфирге чыкты. Ошол замат эле Белектин үй-бүлөсү менен таанышкым келди. Өзүмө убада берип, аларга жардам берүүнү пландагам. Буйруса, жазында үйлөрүнө ремонт жасайбыз. Өзүм да барам.

Белек Садыбакас уулу Нарындын Ак-Кыя айылында турат. Анара Дауталиева алардын үй-бүлөсүнө көмөктөшүүгө демөөрчүлөрдү таап, балдарынын билим алуусуна, кийим-кечесине көмөктөшүп жатканына ыраазы:

- Анара эже өзү укук коргоочу турбайбы. Ошондуктан, бизге укуктук жактан да жардам берип турат. Дайыма телефон чалып, абалыбызды сурайт. Ынтымагыбыз жакшырып, Бишкекке барып Анара эженин үйүндө конок болдук.

Тууганчылык байланыш секелек кезде энесин жоготкон Ибарат менен Махабатка өзгөчө таасир эткендей. Муңайым тартып, зээнди кейиткен кыздардын ууртун бүгүн күлкү уялап, жашоого кызыгуу жаралганы жүздөрүнөн байкалып турат. Мектептин жогорку классында окуп жаткан Ибарат минтип ой бөлүштү:

- Анара эже бизге экинчи апабыздай эле болуп калды. Жакшылык иштерин унутпайм, аны эки эселеп кайтарганга аракет кылам.

Эки үй-бүлөнүн Бишкектеги жолугушуусу. 1-ноябрь, 2016-жыл.
Эки үй-бүлөнүн Бишкектеги жолугушуусу. 1-ноябрь, 2016-жыл.

Эки үй-бүлөнүн карым-катышын бекемдөөдө коомдук уюмдардын, демөөрчүлөрдүн да салымы зор. Нарындан Бишкекке алты баласын алып келген Белектин үй-бүлөсүнө Анаранын суранычы менен “Элим барсыңбы?” коомдук фонду колун созгон. Балдар бир сыйра жаңы кийимге кошо үмүт, кубанычты артынып Нарынга кайтышты.

- Миргүлдүн артында калган алты балага өз энесиндей боло албасымды билем. Бирок алардын жылуу сөзгө зар экенин байкап турганым үчүн мээримимди аябайм. Белек азыр буларга ата да, эне да болуп жатат. Оор жоготуудан кийин мокобой, балдардын келечеги үчүн күрөшүп жаткан атага рахмат. Өзүмдүн эки балам, кайтыш болгон сиңдимдин уулу бар. Буюрса, бардыгы бир туугандай болуп, катташып турушат, - дейт Дауталиева.

“Азаттыктын” эмгек жамааты оор жоготуудан кийин табышкан бул эки үй-бүлөнүн келечеги жарык болуусуна тилектеш.

"Азаттыктын" архиви: "Төрөттөн ажал тапкандар", 13.11.2015-жыл.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG