Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:02

Жаңы тасма кимдин багын ачат?


Кыргызстанда Асхат Субанбековдун "Жамгырлуу апрел" аттуу алгачкы тасмасы жакында тартыла баштайт.

Бул тасмада азыркы кыргыз жаштарынын махабаты, достук мамилеси, аны менен бирге эски салт, үрп-адаттар жана чет жакка ооп кетип жаткан кыргызстандыктар тууралуу болот.

Асхат Субанбеков "Жамгырлуу апрелдин" идеясын эки жыл бою багып келгенин сөз кылууда:

- Бул менин алгачкы тасмам болот. Идеясы эки жыл мурда келген. 2-3 киностудияга сунуштадым. Бирок алар мен элестеткенден башкача кылып оңдоп салышат. Сценарийди өзүм жазгандан кийин мендей элестете албайт экен. Чыгынып өзүм тартайын деп чечтим, өзүм ойлогондой кино болсун дедим. "Томжесфильм" киностудиясы, жетечиси Руслан байке техника жагынан бизге көмөктөшүп атат.

Бул тасмага тартылууга ынтызар жаштар абдан көп экендиги кастингдин жүрүшүндө байкалды:

Гүлзат Таалайбек кызы: 19 жаштамын. Киного кастинг жарыяланганын гезит аркылуу билип келгем. Кичинемде актриса болсом деп ойлогон эмесмин. Эмнегедир чоңойгондо ушундай каалоо пайда болуп, кастингдерден калбай катышып келем.

Санжарбек уулу Дастан: Азыркы убакта Таштан Эрматов атындагы музыкалык педагогикалык колледжде окуйм. Кичинекейимен музыкага аябай кызыгам. Киного тартылуу менин кыялым. Ошондуктан ушул кастингге катышып көрүүнү чечтим.

Сатыбалдиева Динара: Мурда бир тасмага тартылгам, бирок ал чыкпай калган. Бул тасма сүйүү тууралуу болуш керек. Бул кайгы жана бакыт аралашкан фильм болот деп ойлойм.

"Жамгырлуу апрел" тасмасынын продюсери Эркин Урмамбетов баш-аягы 5 жүздөн ашуун жаштан арыз түшкөнүн айтты:

- Жаш таланттар абдан көп экен. Кыргыздарда талант көп дейт эмеспи, чын эле талант көп экени далилденди. Тасма шоу-бизнес, сүйүү жөнүндө, кудай буйруса ойдогудай болот деп ойлойм. Глобалдуу тема болсо дагы аны жандуу жана адамдын жүрөгүнө жакын бергенге аракет кылабыз.

Сынактын жыйынтыгы боюнча 4 жаш талант - Таалайбек кызы Айгерим, Нуриза Сабыржанова, Асел Кадырбекова жана Жанат Муратов башкы ролдорду ойноого, ошондой эле 21 адам эпизоддордо тартылууга тандалып алынды.

Негизги ролдорго дасыккан актерлер эмне үчүн тартылган жок? Асхат Субанбеков:

- Искусствого билим эмес, талант болсо жакшы деп ойлойм. Анткени таланты жок адамды канча окуса да ойной албай калышы мүмкүн. Анын үстүнө биринчи жолу тасмага тартылып жаткан адам өз каалоосу менен жакшы ойнойт, биздин да тилди угат, тасманы тартуу бат бүтөт деген ойдо ушундай кылдык.

Кыргызстан кинематографисттер кошуунунун төрагасынын мурдагы орун басары, кинотасмалар боюнча эксперт Гүлбара Төлөмүшова жаштардын өз алдынча кино тартуу аракетин колдойт. Бирок мыкты чыгарма жаратуу үчүн билим жана тажрыйба зарыл экенин белгиледи:

- Ооба, биз жаштардын көчөдө баспай, жаман иштерге барбай ушундай тасма тартуу менен шугулданып жатканын колдойбуз. Бирок толук метраждуу тасма тартуу үчүн көп аракет керек, сөзсүз түрдө профессионалдар тартыш керек. Ал эми бул жаштар мындан ары бийик деңгээлге жетебиз десе, албетте режиссурага Искусство институтуна, Кино мектебине, Алматыга, же Батышка окууга тапшырса болот.

"Жамгырлуу апрел" - жаштар тууралуу эки сааттык мелодрама. Тасманын баш каарманы музыкант Куба Айдана аттуу селкиге ашык болуп калат. Бирок кыздын ата-энеси экөөнүн баш кошуусуна каршы болушат. Ошентип турмушта боло жүргөндөй ар кандай кызыктуу жагдайлар менен окуя чиеленип кетет.

XS
SM
MD
LG