Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:21

Путинге кайрылган активистти милиция кармап кетти


Бишкекте орус президенти Владимир Путинге кайрылып, нааразылык акциясын уюштурган жарандык активист Өндүрүш Токтонасыровду милиция кармап кетти. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна ал өзү кабарлады.

Токтонасыров колуна “Владимир Путин, кылмыш жасаган дипломат жазага тартылсын!” деген жазуу кармап, Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдына чыккан.

-Милиция мага тоскоолдук жаратып, кармап кетти. Азыр Ленин райондук ички иштер башкармалыгында отурам. Мени кармоого мыйзамдуу негиз жок болчу, - дейт активист.

Жакында Бишкекте унаа кырсыгында бир жаран каза болгон. Окуя тартылып калган видеотасмаларда кырсыкка себепкер болгон унаа орус элчилигине таандык экени көрүнүп турат. Бишкек милициясы кылмыш иш козголгонун, унаанын ичинде бараткан эки орус жаранын тергөө иштерине тартууга уруксат алуу үчүн Тышкы иштер министрлигине кат жөнөтүлгөнүн билдирген.

Айрым маалыматтарга караганда, адам өлүмүнө алып келген кылмышка шектүү адам Кыргызстандан чыгып кеткен. (RK)

XS
SM
MD
LG