Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:19

Жаңы өкмөттөгү эски министрлер


Өкмөт башчы Темир Сариев
Өкмөт башчы Темир Сариев

Жогорку Кеңештин депутаттары Темир Сариевдин жетекчилигиндеги өкмөттүн жаңы курамын бекиткен чечим чыгарды. Анчалык жаңырбаган министрлер кабинетинин түзүмү көп талкууга жем таштоодо.

Азыркы өкмөт сунуштаган программаcын ишке ашыра алабы? Анын каржылык булагы, механизмдери барбы? Күтүлүп жаткан кризистик кырдаалдарга туруштук берип, абалды жакшыртууга чамасы жетеби? "Арай көз чарай" талкуусунун катышуучулары: Жогорку Кеңештин депутаты, "Ата Мекен" фракциясынан Алманбет Шыкмаматов, коомдук ишмер Алмаз Кулматов жана Чет элдик инвесторлор ассоциациясынын башчысы Искендер Шаршеев.

Искендер Шаршеев: Биз, ишкерлер, экономисттер мындан эки жыл мурда эле өкмөткө кайрылганбыз, элүү пайызга чейин кыскартуу керек деп айтып келдик эле. Тилекке каршы өзгөрүүлөргө кадамдарды көрө алган жокпуз, эки-үч министрлик эле жоюлду. Токсон пайыз эски министрлер калды. Мындан бир аз мурда эл арасында имиш кептер чындыкка айланып отурат. Мүмкүн мындай чечим шайлоого чейин макулдашылган, сүйлөшүлгөн, азыр ал убадаларды аткарып жатышат.

Алмаз Кулматов: Дүйнөдө өкмөттө классикалык жана функционалдык министрликтер деген болот. Бир-эки министрликтерди калтырып, калганын жоюп коёлу деген туура эмес, бул реформага жатпайт. Бул убакка чейин билебиз, министрликтерди майдасына чейин жиликтеп, бөлүп алган учурлар болбодубу. Булар деле жаңы эле келбедиби, иштеп көрсүн, өздөрүн дагы көрсөтсүн деген тилек болуп жаткандыр, туруктуулук болсун деген ниеттер болууда деп ойлойм. Эгер иштей албаса кызматтан алам деп бардык жоопкерчиликти өкмөт башчы өзүнө алып жатат.

Алмамбет Шыкмаматов: Азыркы өкмөт башчы Темир Аргенбаевичтин келгенине алты ай болду. Кийинки май айында бир жыл болот, алар ишинин жыйынтыгы менен отчет беришет, убакыт керек. Кайра-кайра алмаштыра бергенден эле иш оңолбойт. Мурдагылардын 90 пайызынын калышы туура кадам болду деп ойлойм, өз жемишин берет. Кайсы өкмөт болбосун тагдыры ошондой, жакшы иштеди деп эч качан айтпайт, дайыма сындап келишет. Коррупция жеңилбей жатса, толгон социалдык маселелер чечилбей келатканын эске алганда өкмөттүн туруктуулугу керек.

Искендер Шаршеев: Бүгүнкү күндө кризис каптап келатат, азыр өкмөткө бат-баттан чечим кабыл алган менеджмент керек. Эң негизгиси чет элдик ишкерлерге инвестиция салууга шарт түзө турган салык саясаты зарыл, виза маселелерин жакшыртуу керек. Кыргызстанга чоң инвестиция келгенге шарт жок, эң аз дегенде алар 500 миң доллар салыш керек деген талап бар, көбү мындай шартка макул эмес. Мисалы, Вьетнамда беш жылга салыктан бошотуп, коммуникацияны түзүп берет. Биздин өкмөт ойлоно турган маселе көп.

XS
SM
MD
LG