Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:27

Минск: оппозициянын акциясында жүздөгөн адам кармалды


Минск. 25-март, 2017-жыл
Минск. 25-март, 2017-жыл

Минскте 25-марттагы оппозициянын митинги учурунда полиция жүздөгөн адамдарды кармады. Бул тууралуу "Азаттык" радиосунун беларус кызматы билдирди. Маалыматка караганда, демонстрация бийлик менен макулдашылган эмес.

Акция "Эркиндик күнүнө" - 1918-жылдагы Беларус эл республикасынын түзүлгөн күнүн эскерүүгө арналган. Бул күн жыл сайын белгиленет, бирок быйыл “бекерпоздор салыгы” деп атаган мыйзамга каршы нааразылык акцияларына туш келди.​

Кармалгандардын так саны белгисиз, бийлик бул багытта маалымат бере элек. Милиция 20дан ашык журналистти кармаганы белгилүү, арасында чет элдик маалымат каражаттарынын өкүлдөрү да бар. "Жаз" укук коргоо борборунун кеңсесин тинтүү маалында 57 адам кармалган. Жапырт кармоолор Илимдер академиясынын жана Калининдин эстелигининин алдында да жүргөнү кабарланды. Активисттер милиция бөлүмдөрүндө, аларга уруксатсыз акцияга катышты, укук коргоо органдарына каршылык көрсөттү деген айып тагылышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG