Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:21

Башкаруучу коалиция Темир Сариевди тандады


Темир Сариев
Темир Сариев

Жогорку Кеңештеги башкаруучу коалиция өкмөт башчылыкка экономика министри Темир Сариевди сунуштоону чечти. Сариевдин талапкерлиги президент тарабынан колдоого алынып, жакынкы күндөрү Жогорку Кеңештин кароосуна сунушталары күтүлүүдө.

Жогорку Кеңештеги башкаруучу коалициянын мүчөсү болгон “Ата Мекен” фракциясы шаршемби күнү жыйын куруп, анда өкмөт башчылыкка талапкерди карады. Фракциянын мүчөсү Ташполот Балтабаевдин “Азаттыкка” билдирүүсүнө караганда, фракция жыйынында өкмөт башчылыкка Темир Сариевдин талапкерлигин колдоо жактырылды:

- Биз Темир Сариевди президент сунуштап жаткан экен, колдоп берели деген чечимге келдик. КСДП менен “Ар-намыс” фракциялары да Сариевге токтоптур. Биз да өзүбүз чогулуп, алар менен кеңешип көрүп, макулдугубузду бердик.

Ташполот Балтабаевдин айтымында, Темир Сариевдин талапкерлиги Жогорку Кеңештин кароосуна жакынкы күндөрү коюлат.

Ташболот Балтабаев
Ташболот Балтабаев

“Ата Мекен” фракциясынын бул чечиминен кийин башкаруучу коалициянын жана “Ар-намыс” фракциясынын лидери Феликс Кулов Башкаруучу коалиция Темир Сариевдин талапкерлигин өкмөт башчылыкка көрсөтүүнү чечкенин жарыялады.

Феликс Кулов өкмөт башчылыкка талапкер боюнча президент Алмазбек Атамбаев менен кеңешүү жүргүзгөнүн жергиликтүү маалымат каражаттарына бир аз мурда билдирген эле. Анын айтымында, талапкерге эки талап коюлду. Биринчиси - талапкер өкмөттүн иши менен, Кумтөр маселеси жана Евразия экономикалык биримдигине кирүү жараяны менен тааныш болушу керек. Экинчиден, ал күзгү парламенттик шайлоого өзүнүн партиясы менен шайлоого барбашы керек. Өзү да шайлоого катышпоого тийиш.

Президент Алмазбек Атамбаев өкмөт башчылыкка коюлган бул талаптарга макул болгон.

КСДП фракциясынын мүчөсү Бактияр Кадыров өкмөт башчылыкка Темир Сариевдин талапкерлиги бейшемби күнү коюларын билдирди:

- Эртең көпчүлүк коалициянын лидерлери күн тартибине алып чыгыш керек. Андан кийин күн тартибине киргизип, талкуулай баштайбыз.

Бактияр Кадыров Темир Сариевдин артыкчылыгы катары Евразия экономикалык биримдигине кирүү боюнча топтун жетекчиси болуп, ал жөнүндө толук маалымдар экендигин, каржы жана экономика тармактарында иштеп келгенин атады.

Өкмөт башчылыкка талапкер Темир Сариев учурда экономика министри. Ал ошондой эле “Ак шумкар” партиясынын лидери. Сариев кыска мөөнөткө өкмөт башчылыкка барууга макул болуу менен өз партиясы менен шайлоого баруудан баш тартат. Анткени башкаруучу коалиция келечектеги өкмөт башчыга мына ошондой талап коюп жатат.

Темир Сариевдин талапкерлиги Жогорку Кеңеште жактырылып калса, ал парламентте өз фракциясы жок экинчи өкмөт башчы болуп калат. Ага чейин Жантөрө Сатыбалдиев мына ошондой өкмөт башчы болгон. Жантөрө Сатыбалдиев өз фракциясы жок өкмөт башчы катары иштөө кыйын болгондугун “Азаттыкка” курган маегинде билдирген.

Оппозициялык саясатчы, Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбеков Темир Сариевдин талапкерлигин биринчи кезекте Орусия түртүп жатат дейт:

- Темир Сариевди премьер-министр кылып аткан бул Атамбаев эмес, Темир Сариевди премьер-министр кылып аткан фракциялар эмес. Темир Сариевди орустар премьер-министр кылып атат. Мунун артында чоң оюндар жатат.

Равшан Жээнбеков ошол эле учурда азыркы өкмөт мүчөлөрүнүн ичинен кесипкөйүрөөгү Темир Сариев экенин кошумчалады. Равшан Жээнбеков Темир Сариев күзгү парламенттик шайлоого катышпайт деген сөздөргө ишенбей турганын, анткени шайлоо мезгилине чейин ар кандай саясий жүрүштөр, оюндар болуп кетиши мүмкүндүгүн белгиледи.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG