Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:03

“Азаттыктын” кадырлуу окурмандары, көрөрмандары, угармандары!

Момураган кой жылын узатып, тыным билбес маймыл жылын тосуп отурабыз. Өткөнгө көз чаптырып, эски жылды жыйынтыктоо менен Жаңы 2016-жылдын жылдын босогосун аттаганы турабыз.

“Азаттыктын” кош тилде чыккан сайттары жыл бою сиздер менен бирге болуп, бир топ жаңы долбоорлорду ишке ашырды. Сиздерге таанымал "Азаттыктын" журналисттери бир катар сыйлыктарды жеңип, эмгектери башка тилдерде дүйнөлүк маалымат мейкиндигине тарады.

Google компаниясынын статистикасына таянсак, компьютер жана уюлдук телефон аркылуу “Азаттыктан” маалымат-кабар издеп кирип-чыккан окурмандардын саны бир айда бир жарым миллионго чукулдады.

Окуя болуп жаткан жерден түз алып берчү LIVE VIEW жабдуусу ишке киришти. Маалыматты маалынан кечиктирбей үн, сүрөт, видео коштомунда ыкчам жеткирүүгө жол ачылды. “Азаттык” үналгы, сыналгы аркылуу чыгып келсе кийинки жылдары заманбап электрондук маалымдоо каражаттары, социалдык тармактарда канатын кенен жаюуда.

Радиого чыккан материалдар ошол эле маалда интернет айдыңында дүйнөгө таралууда. Ушундай эле мүмкүнчүлүккө видеоматериалдар, кызыктуу сюжеттер, теледолбоорлор, ар кыл темадагы баян материалдар ээ болууда. Окурман “Азаттыктын” сайтынан өзү каалаган маалыматка каалаган маалында ээ болуу мүмкүнчүлүгүнө жетишти.

Жаңылыктар, окумдуу, көрүмдүү материалдар ыкчам жана үзгүлтүксүз жарыяланып турат. Чыгармачыл жамааттын негизги милдети - болгон окуяны ыкчам, объективдүү, калыс, бейтарап позицияда чагылдыруу. 60 жылдан ашуун элине кызмат кылган “Азаттыктын” мындан башка максат-мүдөөсү жок.

Өлкөдө, дүйнөдө болуп жаткан негизги жаңылыктарды кечикпей жарыялап, жаамы журтка жеткирип жаткан “Азаттыктын” чыгармачыл жамааты баарыңыздарды Жаңы жылыңыздар менен куттуктайт! “Азаттык” жаңырган жылда да сиздер менен бирге!

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG