Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:36

Маалымат агенттиктердин макамы аныкталат


БШК маалымат агенттиктердин макамын жалпыга маалымдоо каражаттарыныкына теңөө демилгесин көтөрүүдө.

"Арай көз чарай" талкуусуна Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Нурмамат Ашымов, "КырТаг" маалымат агенттигинин директору Кайыргүл Урумканова, медиа эксперт Илим Карыпбеков катышты.

Нурмамат Ашымов: Октябрь айында жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтөт. Шайлоо учурунда интернет басылмалардын көбү үгүт иштерине катышып, партиялардын же талапкердин программаларын жарыялап жатышат. Бирок биз аларды көзөмөлдөп, же алардын ишине кирише албайт экенбиз. Бул демилге канчалык деңгээлде ишке ашарын Жогорку Кеңештин депутаттары чечет. Биз “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” мыйзамга агенттиктерди да маалымат каражаттары деген статуста киргизели деген сунуш менен чыгып атабыз.

БШК жөндөн-жөн бул демилгени көтүрүп чыккан жок. Шайлоо процессинде шайлоого катышуучу субъектилердин бардыгы мыйзамдын тегерегинде иш алып барыш керек. Негизинен ММКлар үгүт иштеринде, шайлоо тууралуу маалымат берип жатканда чоң рол ойношот.

Шайлоочулардын тандоо аң-сезимине чоң таасир эте турган курал катары колдонулат. Ар бир талапкер өзүнүн фондун колдонуп жатканда маалымат каражаттары менен келишим түзүш керек. Биз мыйзамда көрсөтүлгөн чектин арасында иш алып баруусу зарыл. Эгер интернет булактарды ээн-эркин коё бере турган болсок биз кайсы тарабынан аларды көзөмөлдөй алабыз? “ММК жөнүндө” мыйзамга ылайык бүгүнкү күндө аларга таасир эте турган жоболор жок. Ошондуктан ушундай сунуш кылып атабыз.
Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





Кайыргүл Урумканова: Эмне үчүн БШК президенттик шайлоонун алдында бул мыйзамды карап чыккан жок? Маселе - көзөмөлдөш керек болуп атат. Азыр сыналгыдан да, гезиттен да айкын пикирлерди табуу оор. Көз карандысыз пикирлерди интернет булактарынан тапса болот.

Анан да бийлик мыйзам жүзүндө иш алып барыш керек деп айтып атат. Ар бир маалымат агенттигинин жетекчилигинин да башы бар. Ал деле Кыргызстанда жашап жаткандан кийин өз ишмердүүлүгүмдү кандай алып барып жатам деп ойлойт. Негизинен интернет баракчалары, маалымат агенттиктерди ММКлардын арасына киргизиш үчүн жаңы мыйзам иштеп чыгыш керек. Бул үчүн чоң талкуу болушу шарт.

Илим Карыпбеков: Интернет агенттиктерин, баракчаларын жана гезиттерди көзөмөлгө алуунун юридикалык жолу бирдей эле. Интернет агенттиктери да, массалык маалымат каражаттары да юридикалык жак. Экөө тең эле жеке жакка тиешелүү. Шайлоочулардын фонддору кадимкидей эле экөө менен тең келишим түзүп, ошондой эле акча төгөт. Бул жерде көзөмөлдөө маселеси жок.

Маалымат каражатынын директорун, башкы директорун таап, аныктап, жоопкерчиликке тартуу оңой болсо, интернет баракчалардын жетекчисин таап, маалыматты чындыгында ким таратканын аныкташ кыйын. Бул жагынан мыйзамды иштеп чыгыш керек, мен макулмун. Бирок маалымат агенттиктерин, интернет булактарын маалымат каражаттарынын статусуна теңеп, которуп койсо эле жоопкерчиликтүү болуп калат, мыйзам нугуна түшүп калат деген жаңылыштык.
XS
SM
MD
LG