Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:12

Гезиттерге жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгында кыргыз басылмалары далилдүү факт материалдар менен иштөөнү үйрөнүүсү керектиги белгиленди.

Ушул тапта кыргыз басылмаларында журналисттик этиканы тутунуу, сөздү орду менен колдонуу, көп тараптуулук, аныктуулук деген принциптер канчалык деңгээлде сакталууда? “Де-факто” гезитинин башкы редакторунун орун басары Айгүл Бакеева “Азаттыкка” маек курду.

- 31-январда кыргыз гезиттеринин абалы, журналисттердин этикасына байланыштуу кеңешме өттү. Анда бир топ сындар айтылган экен. Сиз кайсыларга өзгөчө көңүл бурдуңуз?

- Кыргыз гезиттеринин арасында мониторинг жүргүзүлгөн экен. Анын негизинде кыргыз гезиттери эң негизгиси факты менен иштеш керектиги белгиленди. Ар бир айтылган сөзгө жооп бериш керек деген маселе болду.

- Мындан башка дагы сын пикирлер айтылыптыр. Алардын баары эле орундуу бекен?

Журналист-карикатурачылардын эмгектери. 31-май, 2011-жыл

Журналист-карикатурачылардын эмгектери. 31-май, 2011-жыл

- Негизинен айтылган сындардын баары эле орундуу. Айтылган кемчиликтердин көбү кыргыз гезиттеринде орун алып келе жатат. Бирок ошондой сындын негизинде, эгер кайра мониторинг жүргүзө турган болсок, оңолуу жолуна түшөт болуш керек. Анткени гезит бетинде айтылган далилсиз нерсенин баары кийин кандай абалды, кандай реакцияны жаратканына да көңүл бурулуп турса жакшы болоор эле.

- Гезит беттериндеги көп тараптуулук жөнүндө кандай сунуштар айтылды?

- Өзгөчө журналисттик иликтөөгө басым жасалды. Мисалы, бир маселени талдоодо журналист өзүнүн эле көз карашын же бир көргөнүн айта бербестен, ошол окуянын катышуучуларынын бардык тарабын камтуу тууралуу сөз болду.

- Азыркы күндө кыргыз басылмаларында бир жактуулуктун орун алып жатышы – бул журналисттердин этикалык нормаларды билбегендигиби же башка дагы себептери барбы?

- Кандайдыр бир нерсеге журналисттин көзү жетип турганы менен ал маалымат аты-жөнүн айта албаган булактан болуп калат же ошол нерсени так, түз далилдөө мүмкүнчүлүгү жок болуп калат. Ошондой нерселерди берип жиберишүүдө деп ойлойм. Ал эми өз ишин так билген журналист аны атайын жасабаса керек.

- Бирок ошол эле учурда айрым гезиттердин артында ар кандай саясатчылар турат эмеспи. Журналисттердин бир жактуулукка ыктап жатышына бул нерсе да таасирин тийгизсе керек. Негизи кантип оңолуу жолуна түшүүгө болот?

- Ооба, бул тууралуу да айтылды. Журналисттер азыркы коомго жараша болуп жатат деген маселе козголду. Саясий чөйрөдө талкууга алынган нерселерди журналисттер гезит бетине чагылдырып алып чыгып жатышат да. Бул проблема мындан улам айтылып жатса керек.

Негизи журналисттерди ар тараптуулукка тарбиялоого, журналисттик иликтөөгө үйрөтүүгө мына ушул сыяктуу бетме-бет жолугушуулар, жыйындар жакшы таасир этет. Каржылык маселеге байланыштуу редактор менен журналисттердин ортосундагы мамилелер жөнгө салынса, журналисттердин этика маселесин кеңири жайылтса, басылмалар оңолот.

Азыр гезиттер сапатка караганда сан жагына көп көңүл бургансыйт. Бул кыргыз гезиттерине тиешелүү. Гезит өзүн өзү актабай калып жатат. Мисалы, “Де-факто” гезитин алсак, биз гранттын негизинде чыгып жатабыз. Бул көз карандысыз болгонго жакшы жардам берет экен. Гезит көз карандысыз болуш керек.

- Сиз мына атайын ушундай бир кеңешмелер, талкуулар өткөрүлүп турса деп жатасыз. Бирок буга чейин деле эл аралык уюмдар массалык маалымат каражаттарында атайын тренингдерди өткөрүп жүрүшөт. Бирок эмнеге жылыш болбой жатат?

- Мисалы, гезиттерде, редакцияларда кадрлар алмашып турат. Бул кадыресе көрүнүш. Бирок андай окуу, жыйындарды токтотпош керек. Ар бир журналист мезгилге жараша жаңырып, окуп туруш керек. Эмнеге жыйынтык чыкпай жатат? Бул эми ар бир редакциянын өзүнүн ички маселелерине байланыштуу болуш керек.

- Ошентсе да сиз гезиттердин кайсы жетишкен жакшы жактарын белгилейт элеңиз?

- Ооба, гезиттерге сын көп. Бирок ошондо да аларга жакшы бир мисалдардын негизинде жол көрсөтүү керек. Азыр журналисттик иликтөө деген пайда болду. “Де-фактодо” башкы редактор, “Азаттыкта” иштеп кеткен Чолпон Орозобекова ушул иликтөөгө басым жасап жатат.

- “Де-фактодон” башка кайсы гезиттерге жакшы деп баа берет элеңиз?

- Андан башка гезиттер көп эле. "Агым" гезитин айтар элем. "Алиби", "Фабула" жөнүндө сөз болуп жатат.

- Рахмат.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG