Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:19

Гезиттер өтүп бараткан жылдын оош-кыйыш жактарын дагы бир ирет талдоого алуу менен жылды жыйынтыктай башташты.

“Алиби” гезити окурмандарга Кыргыз Республикасынын президенти Роза Отунбаеванын “Азаттык радиосуна” берген маегин кыскартып тартуулады. Маек “Кылымга тете бир жыл” деп аталат.

Президент 7-апрелдеги революциянын максаты көп жактар боюнча жүзөгө ашырылганын, бирок эл бул төңкөрүштүн пайдасын көрөбү же жокпу, ага бир аз убакыт өткөндөн кийин жооп аларын кеп кылды.

- Бакиевдер неге кармалган жок? “Жаныш Бакиев ушул эле тегеректе жүрөт” деген сөздөр бар” -деген суроого президент:

-Чынын айтуу керек. Легитимдүү алкакка азыр кирдик. Ага дейре айланабыздагы эле өлкөлөр чоң-чоң маселе чечер жыйындарга бизди чакырбай келди. Рефрендумдан кийин гана мен бийликтин жалгыз өкүлү катары барып жүрдүм. Ошондо да кошуна өлкөлөр парламентти, өкмөттү күтүп жатышты. Эми легитимдүү бийлик бар. Сураганга, алып келгенге укуктуу болдук. Бизди суверендүү юридикалык субьект катары ага дейре таанышкан эмес. Эми гана эсептешип, эми гана тааный баштады. Биз Конституция алкагынан кескин чыгып кетип, кайра келдик. Азыр бизде мыйзамдуу шарттар бар, - деп жооп берген.

Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаевдин көлөмдүү маеги: “Криминалга бөгөт коюуга, тартипти орнотууга биздин күчүбүз да, эркибиз да жетет!” деген ат менен жарык көрдү.

“Ак шумкар” партиясынын билдирүүсү да “Алибинин” ушул санында.

Гезиттердин катарына бүгүн кошулган “Айкын саясат” аттуу басылманын алгачкы саны жарыкка чыкты.

“Акматбек Келдибеков “бакиевчилердин “анабашы” деген макаласында: “Акмат Соцфонддун жетекчиси болуп турганда ар бир райондук соцфонд жетекчилери 1000 доллардан деп салык салып турар эле. Колунда барлар башы-көзүмөн садага деп, колунда жоктор каргап-шилеп жүрүшчү эле” деген Эркин Алымбаев аттуу автор “Акматбек Келдибеков тууралуу айта турган кеп-сөз дагы алдыда” деп жазды.

Жолдошбек Токоевдин макаласы “Террорчулардын бутасы – “Ата-Журт” деп аталат.

Өкмөт жөнүндөгү сын макала “Эки кочкордун башы бир казанда кайнабайт, а бешөөчү?” деген макала да окурмандардын ой элегине салынды.

Гезит айрым атуулдарга кайрылып:

-Жаңы өкмөттүн курамы сизди канааттандырабы?- деп суроо салды.

Коомдук ишмер Бегиш Ааматов:- Жаңы түзүлгөн өкмөттүн келечеги жок, - деп;

Саясатчы генерал Мирослав Ниязов: - Парламентке жалаң өз кызыкчылыгын көздөгөн, мамлекет дегенден маалыматы аз чиновниктер келип алды, - деп;

Окумуштуу Кусейин Исаев: - Өкмөт курамына такыр купулум толгон жок, - деп;

Компартия лидери Клара Ажыбекова: - Мыйзамдуу бийлик орноду. Ушул кубандырат. Ызы-чуу, башаламандык элди чарчатып жиберди. Эми баарыбыз ишеним, үмүт менен жашайбыз да, андыктан өкмөт алгылыктуу иштеп берер, - деп;

Кыргыз эл сүрөтчүсү Жоомарт Кыдыралиев: - Эми убакыт берип күтүп туралы. Эл менен эсептешип, уга билишсе, калыс пикирлер айтылбай койбойт, айтылат, - деп жооп берди.

Таластын Арал жана Үч-Эмчек айыл тургундарынын 17 киши кол коюп жарыялаган каты да жаңы гезиттин жаңы санында.

“Кыргыз руху” гезити “Жылдын бурулушу – референдум”, “Жыл окуясы – акча чечкен адилет шайлоо”, “Жылдын басмачысы – Үсөн Сыдыков”, “Жылдын күтүүсүз жеңиши – “Ата-Журттун” келиши”, “Жылдын кандуу элдик каршылыгы - 7-апрель” деген аталыштагы кабарлар менен макалаларды сунуштады.

Укук коргоочу Качкын Булатовдун Торугарт-Балыкчы темир жолун курууга каршы макаласы – “Кытай бузулса кылым бузулат” деп аталат.

Профессор Абдыкерим Жолдошбеков “Бөлүнгөндү бөрү жейт” деген макаласында 150дөн ашуун партия түзүү дегендин өзү демократиянын көрүнүшү болбой эле бөлүнүп алып бийлик талашуунун, бийликке жетип алып байлык талашуунун көрүнүшү болгонун кейиш менен кеп кылган.

“Кыргыз руху”
гезити жылдагыдай эле жыл мыктыларын атады.

“Кыргыз туусу” гезити бүгүн 95 жылдыгы салтанаттуу белгилене турган улуу Алыкулдун сүрөтү менен жаңы санын ачты.

Гезит андан ары Борбор Азиядагы адам укугу боюнча Мусулмандар кеңеши жана комитети Роза Отунбаеваны өтүп бараткан жылдын эң мыкты мамлекеттик ишмери деп атаганын, ошону менен бирге эле аталган комитет Роза Отунбаеваны 2011-жылдын Нобель сыйлыгына көрсөтүү менен саясатчыларга, мамлекеттик ишмерлерге, Казакстандын коомчулуган кайрылып, бул сунушту колдоого чакырганын маалымдады.

“Кыргыз туусу” басылмасы көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Исках Раззаковдун 100 жылдыгына арналган салтанат жыйын Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында өткөнүн кабарлап, ардагер журналист Жаныбек Турсуновдун ага багышталган ырын кошо баскан.

Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун деректири Абдылдажан Акматалиевдин олуттуу ой козгогон макаласы “Жер-суу аттары качан кыргызча сүйлөйт?” деп аталат.

Акындардын Алыкулга арнап жазган ырлары гезиттин эки бетине толтура басылса, улуу акынга арналган эскерүүлөр, макалалар дагы эки бетке толтура жарык көрдү.

“Форум”
гезити “Жылдын адамы” деп президент Роза Отунбаеваны атады.

Журналист Баратбай Аракеевдин макаласы “Жолборсту эптеп узаттык, коёнду колдон чыгарбайлы” деген ат менен сунушталып, автор өткөн жылдын өзөктүү маселелерин жиликтөөгө алган. “Балан жыл жакшы болот, түкүн жыл начар болот” деген кеп да суеверендүүлүктүн жемиши. Чыныгы адамдар бийликке келгенде гана жакшы жыл болот. Келаткан жылыбыз кыргыздын мыкты салттары үстөмдүк кылган токчулук менен бейпилдиктин жылы болсун!” деген тилегин билдирген.

Сапарбаева Айканыш Керим кызынын Айкөл Манаска арналган макаласы тартууланды.

Талас облусунан кат жолдогон Соотбек Токтогазиевдин макаласы да Манаска арналып, “Таза кандуу кыргыз колдооруна ишенем” деп аталат. Автор Борбордук Аянтка Манастын эстелигин орнотуп, гербдеги сүрөткө да өзгөртүү киргизип, чыныгы ак шумкарды чагылдырып, Гимндин сөзүн кайрадан жазып, борбор калааны Манастын аты менен атоо тууралуу демилгечилердин сунушун колдоорун белгилеген. “Манасты дүнүйө жүзүнө даңазалайлы, ага кеткен чыгымдар жүз эселеп кайрылып келерин эстен чыгарбайлы, Манас бабабыздын духу ар бир кыргызга күч-кубат, дем берсин, жергебизде тынчтык болуп, береке артсын”, - деп жазат автор.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG