Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:45

Гезиттер кайрадан соттор тууралуу жазып чыкты. Кыргызстандагы президенттик шайлоо да басылмалардын көңүл борборунда болууда.

“Айат” гезити “Учурда айрым серепчилер соттордон Отунбаеванын экзамен алганы туура эмес деген пикирлерин билдирди, соттордун сабатасыздыгы боюнча оюңуз кандай?” деген суроо менен айрым атуулдарга кайрылды.

Коомдук ишмер Муратбек Мукашев: - Бул президенттин укугу. Эгерде сотторду түп тамырынан бери оңдобосок Кыргызстанда жылыш да, өнүгүү да болбойт,-деп,

Саясат иликтөөчү Токтогул Какчекеев: - Роза Отунбаева экзамен албай эле соттордун деңгээлин карап көрдү, бул жөнөкөй эле маек болду. Андыктан президенттики эң туура. 20 жылдын ичинде кандай гана үрөй учурган окуяларды көрдүк. Түрмөгө кесилген бандиттер менен мончолоп жүргөндөрдү, алардын акчасын алгандарды, баңгизат менен колго түшкөндөрдү түрмөдөн бошоткон соттор болду. Ошондойлорду жок кылыш үчүн жалпы журт ушундай сунуш киргизип, президент ошол элдин суроосун аткарды, - деп,

Саясатчы Эркин Бөлөкбаев: - Биздин соттордо адилеттик жок, паракорчулук күч алган. Биз ошондуктан “Сотторду тазалоо кыймылын” түзүп, ушул багытта иштеп атабыз, - деп,

Журналист Жыргалбек Касаболотов, - Президент туура кылды. Грузин президенти Саакашвилиге да “Сен жаш, тажрыйбасыз адамдарды кызматка коюп атасың” деп доомат коюшканда ал: “Мен кызматка коюп аткандардын пара алуу жана мыйзамды аттап өтүү жагынан тажрыйбасы жок” деп жооп берген. Ошондуктан сотторго тажрыйбасы жок болсо да, билими бар жаштарды тартыш керек, - деп жооп берди.

“Де-факто” гезити “Атамбаев-Ташиев тандемиби же Атамбаев-Мадумаровбу?” деген суроого жооп издеди.

Саясатчы Азимбек Бекназаров: - Бул шайлоодо деле эл регионалдык принцип менен добуш берери көрүнүп калды. Айылдагы аксакалдардын көбү түштүктүк бир лидер менен түндүктүк бир лидер бириксе деп атат, - деп,

Саясатчы Топчубек Тургуналиев: - Эл эч качан бөлүнбөйт. Тандем түзүүнүн кажети жок, - деп,

Жазуучу Казат Акматов: - Табигый жол менен түзүлгөн тандемди кубаттайм. Бирок Кулов-Бакиевдей болуп, саясый кызыкчылыктын капшабында түзүлгөн мандемге каршымын, - деп,

Саясатчы Мелис Эшимканов: - Тандем жыргатат деген сөз 6-7 саясатчынын чыгарган жомогу. Биз түштүктө мониторинг жүргүзүп келдик. Ал жакта элдин маанайы жакшы, - деп,

Саясат иликтөөчү Марат Казакбаев: - Тандем түзүлсө кыргыздардын түндүк-түштүккө бөлүнгөнүн моюнга алгандыгы дегенге кошулам, - деп,

Саясат иликтөөчү Орозбек Молдалиев: - Тандем түзүүнүн эч кандай кереги жок. Биз мындай тажрыйбадан кетишибиз керек. Бул деген авторитардык ыкма. Азыр президенттикке аттангандар такка отурсам эле, баарын колума алам деп ойлоп атат. Андай болбойт, - деп жооп берди.

“Де-фактонун” бүгүнкү санынан сиздер “Кумтөрдүн алтыны каякка агат?”, “Чет өлкөлүктөр лицензия алган алтын кендеринде Кыргызстандын 1 пайыз да үлүшү жок”, “Максимдин схемасын улантып жатышат” деген макалаларды окуй аласыздар.

“Учур” гезити бандамачы Сабыр Муканбетов сот реформасын жана ага азыркы бийликтеги аткаминерлердин мамилесин сынга алган баянын басып чыкты.

“Аламан кейжи” сайтынан алынган “Мегаком. Максим Бакиев кайсыл компаниянын артында турат?” деген макаланы, “Айкөл Ала-Тоо” коомдук уюму Нариман Түлеевге нааразы” деген маалыматты жана шайлоого аттангандардын маектерин, муну менен бирге эле шайлоо, сот иштери тууралуу маалыматтарды, кайрылууларды, ой-пикрилерди окуй аласыздар.

“Айгай пресс” гезити жаңы санын Жолдошбек Токоевдин сотторду тандоо кеңешинин ишин талдоого алган макаласы менен ачты. Автор акыркы кезде жайнап чыккан бейөкмөттүк уюмдардын аракеттерине басым жасоо менен судьялардын кесиптик деңгээлине баа берүүдө жана акыйкат сотторду тандап алууда адам жанынын инженерлери аталган чыгармачыл адамдарга мүмкүндүк берип, президент бул ыплас кеңешти тез арада таркатуусу зарыл деген ойду айтты.

Ушул эле “Айгай пресс” гезитиндеги президенттикке талапкер Нурдин Мотуевдин маегинин аты “Текебаев президенттин укуктарын өз колу менен бутап, кесип салат да, кайра өзү президенттикке жулунуп жатат” деп аталды.

“Параграф” гезити “Кыргызстандын сотторун тазалоо” деп аталган жаңы түзүлгөн кыймылдын Кыргызстандын элине кайрылуусун басты. Анда: “Урматтуу кыргыз эли! Сиздер да жер-жерлерде коррупционер сотторго каршы кыймыл, уюмдарды түзүп, каршы тургула. Коррупционер соттор менен күрөштө бирге бололу. Соттордун адилетсиздигинен жабыркагандар бизге жазгыла? Акыйкат сотторду гана тандайлы” деп жазылган жана кыймылдын толук дареги берилген.

Аталган гезит Талас райондук кеңешинин депутаты Орозбек Курамаевдин “Андаш алтын кенин иштетем дегендер ата-баланы душман кылып койду” деген ат менен маегине окурман көңүлүн бурду.

Орозбек Курамаев Бакиев убагында Атамбаевди Таластан тостуруп, ташбараңга алгандарды уюштургандар Жер үйдө иштегендер болгонун, учурунда Таластын балдарын Атамбаев каматты деп каралашканын, бирок ал чатакка деги эле Атамбаевдин тийешеси болбогондугун, Атамбаев кайра ошол таш менен ургандарды аш менен уруп, камактан бошоттурганын, кендин айланасындагы талаштуу маселенин төркүнүн, кенди казууга кимдер кызыкдар болуп жатканын баяндап берди.

“Бош жүргөнчө президент болуп иштеп туралы” деген макала да ушул гезитте.

Асман преss” гезити саясатчы генерал Мирослав Ниязовдун “Мен сотторго баш оорутканым жок” деген ат менен маегин жарыялады.

Генерал Ниязов бүгүн жергиликтүү бийлик системасын түзүү ишин катуу колдоо керектигин, эл губернатор менен акимдерди өздөрү шайлап алганда гана бийлик жер-жерлерге өтөрүн, ал эми регионалдык куру патриоттулуктун айынан шайлоодо чатак чыгып кетиши мүмкүндүгүн белгилеп, азыркы бийликти башкаруу системасын коллективдүү жоопкерсиздик системага алып келди деп сынга алды. Ниязов ошону менен бирге, кокус шайлоодо чыр-чатак чыгып кетсе өлкөбүзгө Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун кеңешине мүчө өлкөлөрдүн күчтөрү кирип, сырттан башкаруу системасына өтүп кетүү коркунучу барын, бул деген кыргыздын ар-намысына тийе турган иш болорун, өз өлкөсүн өзү башкара албай калды деп дүйнөгө уят болорубузду кеп кылды.

Гезит андан ары “Дордой” соода бирикмесинин ардактуу президенти Аскар Салымбековдун маегин тартуулады. Аскар мырза футбол маселесиндеги жасап келаткан иштерин, стадиондорду куруу жагында көрсөтүп келаткан көмөгүн белгилөө менен азыр жаш жана жаңы күчтөрдү бириктирген түбөлүктүү партия түзсөм деген оюн ишке ашырып жатканын айтып берди.

Басылмада “Айкөл эл” партиясынын лидери Эдил Байсаловдун маеги, Саламаттык сактоо министри Сабыр Жумабеков тууралуу макала да бар.
XS
SM
MD
LG