Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:42

Гезиттер өлкөдөгү соңку окуяларга өз баасын берүүдө.

“Арена.kg" гезити "КСДП КПССке, анан “Ак жолго” айланып баратат” деген макала менен жаңы санын ачып, ушул партиянын ишмердигин сынга алды. Басылманын бул санына Азимбек Бекназаровдун Баш мыйзамдын тегерегиндеги Текебаев менен болгон ыйкы-тыйкысына карата билдирүүсү, Токтайым Үмөталиеванын “Ата Мекен” партиясы Майрам Акаеванын демилгеси менен уюшулган” деген, депутат Жылдыз Жолдошеванын “Атамбаев сөөмөй кезеп, эл өкүлдөрүн кекетип сүйлөгөнү туура эмес болуп калды” деген маектери басылды.

“Пресс.kg” гезити “Президент айтты, калгандары кандай дейт?” деген баштеманын алдында Алмазбек Атамбаев парламентте сүйлөгөн сөзүндө мамлекеттик мекемелерде жердеш, тууган, аяш же классташтарын кызматка сүйрөп келген кыргызчылыкка каршы катуу көзөмөл болорун айтканын белгилеп, буга карата ой-пкирлерди жарыя кылды.

Депутат Равшан Жээнбеков: Бүгүн өкмөткө депутаттардын, министрлердин туугандары мамлекеттик кызматтарга биринин артынан бири келип жатат. Президенттин да туугандары келип жатат. Указ чыгарып коюп сүйлөгөн менен, сөзү ишине дал келбей жатат.

Депутат Турсунбай Бакир уулу: Тандалуучу соттордун арасында Атамбаевдин тууганы олтурат. Эгер ошондон кийин мыйзам бузуулар болсо биз жөн олтурбай чыр-чатакка барабыз. “Ыймандуу бийде тууган жок, туугандуу бийде ыйман жок” деген макал бар.

Саясат таануучу Марат Казакбаев: Президент тууганчылык болбой, профессионализм болушу керек деп эң туура айтты. Атамбаев азыркыга чейин бир да тууганын кызматка алып келе элек, - деп жооп берди.

“Асман press” гезити депутат Өмүрбек Абдырхмановдун интервьюсун тартуу кылды. Анысында эл өкүлү Текебаев менен кантип душман болуп калганын кенен баяндап келип: “Эгер Текебаев дагы бир жолу өзү тийишип, мага муштум көтөрө турган болсо, менде регистрациясы бар тапанчам бар. Залдан эле депутаттардын көзүнчө атып таштайм! Мен бул тапанчаны өзүмдү коргош үчүн алгам. Текебаев менин көзгө атар мерген экенимди да билет. Далай жолу бөтөлкө атышканбыз, - деп айтты.

“Учур” гезитине “Жаңы Кыргызстан” саясый партиясынын лидери Үсөн Сыдыков маек куруп, кабарчынын: "Бекназаров айтпады беле, “Биз Сыдыковду камабасак, ал бизди камамак?” деп деген суроосуна мындайча жооп берди:

- Мени каматып жок кылам дегендердин өздөрү жооп берчү саат келет. Ош жана Жалал-Абад окуясына, ячейкадагы акчаларга “отчет” берчү күн алыс эмес. Мен өмүр бою саясатта жүргөн кишимин. Камап койсо эле коркуп калбайм. Эки ай мурун Атамбаев резиденцияга чакыртты, ошондо ага ачык эле айттым: Кадр саясаты туура эмес, көрүнгөндү бийликке алып келдиңер. Экинчиден, парламентти жөндөбөсөңөр болбойт, баары жеке кызыкчылыкка кирип алды” дедим. Мына кечээ эле солто, сарыбагыш жыйын өткөрдү. “Менин партиямдын мүчөсү же тууганым эле” деп, көрүнгөн немени бийликке алып келишти. Мунун аягы жакшы болбойт, - деп айтты Үсөн Сыдыков.

“Де-факто” гезитине “Бабановдон калган жарманы Жантөрө жайлайбы?”, “Кыргызстанга Путин келатат” деген макалалар, Акылбек Жапаровдун: “Премьердин да, менин да кетишим саясый чечим болду” деген, депутат Жылдыз Жолдошеванын "Атамбаевдин душманы –Текебаев” деген, депутат Өмүрбек Текебаевдин “Бекназаровдун эки жылдан кийин “Мен билбей калыптырмын” дегенин түшүнбөйм” деген маектри басылып чыкты.

“Айат” гезитиндеги “Өлкө жоопкерчилиги КСДПга өттү. Атамбаевдин командасы саясатты бириктире алабы?” деген макаласында журналист Балбак Түлөбаев эми президентке да, Жогорку Кеңешке да, өкмөткө да тоскоол боло турган күч жок экенин, бардык бийлик бутактары бир пикирдеги команданын колуна тийгенин, эгер президент жана анын кураган командасы бул жолу элдин ишенимин жоготсо, анда ал ишенимдин куну өтө кымбатка турарын, эл дагы эле бийликтен кет-кет эмес, кел-кел заманын күтүп турганын, жалпы элдин азырынча ниети да, тилеги да таза экенин, бирок чечкиндүү аракеттер көрүлбөсө эл тескери бурулуп кетерин, анда аябай кеч болуп каларын эскертти.

Ушул эле “Айат” гезити энергетика эксперти Расул Үмбеталиевдин “Ууланган көмүрдү быйыл да алып келүүгө аракетенишүүдө” деген маегине орун берди.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG