Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:30

Бата алуунун өзү бакыт


Бишкек. Үйлөнгөн жаштар бата алууда. 2013-жыл.
Бишкек. Үйлөнгөн жаштар бата алууда. 2013-жыл.

“Биймерген” бийи тууралуу толук маалымат менен бүгүн жарык көргөн “Майдан” гезити тааныштырды.

“Майдан” гезити “Бекназаров ким? Чындыкты баарынан жогору койгон баатырбы же ыңкылаптан өз пайдасын көздөгөн көрпендеби?” деген суроо менен айрым саясат майданында жүргөн адамдарга кайрылды.

Депутат Өмүрбек Абдырахманов: - Бизге ал киши жагабы же жакпайбы, кыргыз саясатындагы белгилүү инсан. Саясатчылар ар дайым өз кызыкчылыгы үчүн күрөшөт. Бирок ошол кызыкчылык мамлекеттин кызыкчылыгы менен төп келеби, кеп ушунда,- деп;

Жарандык коомдун өкүлү Рита Карасартова: - Жеке тааныштыгым жок. Бирок ал Аксыдагы жаңжалдын чыкпай коюшуна күчү жетмек. Бирок ал тескерисинче абалды курчутуп, элди көтөрүп, бийликти алмаштырганга чейин барды. Бул адам бийликти кетирүүдө кандайдыр бир салымын кошот да, бузулганды оңдогонго келгенде өз кызыкчылыгына жеңдирип жиберет,- деп;

Депутат Дастан Бекешов: - Ал мамлекетке эч кандай пайда алып келген эмес. Ал көтөрүп жаткан Кумтөр жана башкалардын баары чыр чыгаруу үчүн гана шылтоо.“Кумтөр жок болсо “Мегаком”, ал болбосо “Билайн” шылтоосун таап чыга берет. Булар да болбосо “Бакиевди эмне үчүн Кыргызстанга алып келген жоксуңар” деп чыгат,- деп;

Элдик демократиялык партиянын лидери Артур Медетбеков: - Мен учурунда оппозициялык күчтөрдү бириктирүү боюнча сунуш түшкөндө баш тарткам, себеби, анын катарында Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү, анын бири Бекназаров бар экен,- деп;

Журналист Бермет Маликова: - Кээ бир басылмалар Бекназаровду революциянын бульдозери эмес эле арабасы болуп калды деп атышат. Эски дөңгөлөктөрү кыйчылдап калган арабанын канчалык алыска барарын көрөбүз,- деп жооп берди.

Ушул эле “Майдан” гезити жаңы санында “Бийдин башы - Биймерген” деген баштема менен бий тууралуу кыргыздын байыркы уламышты, ага жазылган ырдын текстин жана “Биймерген” деген бийдин ырын ырдап чыккан таланттуу ырчы кызыбыз Айжамал Кабылованын интервьюсун басты.

“Көк асаба” гезити ”Манас” эларалык аэропортунда орнитолог болуп иштеген бүркүтчү Руслан Кубатбековдун “Аэропорттогу канаттуулар үн тарсылдагын тоготпой калышкан эле”,- деген ат менен интервью берди.

Маектин ээси Руслан оринтолог кызматында иштегендер самолеттордун учушуна тоскоолдук кылган канаттууларды техникалык каражаттардын жардамы менен кубалап келишкенин, анткени куштар самолетторду аварияга учуратып койгон учурлары болорун, ошондуктан бир жылдан бери куш салган мүнүшкөрлөргө ушул кызмат тапшырылып, колдо тапталган куштары менен аэропорттогу аба мейкиндигинин коопсуздугун карап, ар кандай канаттуулардан тазалап келаткандыгын айтып берди. Руслан ошондой эле аэропорттту көбүнчө ылаачын куш менен тазалап турарын, мындай ыкма АКШ, Англия, Испания жана Канададагы өнүккөн өлкөлөрдө, эң чоң дүйнөлүк аэропорттордо кеңири колдонуларын да кошумчалады.

“Тарыхтын актай барактары” деген аталыш менен атасы Төрөкул Айтматов жана репрессияга туш болгон кыргыздын чыгаан уулдары жөнүндө баяндаган Роза Айтматованын эскерүүсү сандан-санга жарыяланууда.

Улуу акыныбыз Алыкул Осмоновдун 100 жылдыгына карата Кочкордун К. Мамбеталиев атындагы орто мектебинин мугалими Өзүбек Абдыкалыковдун Алыкулга арналган ыры жана Алыкул менен козу кайтарып калган агездеги 5-6 жаштагы кыз, азыр 89 жаштагы Токтобүбү апа менен 70 жаштагы Жеңишкан Курманбай кызынын эскерүүлөрү жарык көрдү.

“KG Групп” курулуш компаниясынын башкы директору Имамидин Ташовдун “Бата алуунун өзү бакыт. Бата - мансаптан да, байлыктан да жогору тураарын эске алсак” деген аталыш менен сүрөттөр коштолгон маеги “Көк асабанын” бүгүнкү санына басылып чыкты. Курулушчу маегинде компания куруп жаткан “Курманжан датка “ турак - жай комплекси жашоо-турмуштары бай эмес, орто саналган адамдарга, тагыраак айтканда мугалимдерге, дарыгерлерге, мекен сакчыларына жана мигранттарга багышталып курулуп жатканын, 12 кабаттан турган бул үйдөн мугалимдер менен дарыгерлер 116 квартира, милийсалар 48 квартира аларын айтты.

XS
SM
MD
LG