Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:55

Гезиттер: Үйдөгү сөздү коңшуга ташыба


“Айбат” гезити "Украинада жакпаган депутаттарды таштандыга ыргытышат, бизге да ошол керекпи?” деген баштемалар менен бүгүнкү санын ачты.

“Айбат” гезити Акинай Айдарованын “Өз үйүндөгү нанга жарыбаган ит, коңшу үйдүн короосунан сөөк издейт” деген ат менен Улуттук оппозициялык кыймыл жарыялаган “Кыргызстанды мамлекеттик башкаруунун жаңы концепциясын” сынга алган макала тартуулады.

Ушул эле санда “Бүгүнкү күндөгү оппозициямын дегендерге электораттын беш пайызы да ишенбейт”, “Улуттук оппозциялык кыймылдын коңшу өлкөлөрдүн башчыларына кайрылуусу провокация”, “Маданият тармагы маданияттан ныпым түшүнүгү жок министрден кутулду” деген макалалар да бар.

“Алиби” гезитине депутат Турсунбай Бакир уулунун “Талиева “киллер” журналисттердин, кресло талашкан артисттердин жана саясаттын курмандыгы болду” деп интервью берди. Ишинен түшүп калган министр жөнүндө депутат Бакир уулу: “Талиеванын артыкчылыгы – лейлектик саяктын кызы чындыкты дайыма бетке айткандыгында болду. Өкмөткө келгенде да даражасына карабай бардык чиновниктерди сындады. Бардык министрлер дал ушул Талиевадай талапты катуу коюп иштесе канакей? Эгерде Камила ажыны министр кызматында туура пайдаланышса, маселенин көбүн чечип берет болчу. Анын Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнун уюштурганын да баалашпады” деп нааразы болду.

Кыргыз эл жазуучусу Мелис Абакировдун “Эрөөл” деп аталган күү китебине жакшы ой-пикирин билдирген комузчу Кенжебек Алдаярдын “Эрөөл”- күү баяны” аттуу макаласы да “Алибинин” бүгүнкү санында.

“Фабула” гезити “Түбү Ысык-Көлдүк Үсөн Сакатаев деген неме казактарга барып иштеп келип, аракка тоюп алып аялын сабап, үйүнөн кууп чыккан соң өзүнүн карачечекей 3 жаштагы кызын сабап, кабыргаларын сындырып, бетин кескилеп, анысы аз келгенсип наристени зордуктап, акыры 24 жылга кесилген, эми ошол Сакатаевди Кыргызстандын омбудсмени коргоп жатат, эми кандай айтсак да бул кызматка Турсунбай Бакир уулунан өтөрү жок экен” деп жазды жаны кашайган журналист Баратбай Аракеев.

Ушул эле гезиттен Тиленбек Азыктын “Конституциянын ээси элби же Текебаевби?” деген сын макаласын да окуйсуздар.

“Жаңы агым” гезити коомдук ишмер Мамат Айбалаев маегинде чек ара маселеси тезирээк чечилбесе, Баткен эли Чүйгө көчүп кетерин, тезинен чече турган маселе көп экенин, маселен Талас, Көл, Нарында милиция кызматкерлери, чек арачылар 100 пайыз ошол облустардан болсо Баткенде баткендиктер 20 процентке да жетпестигин, демек Баткендеги милиция, чек ара кызматындагылардын 60-70 процентин жергиликтүү элден түзүш керек деген ою барын, анткени жергиликтүүлөр тажик тилин жакшы билгендиктен тажик тарапта эмне кеп-сөз болуп жатканын жакшы билип турушарын, бул дагы оңой артыкчылык эместигин, ошону менен бирге Баткенде мергенчилердин, мекенчил жаштардын атайын тобун түзүү керектигин, суунун жана жердин тартыштыгын кеп кылды.

Укук коргоочу Токтайым Үмөталиеванын “Де-факто” гезитине берген маеги “Каныбек Жороевдин жок жерден эркинен ажыратылып, соттолуп кеткендиги кейитет” дап аталып, ошол 7-апрелдеги кандуу окуяда ал Жороев менен түздөн түз байланышта болгонун, аянттагылардын койгон талаптарынын баарын президент Бакиевге жеткирип турганын, ошондон улам саат 11лерде Дүйшөбаев, 12ден өткөндө Текебаев, Атамбаев бошотулганын, ок атуулар кечки саат 5-6дан кийин күчөгөнүн, соттолуп кеткен Каныбек Жороевдин куралдуу күчтөргө эч кандай тиешеси болбогондугун, кыскасы Каныбек Жороев карт бөрүлөрдүн бийлик талашуу саясатынын курмандыгы болуп калганын айтты.

“Жаңы агым” гезитинин бул санына берген ички иштер министринин милдетин аткаруучу Мелис Турганбаевдин интервьюсу “Бишкек шаарында эл менен милицияны бири-бирине жакындаттык” деп аталды.

“Кыргызстанда газ арзандоодо” деген баш тема менен бүгүнкү санын ачкан “Кыргыз туусу” гезити октябрь айынан тартып пенсиялар көбөйүп, орточо пенсия 4600 сом болорун, өкмөт ошондой эле 1-июлдан баштап жылуулукка, 1-сентябрдан баштап электр энергиясына тарифтер жогорулаганын, бирок жарандардын белгилүү бир категорияларынүчүн жеңилдиктер сакталып калгандыгын маалымдады.

Журналист Догдурбек Юсупов Бишкектеги “Бүбүсара Бейшеналиева атындагы көчөдөгү үйлөргө илинген такталар “Б. Бейшеналиев атындагы көчө” деп, бакыйта жазылып илинип турганын, Бүбүсаранын аты качан Болот Бейшеналиевдин ысымына алмашты эле деп тактап көрсө, бул деген шаар бийлигинин улуттун жүзү болгон адамдарыбыздын аттарын да айрып биле албаган калпыстыгы экенин, ошентип Бейшеналиева атындагы көчө “эркек” болуп өзгөрсө, Тыныстанов көчөсү “Тыныстанова” болуп аялга айланып кеткенин кеп кылып, бул маселеге эмдиги жолу кенен кайрылмай болгонун кабарлады.

Чынында эле борбор шаардын ичиндеги көчөлөрдүн аттары баш катырмага айланганын, маселен канча жылдардан бери Бах көчөсү болуп келген көчөнүн аты дүйнөнүн улуу композитору Бахтын ысымында эмес жөн эле бир жашап өткөн Бах аттуу кишинин атынан коюлуп калып, ошол бойдон эч ким билбей бир кылымдай жашап келгенин айтсак биздин аткаминерлердин кантип иштеп келаткан “ишмердиги” белгилүү болот.

XS
SM
MD
LG