Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:01

Балдар билимден аксабаса


13-августта "Планета", "Алиби", "Кыргыз туусу" гезиттери жарык көрдү.

“Планета” гезити “Азыркы парламентти таратып, жаңы парламентти шайлоо менен өлкөдөгү саясий-экономикалык маселелер чечилет деген пикирге кошуласызбы?” деген суроо менен кайрылды.

Саясат иликтөөчү Азамат Акелеев: Соттордун начардыгынан, өкмөттүн алсыздыгынан ушундай кептер чыгууда. Мунун баары бийлик реформа жүргүзбөгөндүктөн болуп жатат.

Вице-премьер-министр Токон Мамытов: Күз келери менен коомдук-саясий абалды курчутууну көздөгөн ички жана сырткы күчтөр абдан көп. Оппозициясы да, позициясы да бар. Коркутуу жолу менен бийликке келүүнү каалагандар эт менен челдин ортосунда жүргөндөр/

Депутат Гүласал Садырбаева: Эскисин таратып жаңыны шайлоо мамлекет үчүн оор болот. Анткени шайлоого өтө көп суммадагы акча чачылат. Өлкөнүн бүгүнкүдөй абалына бир эле депуттар күнөөлүү эмес, күнөөлүү өкмөт, ошол өкмөттү шайлаган Жогорку Кеңеш күнөөлүү. Өкмөт мамлекет үчүн күч болушу керек эле.

Саясат иликтөөчү Токтогул Какчекеев: Президент Атамбаев, өкмөт, парламент кызматка жаңы киришкенде: “Биз мөөнөтүбүз аяктаганча иштейбиз” деген, андыктан буларга мүмкүндүк берип, аягына чейин иштетишибиз керек,–деген жоопторду беришти.


“Алиби” гезити Көл аймагы боюнча гезиттин өз кабарчысы Чыныбек Ажыбековдун “Көлдүктөрдү ынтымакка, биримдикке үндөгөн форум” деген макаласын тартуулады. Автор эки күн мурда Каракол шаарында Ысык-Көл элинин башын бириктирген "Ынтымак" форуму өткөнүн, жыйынды алып барган Кыргыз Республикасынын баатыры Бексултан Жакиев учурда Көл эли ынтымакка суусап турганын, ар ким өз ишин аткаруунун ордуна саясат менен шугулдана баштаганын, айрым учурда ушундай адамдар “эл бузарлардын” жетегине кирип кетип жатканын айтуу менен Жакшылык, Ырыс, Таалай, Ынтымак ызы-чуу, чаң тополоң болгон жерден качып турарын эскерткенин белгиледи.

Ушул эле “Алиби” гезити бүгүнкү санынан “Түлеевдин иши саясий буюртма экенине биротоло ынандыкпы?” деген тема менен Бишкек тургуну Алманбет Ашыракманов аттуу автордун Түлеевди жактаган макаласын жарыялады.
Журналист Адилет Айтикеевдин “Көк-Сай сапары” аттуу баяны да басылууда.

“Кыргыз туусу” гезити журналист Бермет Маткеримованын “Билимсиздик кедейликке жетелейт” деген макаласын басты. Макалада айрым бир маалыматтар боюнча, 60 миңге жакын бала мектеп босогосун аттай албай калып жатканы, анын себептери, билимсиз жаштар ар кандай жаман иштерге жакын болуп чоңоёру иликтөөгө алынган.

Нарынкүл Назаралиеванын макаласы “Чарбаларды ирилештиргенде гана дүйнөлүк рынокко чыгабыз” деп аталып, маселен дүйнөдөгү өнүккөн өлкөлөрдүн бири эсептелген Германияда илгерки союз учурундагыдай МТС сыяктуу бирикмелер барын, фермерлер айыл чарба техникаларын биргелешип пайдаланарын, бул өлкөдө бир фермер тракторду сатып алып башка фермерлердин жерин айдап берерин же бир нече фермер биригип алып жерди иштетишерин, анткени айыл чарба рыногунда атаандаштыкка туруштук берип, эл сатып алгыдай продукция өндүрүү үчүн сөзсүз ирилештирилген жамааттык уюмдарга биригүү зарылдыгын мисалга тартты.

Дагы бир эксперттин айтымында, Японияда айыл чарба кооперативдерин түзүү 1895-жылдан башталып, 1965-жылга чейин созулган. Японияда дыйкандар өстүргөн күрүчтү 100 процент мамлекет сатып алат. Дыйкандар чоң-чоң кооперативдик уюмдарга бириккен. Ошол уюмдар фермерлерге бардык шарттарды түзүп, проблемаларын чечип турат. Алтургай дыйкандарга бекер медициналык жардам көрсөтүп, чет өлкөлөргө эс алууга жолдомо берип турат. Сөзүн аяктап баратып гезит кабарчысы Кыргызстанда айыл чарба кооперативдерин түзүүнү өлкөнүн агрардык башкы саясатына айландыруу зарылдыгын мезгил өзү көрсөткөнүн белгиледи.

Аталган гезитте “Имарат-Курулуш” корпорациясынын башкы деректири Бейшенбек Иманалиевдин кызыктуу маеги да жарыяланды.
XS
SM
MD
LG