Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:41

“Тыңчы” мыйзамын парламент колдогон жок


"Тыңчы" мыйзамына каршы бейөкмөт уюмдардын акциясы, Бишкек, 2016-жыл

"Тыңчы" мыйзамына каршы бейөкмөт уюмдардын акциясы, Бишкек, 2016-жыл

Жогорку Кеңеште “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү” мыйзам долбоор кабыл алынган жок. Депутаттардын көпчүлүгү бул демилге жарандык коомду чектеп, өлкөгө келген эл аралык жардамдын кыскарышын шарттайт деп каршы чыгышты.

"Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" мыйзам долбооруна Жогорку Кеңештин жыйынына катышкан 111 депутаттын 65и каршы добуш берди. Демилгенин өтүшү арасат абалда экени талкуулоо учурунда эле белгилүү болгон.

Талкууга катышкан көпчүлүк депутаттар мыйзам долбоор жарандык коомчулукту чектеп, Кыргызстандын кадыр-баркына доо кетирерин билдирип жатышты.

Маселен, Социал-демократтар фракциясынан депутат Карамат Орозова бейөкмөт уюмдар парламенттин негизги өнөктөшүнө айланып, көпчүлүк мыйзамдык демилгелерге колдоо көрсөтүп келгенин айтып чыкты:

- Өкмөттүк эмес уюмдар эл менен тыгыз иштейт. Биздин негизги өнөктөштөр да бейөкмөт уюмдар. Өлкөдөгү парламентаризмди колдоо боюнча долбоорду иш алпарып, мыйзамдарды коомдук угууга алып чыккандар ошолор. Мамлекеттин колу жетпеген маселелер менен чечип, алар алектенип жатышат. Анан кантип аларды чектейбиз деп чыгабыз. Ошондуктан, бул демилгеге каршымын.

Ал эми депутат Аида Салянова болсо мыйзам долбоор толук болбой, андагы кемчиликтер өлкөдөгү жалпы бейөкмөт уюмдарды көзөмөлдөөгө шылтоо гана болорун белгиледи.

Ошол эле учурда айрым депутаттар бул демилге Орусияда кабыл алынган мыйзамдарды көчүрүп, Кыргызстанга таңуулоо экенин билдирип жатышты.

Мыйзамдын демилгечиси Галина Скрипкина

Мыйзамдын демилгечиси Галина Скрипкина

Мыйзам долбоорду кабыл алууга болот деп корутунду берген парламенттин Конституциялык мыйзамдар, сот-укуктук жана адам укуктары боюнча комитетинин төрайымы Галина Скрипкина демилге коммерциялык эмес уюмдардын ишмердигинде ачыктыкты камсыз кылуу максатын көздөрүн билдирди:

- Бардык аракет бейөкмөт уюмдардын каржылык булагы кайда экенин, мүлкү тууралуу ар бир жаран билсин дегенге эле багытталган. Алар акчаны кайдан алып жатат, эмне максатты көздөйт? Ушуну эле билиши керек. Андан башка максат жок.

Скрипкина мыйзам долбоор бардык коммерциялык эмес уюмдарга тиешеси жок экенин жана өлкөдөгү 73 гана уюмга тиешелүү болорун айтып жатты. Бирок депутаттардын “кайсы коммерциялык уюмдар” деген суроого жооп бере алган жок.

Орусия, Казакстанда тыюу салынган Мусулман жаштар ассамблеясы деген уюм бар. Бул уюм Кыргызстанда иш алып барып, депутаттарды каржылап, алардын ажылыгын уюштуруп берип жүрөт. Алар ээн-эркин иштеп жатат. Ошондуктан, бул жаатта да аныктап алуу керек.

Негизи Жогорку Кеңеште бүгүн каралган “Коммерциялык эмес уюмдар тууралуу” мыйзам долбоор, анын авторлору мурдагы чакырылыштагы депутаттар Турсунбай Бакир уулу, Нуркамил Мадалиев жана Надира Нарматова сунуштаган варианттан бир топ эле айырмаланат. Алгач бейөкмөт уюмдарды “чет элдик тыңчыга” теңеп, алардын ишмердигин туташ көзөмөлгө алуу сунушталган эле.

Бирок ал жумшартылып отуруп, акыркы вариантта бейөкмөт уюмдарды финансылык отчетун ачык жарыялоого милдеттендирүү каралган. Ошентип, эки жылдан бери кызуу талашка жем таштаган демилге өтпөй калды. Бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү мыйзам долбоордун кабыл алынбашын “жарандык коомдун жеңиши" катары баалоодо.

“Коммерциялык эмес укук” боюнча эл аралык борбордун өкүлү Аида Рустемованын “Азаттыкка” билдиришинче, мыйзам долбоордун өтпөй калышына бир нече фактор себеп болгонун билдирүүдө.

- Менин пикиримде, абдан көп факторлор таасирин тийгизди. Алардын арасында жергиликтүү жарандык коомдун да, эл аралык уюмдардын да ролун белгилесе болот. Ошондой эле абалды туура түшүнгөн депутаттардын орду өзгөчө. Бирок акыркы вариантта мыйзам долбоорду кабыл алуунун мааниси да калбай калды. Анткени алгач кайсы бир күчтүн буюртмасы сезилип турса, акыркы вариантта жарандык коомдун көзөмөлү астында өзгөртүлүп отуруп, маанисин жоготуп калды.

Ошол эле учурда айрымдар коопсуздук маселеси күчөп турган учурда ар кандай уюмдарга өтө этият мамиле кылуу зарылдыгын белгилейт. Жогорку Кеңештин депутаты Узарбек Жылкыбаев чочулоосун билдирүүдө:

- Терроризм деген күчөп турат. Мисалы, ар кандай ниети бузук уюмдар Ислам өлкөлөрүнөн деп террористтик максатта акча алып келсе, макул боло беребизби? Мен ушуну түшүнбөйм.

Кыргызстанда коммерциялык эмес уюмдарга аныктама берүүдө туура эмес түшүнүк бар экенин айткандар бар. Ага көбүнесе бейөкмөт уюм катары адам укугун коргогон уюмдар кабыл алынарын, бул туура эмес экенин коомдук ишмер Эдил Байсалов белгилейт:

- Бизде бейөкмөт уюм десе эле активдүү иш алып барган Азиза Абдирасулова, Төлөкан Исмаилова баштаган укук коргоочуларды элестетип алабыз. БУУнун, Евробиримдик же ЕККУ каржылаган уюмдардын каражаттары так жана банк эсептери Салык инспекциясы аркылуу өтөт. Бирок өлкөбүздө башка мамлекеттерде тыюу салынган бир катар уюмдар иштеп келет. Мисалы, Орусия, Казакстанда тыюу салынган Мусулман жаштар ассамблеясы деген уюм бар. Бул уюм Кыргызстанда иш алып барып, депутаттарды каржылап, алардын ажылыгын уюштуруп берип жүрөт. Алар ээн-эркин иштеп жатат. Ошондуктан, бул жаатта да аныктап алуу керек.

Ал эми Байсалов атап жаткан Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн маалымат катчысы Рахматулла Мухамед өз уюму мыйзам негизинде иш алып барып жатканын айтып өттү:

- Биздин уюм мыйзамдын негизинде иш алып барат. Каржылык ачыктык бар жана башка өлкөлөрдө ага тыюу салынган эмес. Ал эми бейөкмөт уюмдарга көзөмөлдү күчөтүүнү колдойт.

Кыргызстанда беш миңге жакын коммерциялык эмес уюм иш алып барат. “Коммерциялык эмес укук” боюнча эл аралык борбордун эсебинде, алардын 65 пайыздан ашыгы толугу менен чет өлкөлүк каржынын негизинде ишмердик жүргүзөт.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG