Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:00

Ноокаттын башкы салыкчысын атып кетишти


Ош облусунун Ноокат районунда Салык кызматынын райондук бөлүмүнүн башчысы Сагынбай Алимбаевди кечээ кечинде, саат 19:00 чамасында атып кетишти. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, окуя Ош – Ноокат унаа жолунда болгон. Салыкчы Lexus RX маркасындагы жеке унаасында, Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн аймагында табылган. Белгисиз адамдар аны эки жолу төшкө, бир жолу башка атып кетишкен.

Ушул тапта Ош облусунун Ички иштер башкы башкармалыгы менен Ноокат райондук Ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлеринен турган оперативдик топ түзүлүп, иликтөө-тергөө иштери башталды. (IJz)

XS
SM
MD
LG