Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:17

Ноокаттагы окуя боюнча 20 киши кармалды


Бул туурасында ички иштер минисри Зарылбек Рысалиев, УКМКнын биринчи орун басары Марат Иманкулов маалымат жыйында билдирди. Бүгүн күндүз саат 12лер чамасында чогулган 200гө чукул кишинин ичинен 20 киши кармалган. Алардын ичинен беш-алтоо мас абалында болушкан. Бул факт боюнча кымыш иши козголуп, иликтөө амалдары башталды. Азыр Ноокат шаарында беш блокпост коюлду.

Бүгүн эртең менен Ноокат райондук салык инспекциясынын башчысы Сагынбек Алимбаевдин туугандары райондук администрациянын алдына чогулушкан. Алар менен Ош ички иштер башкармалыгынын өкүлдөрү келип сүйлөшкөндөн кийин алар тарап кетишкен. Андан кийин чогулгандар Сагынбек Алимбаевди өлтүрүүгө буйрук берген деп шектелген адамдын үйүн өрттөп жиберишкен. Өрттү эки өрт өчүрүүчү машина келип өчүргөн. Ал жерден жабыркагандар болгон жок.(AzK)

XS
SM
MD
LG