Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:01

Дин чөйрөсүндө Ноорузду майрамдоо керекпи же жокпу деген суроолор кызуу талкууланып келет. "Азаттык" мына ушул маселенин тегерегинде талкуу уюштурду.

"Азаттыктын" “Биз жана дин” талкуусуна Ишеналы Арабаев атындагы университеттин теология факультетинин жетекчиси Эрмек Бектуров, Ош мамлекеттик университетинин теология факультетинин мугалими Ниязалы Арипов жана Арашан гуманитардык институтунун теология факультетинин окутуучусу Кубанычбек Айдарбеков катышты.

"Азаттык": Кубаныч мырза, адегенде бул майрамдын тарыхына токтоло кетсеңиз. Анын башаты кайдан чыккан дегендей...

Кубаныч Айдарбеков: Нооруз кыргыз элинде жаңы күн, жаңы жыл, улуу күн, жаз майрамы, жыл ажыраш деп аталып келген. Тарыхта б.з.ч. VII кылымда зороастризм дининде майрам катары кабыл алынган. Диндер тарыхын алып карасак, биз билген Хорезм аймагында иудейлер ушул майрамда кудайга жалбарып, тилек айтып, дуба кылышкан. Абу Райхан Бируни “Нооруздун мекени – бул Хорезм тарап” деп айткан.

"Азаттык": Эрмек агай, ал эми кыргыз эли үчүн, кыргызстандыктар үчүн Нооруз кандай мааниге ээ?

Сүмөлөк

Сүмөлөк

Эрмек Бектуров: Эгерде биз тарыхын алып көрсөк, бул жанагы зороастризмден келген диний майрам болуп эсептелет. Бирок Кыргызстанда бул диний майрам катары эмес, көпчүлүк убакта элдик, салттык майрам катары белгиленип келген.

Биз социологиялык иликтөө жүргүзгөндө “Нооруз сиз үчүн кандай майрам?” деген суроо бергенбиз. Ошондо 2022 студенттин ичинен 495и “расмий мамлекеттик” деп, 185и “диний” деп, 1197и “элдик, салттык” деп жооп берген.

"Азаттык": Ниязалы мырза, ал эми сиздин оюңузча кыргыз элинин жашоосунда Нооруздун орду кандай?

Ниязалы Арипов: Кыргыз элинде Нооруз майрамы – бул элдик майрам. Эл аны зороастризмге, бутпарастарга окшойлу деп белгилебейт. “Жаз келди, көк чыкты, кудайым аманчылык берсин” деп бир жакшы, аруу тилек айтышат.

Нооруз, 21-март, 2015-жыл

Нооруз, 21-март, 2015-жыл

Эрмек Бектуров: Бирок биз Ноорузду майрамдаганда ысырапкерчиликке жол берген нерселерди жасап жатабыз. Мисалы, окуу жайлар ушул майрамга карата аябай даярданышат. Шааң-шөкөт уюштурат. Ага мугалимдер каражат чогулткан учурлар болууда.

"Азаттык": Албетте, аша чаап кетүү туура эмес. Бирок чени менен элдик, улуттук, мамлекеттик майрам катары белгилесе болобу? Кубаныч мырза, сиз кандай деп ойлойсуз?

Кубаныч Айдарбеков: Ислам укугунда Ноорузду тосуу боюнча үч көз караш бар. Биринчиси - Ноорузда зороастризмден калган адаттарды аткарып, оттон секирип, дуба кылган. Экинчи көз караш боюнча, бул падыша берген өкүм. Азыркы учурда Ноорузду мамлекеттик деңгээлде тосуп жатабыз. Мында зыяндуу эч нерсе жок. Себеби, аны жаз майрамы катары эсептейбиз.

Эл Ноорузду зороастризмге, бутпарастарга окшойлу деп белгилеп жаткан жок. Бүгүнкү күнү элибиз муну кадимки “жаз майрамы, көк майрамы” деп атап келатат.

Ал эми, үчүнчүсү - дыйкандар жаз келгенин, күн менен түндүн теңелгенин белгилейт. Ушул жылы аманчылык болсо экен, түшүм мол болсо экен деген ниетте кудайдан сурап, Ноорузду майрамдаса да болот.

"Азаттык": Ниязалы ажы, Кыргызстанда Ноорузду элдик майрам катары майрамдагандардын саны өсүүдө. Биздин ата-бабаларыбыз муну кандай майрамдаган? Кандай майрам катары көрүшкөн?

Ниязалы Арипов: Албетте, буга тарыхчылар баа бериши керек деп ойлойм. Биз диний өңүттөн караганда, исламдык, диний майрам эмес экендиги анык. Динибизде билесиздер эки улуу майрам бар: Орозо айт жана Курман айт. Мындан башка көптөгөн элдик, мамлекеттик майрамдар бар. Кеп майрамдын мазмуну, ичиндеги нерселер исламга каршы келеби же жокпу дегенде. Эгер, ишенимге, диндин негизги баалуулуктарына каршы келген жөрөлгөлөр, ысырапчылык, ырым-жырым, ширк кошуу сымал өзгөчөлүктөр аралашса, бир гана Нооруз эмес, кандай гана майрам болбосун туура эмес. Бүгүнкү күнү майрамдардын ички мазмунун жакшыртууга көңүл бурушубуз керек.

"Азаттык": Эрмек агай, сиз кандай деп ойлойсуз? Орозо жана Курман айттан башка майрамдарды тааныбаган адамдардын көз карашын кандай деп баалайт элеңиз?

Эрмек Бектуров: Биз демократиялык мамлекетте жашап жатабыз, дин тутуу эркиндиги берилген. Демек, кайсыл бир майрамды майрамдоо жарандардын өз эрки. Муну менен катар ханафий мазхабынын негизинде ар бир улут өз каада-салтын, маданиятын, тилин, дилин сакташы керек. Нооруздун кайрымдуулук, тазалык, эл менен катнаш, өтүп кеткен маркумдарды эстеп куран окуу, таарынышып кеткендерди элдештирүү сыяктуу пайдалуу эрежелери да бар.

"Азаттык": Кубаныч мырза, Эрмек мырза “кандайдыр бир майрам исламда бар же жок экендигинде эмес, исламга канчалык ылайык экендигине карап майрамдалышы керек” деген пикирди айтты. Сиз муну колдойсузбу?

Кубаныч Айдарбеков: Имам Аазам Абу Ханифа мазхабында үрп-адат негизги орунда турат. Себеби үрп-адат эгерде, куран менен сүннөткө каршы келбеген болсо, анда аны эл арасындагы жакшы ниеттерди ишке ашырууда колдонсо болот. Эгерде, ислам дүйнөсүндө Нооруз зороастризм деп эсептелген болсо, Омар Хаямда, Бируниде, Жусуп Баласагындын "Кутагду билигинде", Мисирде, Палестинада, керек болсо Балкан өлкөлөрүнө чейин Нооруз майрамы “Жаз майрамы” б.а. элдик майрам катары майрамдалып келген.

Ноорузду майрамдаганда биз өтө чоң ысырапкерчиликке жол берген көп нерселерди жасап жатабыз.

"Азаттык": Кыргыз эли, Кыргызстандагы мусулмандар үрп-адат менен динди кантип айкалыштыра алат? Айкалыштырса болобу? Улуттук баалуулуктар, үрп-адат, каада-салттарыбыз, тарыхый баалуулуктарыбыз бар. Ошол эле мезгилде ислам деген диний баалуулугубуз бар эмеспи.

Ниязалы Арипов: Ханафи-мазхабынын өзгөчөлүгүнүн бири бул үрп - адаттар, каада - салттарга толеранттуу карай билүү. Айрым үрп - адаттар инсандарга да, динге да каршы экенин билебиз. Айталы, ысырапчылык, ичимдик ичүү адамдын өзүнө да зыян.

Эрмек Бектуров: Дин менен каада-салттын биригип кетиши көпчүлүк убакта диний маалыматтын коомчулукка жетпегендигине байланыштуу. Ошонун баарын “ислам” деп ойлошот. Бул да болсо диний маалыматтын коомчулукка жетпей жаткандыгынан улам болууда.

Кубаныч Айдарбеков: Дин таануучулар, теологдор, этнологдор бирге иштешибиз керек. Себеби, дин менен байланышы жок көптөгөн үрп-адаттар бар. Алар элде дин катары кабыл алынып калган. Ошону биз электен өткөрүшүбүз керек.

  • 16x9 Image

    Маметбек Мырзабаев

    "Азаттык" менен кызматташкан авторлордун бири. Ислам изилдөө илимий институтунун директору, дин социологиясынын доктору.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG