Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:47

Белгилүү комузчу жана дастанчы Нурак Абдрахманов 65 жашта. Бул мааракеге утурлай анын “Бул дүйнө” деп аталган концерти Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өттү. Ага комузчунун жоон топ шакирттери жана белгилүү ырчылар катышып, автордун бир катар ыр-күүлөрү жаңырды.

Нурак Абдрахманов - кыргыз музыкасы үчүн чындап күйгөн, чыгармачыл дыйкан. Дайым изденүү үстүндө. Кыргыз дегенде жанын төшөп, Ата Журтка болгон сүйүүсүн күү менен далилдеп келет. Анын ар бир күүсү тарых. Ар бир күүсүндө терең маани камтылган. Айталы, “Атиллахан”. Байыркы гундардын башында турган бул тарыхый инсанды комузчу кыргыздын түпкү атасы деп эсептейт:

- Атилла биздин түпкү атабыз болот. Адыл хан деп да жүрүшөт. Италияда жүргөн элем. Атилла ата Римде чоңойгон деген маалыматты уккан жайым бар. Анан байыркы шаарды кыдырып жүргөн кезде кичинеден кайрыктар келип олтуруп, акыры ушул күү жаралды.

Концертке келген элге комузчу “Ойгончу Туран” аттуу дагы бир жаңы күүсүн чертип берип, анын маани-маңызын минтип чечмеледи:

- Уламыш боюнча байыркы топон сууда жер бетиндеги айры буттун баары кырылат экен. Бул алааматтан Нук пайгамбардын 3 уулу келинчектери менен аман калыптыр. Ошол Нук пайгамбардын Яфас аттуу уулунан Арий, Туран деген эки бала төрөлгөн экен. Турандан азыркы түрк элдери тараган. Түрк өзү падыша болуптур. Турандын тукумдары Жапониядан Мажарстанга чейин отурукташкан. Ошол бир тукумдун балдары бириксе деген ойдо ушул күүнү жараттым да. Мисалы, бу Индияны эле алалы, 700 улут жашайт экен. Баары биригип, бир кубаттуу мамлекетти түздү. Кытайды карагылачы. А биз, Турандын тукумдары ымалага келе албай, ич ара эрегишип келебиз.

Нурак Абдрахманов чыгармачыл чөйрөгө 15 жашында кошулуптур. Жаштайынан Шекербек Шеркулов баштаган устаттардан таалим алган жаш комузчу баралына келгенде өз алдынча күү жаратууга ык коет. Мээнетинин акыбети кайтып, ушул жашка келгиче 20дан ашык күү жаратат. Билген кишиге бул чоң эмгек.

- Баш-аягы 20га жакын күү чыгардым. Кыргыз искусство тарыхында бул чоң жетишкендик. Үч-төрт күүсү менен эле өлбөс болуп калган залкарлар бар. Айталы, Токтогул, Ниязалы аталар. Бирок күү чыгаруу бул максат эмес, улуу өнөр. Эргүү келип калса, өзүнөн өзү жаралат. Андайда колдорум өзүнөн өзү эле кыймылдап, белгисиз жактан келген бир добушту илип аткан болот. Ал эми эргүү келбесе, өзүңдү кыйнабай тек койгонуң оң. Сөздүн кыскасы, күүгө жеңил-желпи караган болбойт да.

“Эн-тамга”- нукура кыргыз нотасы

Комузчу ушул жашка келгиче 100дөн ашуун шакиртти таптаган экен. Асты 60тан ооп калса, арты 6 жашта. Концертте алардын баары комузда кол ойнотуп, улуу комузчунун “Ата мурасы”, “Атиллахан” баштаган атактуу күүлөрүн аткарып беришти. Ушул жерден белгилей кетчү нерсе, Нурак Абдрахманов шакирттерине күү черткенди нота менен эмес, байыркы Орхон-Энесай тамгаларынын негизинде үйрөткөн экен.

Шакирттеринин бири мектеп окуучусу Алмаз Дүйшөналиев. Алмаз устатынан комуз кылдарын эн тамга ыкмасы менен кантип күүлөрүн көргөзүп берди:

- Нурак атанын колунда 2-класстан бери окуп келе жатам. Эксперименталдык эн тамгасы тобуна биринчи болуп катышкам. Нурак ата ойлоп тапкан “Эн тамга” ыкмасы бул - байыркы Энесай тамгаларына негизделген көрсөтмө. Бул ыкма менен комуз чертүүнү оңой үйрөнөсүң. Европа нотасына караганда алда канча жеңил.

Ал эми Саадабай Шатманов комузчунун курдашы. Ош шаарынан атайын концертке катышуу үчүн келген:

- Нуракты мен обончу катары билчү элем. Күүгө кийин киришти. Бирок билек түрө катуу киришти. Мурда бизде комузду 7-8 эле ыкма менен күүгө келтирчү. Ошолор менен концерт коюшчу, оркестрде да ойношчу. Нурак келди дагы жаңы ыкмаларды таап чыкты. Азыр болсо кыргыздын нукура, байыркы тамгалары менен комуз чертүү ыкмасын сунуштап жатат. Дагы бир жакшы сапаты күүлөрдү бөлбөйт да. Ниязалыныкы болсун, Карамолдонуку болсун баарын көркүнө чыгарып черте берет.

Ишеналы Арабаев атындагы университеттин музыка кафедрасынын доценти Кубат Жакыпов комузчу менен “Камбаркан” тобунда чогуу иштеген экен. Учурда экөө бирге, музыка сабагы үчүн китеп жазып атканын айтат:

- “Ала Тоо таңшыйт” деген жыйнактагы кыргыздын көптөгөн обондорун ушул эн белгиге салып даярдап атабыз. Китеп жакында жарык көрөт. Аны мектептеги музыка ийримдерине сунуштайбыз. Окуу куралы катары кетет да. Баш-аягы 50дөй обонду эн белги ыкмасына салып койдук.

Манасчы жана обончу

Концертте Нурак Абдрахмановдун атактуу күүлөрү менен катар обондуу ырлары да жаңырды. Айрыкча, “Аппак сүйүүң тартуула” аттуу ырын ырчы Юлия Руцкая кыргызча баштап келип, орус анан англис тилдеринде улап кеткенин залдагы эл кызуу кабыл алды. Ага чейин бул ырды аткарып келген ырчы Дилшат Кангелдиева комузчуга минтип баа берди:

- Нурак байке чынын айтканда бардык жагынан төп келген талант. Азыркынан залкары десем жаңылышпайм. Жан дүйнөсү жүзү аркылуу чагылып турган сүйкүмдүү карыя. Экөөбүз 25 жылдан чогуу иштедик. Бу киши эми көп эле күүлөрдүн автору. Болгондо да заманбап, философиясы терең мыкты күүлөрдү жараткан инсан. Обондору дагы кооз, ушунчалык уккулуктуу.

Концертке келген эл кыргыз рухунун туу чокусу болгон “Манас” эпосун да комузчунун аткаруусунда уга алышты. Жаш манасчы Замир Баялиев бул инсандын манасчы катары өз орду барын белгилеп өттү:

- Нурак ата санжырачы, комузчу, тарыхчы андан тышкары манасчы. Молдобасан Мусулманкуловдун вариантын дал өзүндөй кылып айта алат. Бир ирет Индиянын Дели шаарына чогуу бардык. Ошол жерден Нурак атаны тегеректеп күүсүн уккандар көп болду. Бул жактан анча билинбейт. Сыртка чыкканда башкача көрүнөт экен, аябай толкундандык.

Нурак Абдрахманов кыргыздын рух дөөлөтүнө барандуу салым кошкон инсан. Ал аткарган күүлөр музыка дүйнөсүнүн төрүнөн эбак орун алган. Комузчунунун бир эле Кыргызстан эмес, башка өлкөлөрдө да күйөрмандары жетиштүү. Бул анын чыгаан комузчу экенин айгинелейт.

  • 16x9 Image

    Санжи Туйтунова

    “Азаттыктын” Бишкек бюросунун кызматкери, веб-редактор. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университеттин бүтүрүүчүсү.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG