Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:10

Нурбеков - алгачкы диссидент, анык аристократ


Кубанычбек Нурбеков
Кубанычбек Нурбеков

Эрдик жана каармандык дегендин ар кандай түрлөрү бар го. Жоо жаракты шайланып, эл четинде, жоо бетинде жүрмөк бар - бул бир эрдик. Экинчи эрдик - ойдун, пикирдин эрдиги, баатырларча айтылган батыл сөздүн эрдиги. Биз сөз кылганы турган Кубанычбек Нурбековдун эрдиги - ошондой эрдиктердин биринен эле. Кыргыздан чыккан эң алгачкы диссидент, укук боюнча эң алгачкы илимдин доктору, эгемендик, улуттук көз карандысыздык дегенди сөз кылмак түгүл, ойлогондон корккон кезде айтып да, жазып да чыккан профессионал юрист, чыныгы атуул мына ушул киши болчу.

Ырас, кыргыз эли өз түндүгүн өзү көтөрүп, өз алдынча мамлекет болууну кылымдар бою эңсеп келген - муну нечен кур айтып да, жазып да келебиз. Cөз кыла келсек, бул чынында да өтө узун тарых, бүтпөй турган зор аңгеме. Башкасын коюп, мындан туура 2200 жыл башта кыргыз калкы өз башына өзү ээ мамлекет катары алыс менен жакынга таанылганын айтсак, ошондо эле кошуна Кытайдын өкүмдарлары менен теңата болуп кат жазышып, кадимкидей дипломатиялык карым-катнашта турганын кеп кылсак эле канча сөз. Ошон үчүн Бириккен улуттар уюму Нью-Йоркто, 2002-жылдын 20-декабрында Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгы тууралуу атайын чечим кабыл алган эмеспи.

please wait

No media source currently available

0:00 0:06:31 0:00
Түз линк

Кеп чынынан бузулбайт - Кыргызстандын эгемен мамлекет катары түптөлүшүнө эң негизги салымды Совет бийлиги кошту. Ошол Совет заманында керегебизди тикелеп, уугубузду учтадык. 15 союздук республиканын бири катары саналып, эл-журт катары калыптандык, социалдык жактан, экономикалык жактан бутубузга турдук. Саныбыз өсүп, канатыбыз жайылды. Илимге, билимге ээ болдук.

Бирок СССР көп улуттуу мамлекет болсо да, барып турган монолит мамлекет болчу. Ошол Советтер Союзундагы 15 республиканын бири катары жашап туруп, өз алдынча бөлүнүп кетүүнү, көз карандысыз мамлекетти курууну сөз кылуу эле эмес, ал тууралуу ой ойлоонун өзү мүмкүн эмес нерсе эле. Баарынан кызыгы, ошол жаасы катуу, тартиби күчтүү Совет заманында жашап туруп, Кыргызстан чоң Союздун курамынан чыгып, өз алдынча мамлекет болууга толук укугу жана шарты бар деп эч бир тартынбай туруп макала жазган, ал пикирин элге угуза айткан, илимий жактан негиздеген тарыхый инсан - юридика илимдеринин Кыргызстандагы биринчи доктору, профессор, анык атуул, алгачкы диссидент Кубанычбек Нурбеков болчу.

Баса, “диссидент” деген сөздү угармандарга учкай түшүндүрө кетейин: “диссидент” деп Совет мамлекетинин жүргүзгөн саясатына макул болбой, ошол макул эместиги үчүн куугунтук жеген, керек болсо чет мамлекеттерге чыгарылып кеткен адамдарды айтабыз. Маселен, Орусияда Александр Солженицын, Андрей Сахаров сыяктуу инсандар ошол “диссидент” деген инсандардын катарына кирет. Кыргыздан чыккан ошондой диссидент - профессор Нурбеков эле.

Эми профессорго нечен куугунтук жедирген, эртелеп ден соолугунан айырган эмне күнөөсү же катачылыгы бар эле деген сөзгө кайрадан келели. Профессор Нурбековдун негизги күнөөсү же саясий “катасы”- Советтер Союзунун тээ Ленин түбүн түптөп, андан соң Сталин заманында кабыл алынган Баш мыйзамына ылайык, Кыргызстан чоң Союздан бөлүнүп чыгып кетүүгө, өз алдынча улуттук мамлекет курууга толук акысы бар деген пикири, илимий постулаты эле. Ал пикирди Кубанычбек Нурбеков бир катар макалаларында, болгондо да орусча жазган макалаларында толук негиздеп, ал гана эмес “Возникновение киргизской советской национальной государственности” деген китебин жазып да чыккан болчу (Ф.: Кыргызстан,1964,150 б.).

Баарынан кызыгы, улуттардын өз алдынчалыкка болгон конституциялык укугу (право наций на самоопределение) СССРдин Баш мыйзамында ачыктан-ачык жазылган атайын берене болчу. Убагында ошол эле Ленин кайсы улут же калк Союздун курамынан чыгып кетем десе, ага эч бир тоскоолдук кылбоо керек деп убадасын да бергени жакшы белгилүү. Бирок Ленинден кийин Совет мамлекетине жетекчи болгон Иосиф Сталин бул жобону мамлекеттин Баш мыйзамында калтырса да, аны сөз кылган же козгогон кандай гана жетекчи же окумуштуу болсо да репрессия кылып, керек болсо аттырып жиберчү. Ал эми биз сөз кылып жаткан доордо, башкача айтканда, Никита Хрущев менен Леонид Брежневдин заманында (60-70-жылдар) андай адамдар эң эле кеминде партиядан чыгарылып, кызматынан куулчу. Кыргызстандын эгемендигин илимий жактан негиздеген профессор Кубанычбек Нурбековдун окумуштуулук татаал тагдыры ошол доорго, башкача айтканда, ошол жылдарга туш келди. “Улутчул”, “партиянын этикасын бузган” деген атка конуп, компартиянын курултайларында аты аталып, саясий куугунтукка туш болгон. 1972-жылы азыркы Кыргыз улуттук университетинин юридика факультетиндеги профессорлук кызматынан кол жууган. Кыргызстанга эле эмес, Союзга аты таанымал чоң профессор болгонуна карабай, араң дегенде Илимдер академиясында кенже илимий кызматкер катары кызмат өтөгөн. Чоң партиялык жыйындарда аты аталып, эч бир кечиримсиз “саясий ката кетирген” киши катары айыпталып, диссиденттик тагдырга кез келген. Ошентип ден соолугу начарлаган. Бир нече жолу инфаркт оорусуна чалдыгып, акыры 1985-жылы 57 жаш курагында каза тапкан.

Эми бул легендарлуу профессордун алган билимине, жасаган эмгектерине жана инсан катары айрым касиет-сапаттарына келели. Анын кыргыздан чыккан эң биринчи юридика илимдеринин доктору болгонун жогоруда айттык. Касиеттүү кең Таластын Кум-Арык айлында 1928-жылы төрөлүп, Ташкендеги юридика институтун 1951-жылы бүтүп, кийинчерээк кыргыздан чыккан эң алгачкы илимдин кандидаты жана доктору болгон. Терең билими, профессионалдык чоң деңгээли бар үчүн Улуттук университетте (КУУ) кафедра башчысына чейин көтөрүлгөн. Негизги көңүлүн конституциялык укук маселесине буруп, ондон ашык китеп, 100гө жакын илимий макалаларды жазган. Бирок жогоруда баса белгиленгендей, профессор Кубанычбек Нурбековдун катардагы атуул катары кыялын козгоп, түшүнө кирген, окумуштуулук оюн нечен жолу терметкен негизги маселе - Кыргызстандын эгемендиги, улуттук мамлекет катары бөлүнүү мүмкүнчүлүгү, суверенитети эле.

Эми профессор Нурбековдун адам катары, инсан катары касиет-сапаттарына да токтоло кетели. Сөздүн ток этерин айтсак, бул адам - укмуштуудай уникалдуу инсан болчу. Баарыдан мурун, тубаса аристократ, чыныгы ак сөөк эле. Ошол диссидент болуп жүргөн кезинде эле Нурбековдун интеллигенттигин, аристократизмин катардагы эле студенттер легенда кылып айтып жүрүшчү.

Мен, маселен, Кубанычбек агайды Илимдер академиясында иштеп жүргөндө көрүп-билип калдым. Бир жолу лифтте чыгып баратып, киноактер сыңары жашыл пиджак,­ ак көйнөк кийген ак жуумал адам ким менен болсо да жылмайып учурашып, “сиз” дегенин көрүп, өзүмчө таңыркаганым эсимде. Кийин сураштырсам, башта көп угуп жүргөн Нурбеков агай ошол болуп чыкты. Көрсө, ал киши ким менен болсо да ар дайым “сиз” деп сүйлөшөт экен. Деле өзүн алып жүргөнү, кийим кийгени, кийгенде да зор табит жана жарашык менен кийингени, чыныгы ак сөөктүк манералары, басканы-турганы чынында эле элден башкача болчу. Профессор Нурбековдун ак сөөктүгү, атасы Нурбек Таластан чыккан атактуу бий болгону, ал гана эмес бий болуп шайланганы тууралуу Олуя-Атадан (азыркы Тараз) алынган документи да бар экени анын көзү тирүү кезинде эле аңыз болуп айтылчу.

Кызматынан кол жууп, чоң партиялык жыйындарда аты аталган диссидент болсо да, эч качан капаланганын же таарынганын билдирчү эмес дешет легендалуу профессорду жакындан билген замандаштары. Бирок сыртынан билдирбесе да, ичинен нечен түйшөлгөнү түшүнүктүү нерсе го. Ошондуктан эртелеп ден соолугунан ажырап, жүрөк оорулуу болуп, ал оорусу бара-бара ашказанына доо кетирип, акыры рак оорусуна айланган. Ошентип легендарлуу профессор 1985-жылы 57 жаш курагында арабыздан кеткен. Башкача айтканда, нечен жолу кыялын дүргүтүп, ички дүйнөсүн ээлеген, ошол үчүн куугунтук жеген эгемендикке, 1991-жылдын 31-августуна алты жыл жетпей а дүйнө салган...

“Жакшынын аты өчпөйт, көзү өтсө руху өлбөйт, арбагы коштойт” деген кеп бар эмеспи. Анын сыңары, легендарлуу профессор жана чыныгы атуул, нака ак сөөк жана аристократ Кубанычбек Нурбековдун аты эч бир өчкөн жок. Ушу тапта Кыргыз мамлекеттик юридика университетинде К. Нурбеков атындагы мемориалдык кабинет иштейт. Ата конушу Таласта анын атындагы татынакай мектеп бар. Ал эми улуттук мамлекет, эгемендик, конституциялык укук тууралуу жазган эмгектери азыр да эч бир маанисин жоготкон жок жана кыргыз укук таануу илиминин классикасы болуп саналат.

XS
SM
MD
LG