Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:59

Иш убагында “чер жазган” аткаминерлер


Бразилияда өткөн Дүйнөлүк чемпионаттын жеңүүчүсүн сыйлоо, Маракана стадиону, Рио-де- Жанейро, Бразилия, 13.07, 2014
Бразилияда өткөн Дүйнөлүк чемпионаттын жеңүүчүсүн сыйлоо, Маракана стадиону, Рио-де- Жанейро, Бразилия, 13.07, 2014

Бир күндүк иш-сапар менен Монголияга кетип, ал жакта дээрлик 5 күн жүргөн өкмөт башчы Жоомарт Оторбаевди айрым саясатчылар сынга алышты.

Оппозиционер депутаттар Жоомарт Оторбаевдин жоругун катуу сындап жаткан чакта, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун башчысы Айбек Осмоналиевдин Франция, Бразилияда эс алып жүргөнү интернетте кызуу талкууга жем таштады.

Өкмөт башчы Оторбаевдин сапарын сындагандар ал 8-июль күнү расмий сапар менен Улан-Баторго жол тартып, бирок анысы 5 күнгө созулуп кеткенин, ал арада Баткенде чек ара чатагы чыкканын, бирок премьер-министр анда да дароо Кыргызстанга кайтып келбегенин жоопкерчиликсиз мамиле деп баалашты.

Алардын айтымында, Оторбаев монголдор үч күн катары менен эс алган "Наадам" майрамына да катышып жүрүп алган. Депутат Равшан Жээнбеков бул тууралуу:

- Мамлекетте суу жок, күйүүчү майдын баасы кымбаттап, экономика талкаланып, чек арада атышуу болуп жатса бир да мамлекеттин өкмөт башчысы беш күндөп сапарда жүрбөшү керек. Ашып кетсе 2 күн жүрсө болмок. Биздин премьер бир жумалап Монголияда сайрандап жүрөт.

Премьер-министрдин өлкөдө жок экени Баткенде чек ара чыры чыкпаса балким билинбей да калмак. Алтургай өкмөттүн маалымат кызматы да Оторбаев Кыргызстанда деп айтып, анысы көп өтпөй эле калп экени билинди. Бирок өкмөт башчыны канчалык сындашпасын анын Монголияга сапары жемиштүү болду дейт өкмөттүн басма сөз катчысы Гүлнура Торалиева:

- Жоомарт Оторбаевдин Монголияга сапары абдан натыйжалуу болду. Президент баш болгон бир нече жогорку кызматтагылар менен жолугушту. Айыл чарба, тоо-кен тармагында тажрыйба алмашуу болду.

Интернеттеги кызыл чеке талкууларда чек арада кырдаал курчуп жатканда өкмөт башчынын беш күндүк сапары акылга сыйбаган иш дешсе, алдым-жуттумдан алыс, таза иштеген өкмөт башчыны негизсиз каралоо туура эмес деп аны колдогондор да басымдуу. Оторбаев менен Монголияга чогуу барган Социал-демократтар фракциясынын башчысы Чыныбай Турсунбеков премьердин бир нече күндөп Монголияда калышын самолетко байланыштырды:

- Азыркы өкмөт башчы атайын учак менен учса каалаган убакта айдатса болот. Ал дайыма эл катары кадимки рейс менен учат. Менимче, ошол каттамды күтүп калды.

Айбек Осмоналиев.
Айбек Осмоналиев.

Премьердин узак мөөнөттүү сапары кызуу талкууланып жаткан чакта дагы бир аткаминердин окуясы ачыкка чыгып кетти.

Эмгек өргүүсүндө жүргөн Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жетекчиси Айбек Осмоналиевдин жубайы алар Париждеги Диснейлендде эс алып жүргөн жеринен сүрөттөрдү инстаграммга жарыялаган. Балким бул чиновник балалыкты сагынган чыгаар, бирок анын жубайы “Айбек эми Франциядан Бразилияга футбол чемпионатын көргөнү баратат” деп жазган. Декларация боюнча жылдык кирешеси эки жүз миң сомдон ашпаган бул аткаминер минтип дүйнөнү түрө кыдырганга акчаны кайдан тапты деген суроо жаралды. Өзү болсо албетте, биздин сурообузга жооп берүүдөн баш тартты. Ушул себеп болдубу же башка жагдайларга караштыбы Айбек Осмоналиевдин 9-июлда кызматтан алынганы белгилүү болду.

Айбек Осмоналиевдин эмгек өргүүсү 17-июлда бүтмөк, эс алууга мыйзамдуу укугу болгону менен анын ишинен жакшы натыйжа болбогону көпчүлүктүн сынына кабылып келген. Асанбай Пазылов деген Фейсбук колдонуучу “Алар баарын сатышты, жумуш жок, ошон үчүн эс алып жүрүшөт, керек болсо баарын эс алууга жиберип туруп министрликтерди кыскартуу керек” деп ачууланды.

Инстаграммдан алынган сүрөт.
Инстаграммдан алынган сүрөт.

Францияда, андан ары Бразилияда чер жазып жүргөн бул экс- чиновникти интернетте тепкилеп эле жатып калышты. Алар Осмоналиевди Максим Бакиевдин көздөй кишиси болгонун, эбегейсиз байлыкка ээ болуп туруп декларацияда аны жашырганын, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунда таптакыр реформа жасай албаганын сынга алышты. Осмоналиев ошентип Диснейлендде жүргөн учурунда кызматынан алынды. Анын абдан жабык аткаминер экенине буга чейин журналисттер өкмөткө бир нече ирет арызданып келгенин “Вечерний Бишкек” гезитинин сайты жазып чыкты.

Ак үйдөгү ишенимдүү булактын билдиришинче, Осмоналиев кызматка дайындалганда Мүлк фондундагы системалашкан ири коррупциялык схемаларды жоюу талабы коюлган, бирок ал бул фонддо өзүнүн схемасын түзүп, ири коррупциялык иштерге жол берүүдө деп өкмөт башчылардын купулуна толбой келген. “Осмоналиевге балким кылмыш иши ачылышы мүмкүн”,- деди ишенимдүү булактар.

Ал эми премьер-министр Жоомарт Оторбаевди оппозициялык депутаттар күчү жеткен Фейсбук барагы аркылуу сындашты, адатта мындай ишти ийне-жибине чейин иликтеп, комиссия түзө салчу “Ата Мекен” партиясы бул ирет үн каткан жок.

  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG