Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:22

Орусияда Покемон кармаган блогер камакка алынды


Орусиянын Екатеринбург шаарынын соту блогер Руслан Соколовскийди 23-январга чейин камакка алуу чечимин чыгарды. Ага экстремизм жана динзарлардын сезимдерине акарат келтирди деген айыптар коюлду.

Блогер чөнтөк телефону менен Pokemon Go оюнун ар кайсы жерде, анын ичинде православ чиркөөсүндө ойноп жатканы тартылган видеосун социалдык тармакта жайгаштыргандан көп өтпөй камакка алынган.

3-сентябрда сот аны эки айга камоо чечимин чыгарып, бир нече күндөн кийин үй камагына өзгөрткөн. Бирок сүйлөшкөн кызы - бул иштеги ыктымал күбө - үйүнө барып туулган күнү менен куттуктаганын сот мыйзам бузуу деп сыпаттады. Ошондой эле сот Соколовский интернетти пайдаланып, үй камагынын шарттарын бузууда деп тапты.

XS
SM
MD
LG