Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:26

Мухтар Аблязов эркиндикке чыкканы айтылууда


Эркиндикке чыккан Мухтар Аблязов (ортодо) үй-бүлөсү жана жакындары менен.
Эркиндикке чыккан Мухтар Аблязов (ортодо) үй-бүлөсү жана жакындары менен.

Казакстандык мурунку банкир жана оппозициячы Мухтар Аблязов үч жарым жылдан бери камалып турган түрмөдөн, Франциянын Мамлекеттик Кеңеши, өлкөнүн административдик жогорку соту аны Орусияга экстрадициялоо тууралуу буйрукту жокко чыгаргандан кийин бошотулду.

БТА банктын мурунку жетекчиси эркиндикке чыкканы тууралуу анын жакындары Фейсбукта жазышууда. Аблязовдун кызы Мадина Фейсбуктагы баракчасына үй-бүлөсү жана адвокаты менен чогуу бир столдо отурган сүрөтүн жарыялады. Буга чейин Мадина Аблязова атасынын адвокаттары менен көчөдө түшкөн сүрөтүн баракчасына койгон эле.

9-декабрь күнү Франциянын Мамлекеттик кеңеши Мухтар Аблязовду Орусияга экстрадициялоону жокко чыгарып, аны өткөрүп берүү талабын саясий себептер менен байланыштырган.

7-декабрь күнү БУУнун кыйноолор боюнча атайын баяндамачысы Нильс Мельцер расмий Парижди Аблязовду экстрадициялабоого чакырган. Ал Аблязов Орусияда кыйноолорго кабылуусу ыктымалдыгын же Казакстанга өткөрүлүп берилерин айтып, мекенинде да Аблязовду азап күтүп турганын билдирген.

2015-жылы сентябрда француз өкмөтү Аблязовду экстрадициялоо боюнча Орусия менен Украинанын өтүнүчтөрүн жактырган эле. Француз бийлигинен Мухтар Аблязовду өткөрүп берүүсүн суранып, Казакстан да кайрылган. Бул өлкөлөр Аблязов 5 миллиард долларды менчиктеп алган деп айыпташкан. Мухтар Аблаязов айыптоолорду четке кагып, куугунтуктун саясий себептери бар экенин билдирип келген.

XS
SM
MD
LG