Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:05

ММК: ЦРУ АКШдагы президенттик шайлоого Орусия кийлигишкенин аныктады


Бул тууралуу The Washington Post гезити жазды. Ага ылайык, атайын чалгын кызматтары WikiLeaks сайтына Демократиялык партиянын жана Хиллари Клинтондун электрондук почталарынан каттарды берген адамдарды аныктап чыгышкан. Гезиттин булактары бекемдегендей, алар орус бийликтери менен байланышы бар жана ошол кездеги президенттикке талапкер Дональд Трамптын кызыкчылыгы үчүн аракеттенишкен.

Трамптын штабында болсо, бул маалыматтарды жокко чыгарып, “шайлоо качан эле аяктаганын”, эми “алдыга жылуу керектигин” билдиришти.

Демократиялык партия бир нече жолу WikiLeaks Орусиянын атайын кызматтары менен байланыштуу хакерлерден маалымат алып жатканын айтып чыккан. Азырынча бул маалыматтар расмий жарыялана элек.

АКШ президенти Барак Обама 9-декабрда чалгын кызматтарына АКШдагы президенттик шайлоого Орусиянын кийлигишкени тууралуу бардык маалыматтарды даярдап, элге жарыялоону буйруду.

XS
SM
MD
LG