Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:29

Күйүүчү май дагы кымбатташы мүмкүн


Иллюстрация
Иллюстрация

Соңку жумада бензиндин баасы эки сомго жогорулады. Нефтетрейдерлер ассоциациясы июль ичинде баа 15 пайызга чейин өсөрүн эскертип жатат.

Күйүүчү майдын кымбаттоосунун башкы себептеринин бири - дүйнөлүк рыноктогу мунай баасынын көтөрүлүшүнө байланыштуу. Мындан тышкары өкмөт акциздик салыкты да жогорулатты. Айдоочулар өз кезегинде капчыгын ойлоп, камтама болуп жатышат.

Бензиндин АИ-92 үлгүсү борбор калаанын май куюучу жайларында 38 сомдон сатылууда. Мындан бир жума мурун ал 36 сом деп турган эле. Ал арада Нефтетрейдерлер ассоциациясы күйүүчү май баасы ушул июль ичи дагы жогорулайт деген билдирүү таратты. Алсак, бензиндин маркасына жараша күйүүчү май 7 пайыздан 15 пайызга чейин кымбаттаарын айтышты. Буга биринчиден өкмөт бензиндин тоннасына акциздик салыктын баасын 3 миң сомдон 5 миң сомго көбөйттү. Натыйжада баанын көтөрүлүшү, күйүүчү майды дагы 1 сом 50 тыйынга кымбаттатышы мүмкүн болуп турат.

Дүйнөлүк баага көз карандыбыз

Монополияны жөнгө салуу агенттигинин жетекчиси Болсунбек Казаков “Азаттыкка” билдиргендей, күйүүчү-майлоочу майдын дүң баасы июль айында, июнга салыштырмалуу 6-14% чейин өскөн. Бензинге баа Орусиянын өзүндө дагы жогорулап жатат. Дүйнөдө мунай баасы көтөрүлө турган болсо, кырдаал бизге да таасирин тийгизбей койбойт.

- Мунай дүйнөдө кымбаттаса, анын аркасы менен бизде да майдын баасы көтөрүлө берет. Бирок бизге анын эпкини эки-үч айдан кийин келип тиет. Учурда баа эки жагдай менен көтөрүлүп жатат. Биринчиси - биз акциздик салыкты көтөрдүк, экинчиси - Орусияда дүң баасы көтөрүлдү, – деп билдирди Монополияны жөнгө салуу агенттигинин жетекчиси Болсунбек Казаков.

Дүйнөлүк рынокто 3-июлга карата мунай баасы 62 долларга келип такалды. Аналитиктер кара алтындын куну алдыңкы күндөрү дагы өсөрүн боолгошту.

Орусия баа саясатын калчайт

Нефтетрейдерлер ассоциациясынын мурдагы жетекчиси Жумакадыр Акенеев "Орусия экономикалык абалына карап, бензиндин баасын өзүнө да, коңшуларга да кымбат сатууда. Ал эми Кыргызстан Орусиядан 100% майды импорттогондуктан, баага эч кандай таасир этүүчү рычагдар жок", - деди.

- Орусия бюджетинин 70% газ жана мунайдын эсебинен толтурат. Мунай былтыркыга караганда бир кыйла арзан болгону менен Орусия бааны ылдыйлатпай сатып жатат. Рубль долларга караганда алсыз болууда. Ошого карата Орусия бааны көтөрүүгө айласыз.

Жылдан жылга өлкөдө күйүүчү майды импорттоо көлөмү да көбөйүүдө. Былтыр 542 миң тонна күйүүчү май чет өлкөдөн ташылган болсо, быйыл беш айда былтыркыга салыштырмалуу 64 миң тонна көп импорттолду.

Айдоочулар тынчсызданууда

Өлкөдө унаа айдоочулардын саны акыркы жылдарда кескин өсүп, айдоочулар арасында да бензиндин кымбаттоосуна чочулоо жаралды. Айрыкча кышында май баасы 50 сомго чейин жеткенин, кээ бир үлгүдөгү бензин андан да жогору сатылганын эске алсак, унаа ээлери эми кайрадан ошо баага жетип калбаса экен деп тынчсызданганын ачык эле байкаса болот. Такси кызматында иштеген Нурбек:

- Мурункуга караганда сезилип жатат. Мурда көбүрөөк жүрсөк, азыр эки сомго кымбаттап, азыраак жүрүп калдык. Мен таксистмин, тапкан акчанын көбү эле бензинге кетип жатат. Чөнтөккө дароо эле таасирин берет, бербей коймок беле...

Июль ичинде дизель майы да бери жагы 2,5% өсүшү күтүлүп жатат. Нефтетрейдерлер ассоциациясы билдиргендей, күйүүчү майды толугу менен Орусиядан алып жаткандан кийин, ал жактагы май иштетүүчү заводдор жайкысын оңдоо иштерин жүргүзүү аракетин көрүп, өндүрүү да сезилээрлик төмөндөдү.

XS
SM
MD
LG