Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:51

Күйүүчү май тартыштыгы байкалууда


Кыргызстандын көп аймактарында дизелдик отун тартыш болууда. Айрым жерлерде баасы кескин өсүп кеткен.

Бишкекте маршруттук таксилердин айдоочулары көпчүлүк май куйуучу жайларда дизелдик отун үч-төрт күндөн бери жок болуп атканын айтышууда. Айдоочу Аман Мусабековдун айтымында, кээ бир жерлерде баасын “асмандатып” алышкан.

- Мен бүгүн жогору жактан бери издеп келдим. Кечээ эле “Газпром" жана башка май күйүүчү бекеттер баасын саатына кымбаттатып атышты. Баасын 36 сомго чейин алып барды. Дизел отунун куйган колонкаларга “иштебейт” деп жазып койгон. Кезекке турмак турсун, такыр эле жок болуп атат.

Дагы бир айдоочу Марат Бектемиров күйүүчү майдын жоктугунан бир күндө эле 7-8 маршрутка токтоп калганын айтат. Ал жыл сайын эле жаз-күз мезгилинде майдын тартыш болгонуна нааразы.

- Жер иштете баштаганда эле бизде дайыма ушул маселе чыгат, өкмөт жакшырак карап, чечип койбойбу. Же атайын бааны убактылуу көтөрүп жиберишеби, билбейсиң. Май жок болсо маршруткалар да токтойт. Азыр ал тургай мамлекеттик автобустардын саны да кыскарып кеткен. Анын үстүнө бизге лимит менен берип атат, 10 литрден ашуун ала албайсың. Бизге болсо бир күндө тынымсыз иштеш үчүн 30 литрден ашуун май керек.

Кремлдин чечимин күтүп...

Бишкектеги “Газпром” май куйуучу жайларында, айдоочулар белгилегендей, "дизелдик отун жок" деп жазылган эмес. Анын ордуна “иштебейт” деп жазылып турат. Мындай көрүнүштү бир канча май куйуучу жайлардан кезиктирүүгө болот.

Күйүүчү жана майлоочу майды ташыган ири “Газпром нефть Азия” ишканасынан алынган маалыматка ылайык, 15-февралдан тарта 18-мартка чейин Кыргызстанга бир да дизелдик отун ташылып келинген эмес. Ушул да өлкөдөгү майга болгон тартыштыкты жаратып жаткан экен. Аталган ишкана бул убакыт аралыгында Орусиядан аз гана көлөмдө күйүүчү жана майлоочу май сатып алып, бажы төлөмү киргизелер-киргизилбесин күтүшкөн.

18-мартта орус премьер-министри Владимир Путин кыргыз өкмөт башчысы Алмазбек Атамбаев менен Москвадагы жолугушуусунда Орусия Кыргызстанга бажы төлөмүсүз күйүүчү май берүүнү улантаарын билдирген. “Газпром нефть Азия” ишканасынын атын атагысы келбеген кызматкери бул маселе бир аптанын ичинде чечилет дейт:

- Бир айда бул маселе чечилет. Биз заказ бергенбиз.

Дизелдик отундун тартыштыгы дыйкандарга да таасирин тийгизип жаткан экен. Айыл чарба министринин орун басары Кубат Касенов дыйкандарга 7,5 миң тонна күйүүчү май 25 сомдон сатылып жатканын белгиледи.

- Мамлекет тарабынан айыл чарба өндүрүүчүлөрүн колдоо максатында 7,5 миң тонна дизелдик отун бөлүнгөн. Бул аймактарда 25 сомдон сатылып атат. Бул көлөм жалпы талаптын 30% камсыз кылат.

Дыйкандар колдоо күтөт

Биз алган маалыматтарга караганда, айрым аймактарда дизелдик отундун айынан кезекке туруп, же маршруткалар иштебей калган учур жок. Бирок жергиликтүү тургундар майдын баасы кымбат болгонун айтышууда. Маселен, Ошто дизелдик отундун баасы 38 сомго чейин чыккан. Ал эми Таласта талон менен ар бир дыйканга 30 литрден күйүүчү май берилип жатат. Ысык-Көл облусунда деле жагдай ушундай экен. Бирок тургундар бул айдап-себүү иштерине жетпей жатканын ырасташат.

Ысык-Көлдө дыйканчылык менен алектенген Акинай Кулманбетова мындай дейт:

- 1 гектар жер айдайт элек. Жер, үрөн даяр. Бирок бир түтүнгө 30 литрден май берди, 31 сом 80 тыйындан, бир гектар үчүн 54 литр керек болот. Кантип айдатабыз деп кыйналып турабыз. Өткөн жылкыдан да быйыл кыйын болуп турат.

Баткенде болсо май куйуучу бекеттерде дизелдик отун жок болгонун аймактагы кабарчыбыз Жеңиш Айдаров маалымдады. "Айдоочулар май келерин түнү менен күтүп атышат" дейт ал.

- Баткенде дизелдик отундун абалы оор десек болот. Бекеттерде май жок. Кээ бир көчөдө саткандар бар, бирок айыл жеринде ал өтө эле кымбат. Анын баасы 42-45 сомдон. Бир күндө 15-20 тоннага чейин келип
атат, бул түнү менен эле түгөнүп, кечирээк баргандарга жетпей калууда.

Бир апта мурда Бишкекте күйүүчү майдын баасы 31 сом 30 тыйындан сатылган.

XS
SM
MD
LG