Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:28

Саясий элитанын быйылкы жайкы эс алуу сезону көмүскө жана табышмактуу жолугушуулар менен коштолууда.

Түбү кыргызстандык казак жарандары, атактуу олигарх-миллиардерлер Александр Машкевич менен Алижан Ибрагимов жана түбү өзбекстандык Патох Шодиев Ысык-Көлдө жыйын курганы тууралуу маалыматтар айтылууда. Расмий бийлик органдары атактуу олигархтардын Кыргызстанга келишин төгүндөй да, тастыктай да элек.

Эрендердин сырдуу “эс алуусу”

Көл жээги, 2013-жыл

Көл жээги, 2013-жыл

Ушул жылдын жетинчи июлунда атактуу олигархтар Александр Машкевич, “Токмоктук Граф” деген ат менен белгилүү Алижан Ибрагимов жана түбү өзбекстандык Орусиянын жараны Патох Шодиев баш болгон КМШ аймагына белгилүү ишкерлер Ысык-Көлдүн жээгиндеги “Белый Аист” пансионатына топтолушкан. Аталган жыйын бейформал негизде уюштурулуп, иш-чаранын мазмуну тууралуу расмий маалыматтар дээрлик жокко эсе. Айрым маалыматтарга караганда, олигархтар топтолгон “Белый Аист” эс алуу жайы Александр Машкевичке жакын адамдарга таандык.

Алижан Ибрагимов

Алижан Ибрагимов

Май айында Машкевич, Ибрагимов жана Шодиев кожоюндук кылган Казакстандагы “Евразия” банкы сатылып жатканы боюнча маалымат тараган. Бирок мындай маалыматты Александр Машкевич казакстандык маалымат агенттиктерине төгүндөп, муну алардын каршылаштарынын чагымы катары баалаган болчу. Ошондон улам атактуу олигархтар Казакстандагы ишкердигин жыйыштырып, Кыргызстанга көчүрөт экен деген маалыматтар жайылган эле.

Талдоочу Уран Ботобеков атактуу олигархтардын ишмердигине Казакстанда кысым болгон учурда деле алар негизги капиталын Кыргызстанга алып келүүгө кызыкдар эмес деген ойдо:

- Айтылуу олигархтар Казакстандагы же башка бир чет өлкөлөрдөгү капиталын Кыргызстанга көчүрүп келет деген болбогон сөз. Алардын ишкердигине коркунуч туулган учурда да алар буга барбайт. Анткени алар Кыргызстандагы жалпы ишкердиктин мүмкүнчүлүгүн жакшы түшүнүшөт. Анан калса алардын капиталын канаатандыра турган бизде чоң рынок жок. Бирок Кыргызстандагы тоо-кен тармагы сыяктуу майлуу-сүттүү жерлерде өздөрүнүн ишкердигин кеңейтүү сыяктуу пландары болушу мүмкүн.

Граф Алижан менен Болот Шердин достугу

Болот Шер

Болот Шер

Ошол эле кезде Казакстандагы банк, баалуу металл, мунай, энергетика, транспорт сыяктуу кирешелүү тармактарга көзөмөлдүк кылган ири ишкерлердин Кыргызстанга кандай кызыкчылыгы болушу мүмкүн деген суроо туулат. Деги эле 7-июлда Ысык-Көлдө болуп өткөн жыйында ишкер өнөктөштөр Кыргызстанга байланыштуу кайсы маселелерди талкуулаганы табышмак бойдон калды. Аталган жолугушууга Кыргызстандын расмий бийлигинен же ишкер чөйрөдөн кимдер катышканы дагы белгисиз.

Коомчулуктун бүйүрүн кызыткан дагы бир факт: аталган олигархтардын айрым кыргыз саясатчылары менен болгон жолугушуусу болду. Ысык-Көлдөгү өнөктөштөрдүн ишкер жолугушуусунан туура үч күндөн соң Бишкектеги ресторандардын биринде граф Алижан Ибрагимов Жогорку Кеңештин депутаты Болот Шер менен жолугушкан.

Болот Шер өзү аны менен көп жылдан бери достук мамиледе экенин айтып, жолугушууда саясатка же ишкердикке байланыштуу маселелер талкууланган жок деп ишендирди:

- Ооба, ал киши менен көп жылдан бери достук мамиледебиз. Мен бизнес менен алектенбейм. Аны жакшы билесиңер. Ал адамдын саясат менен иши жок. Ошондуктан бул жерде биз жөн эле адамгерчиликтин чегинде, достук маанайда гана жолугушабыз. Ал киши саясаттан алыс адам.

Саясат менен акчанын аралашуусу

Анткен менен атактуу олигархтардын Ысык-Көлдүн жээгиндеги жайкы эс алуусу жана айрым бир саясатчылар менен жолугушуусу жөн жеринен эмес деп шектенгендер да арбын. Анткени буга окшогон көмүскө жолугушууларда өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаал жана ири ишкердик жүргүзүүнүн шарттары талкууланчу. Өлкөдөгү кирешелүү ири ишканаларга жана баалуу тоо кендерине ээлик кылуу буга чейин мына ушуга окшогон көмүскө жолугушууларда чечилип келген. Бирок бийлик билермандары менен жең ичинен сүйлөшүп чечим кабыл алуу үчүн айрым бир саясий күчтөрдүн көңүлүн алуу башкы маселе дешет талдоочулар.
Талдоочу Уран Ботобеков ири ишкердик менен саясаттын аралашып калышын олигархтардын кызыкчылыгындагы иш деп эсептейт:

Талас, Жерүй

Талас, Жерүй

- Мына ошол Машкевич сыяктуу олигархтар кайсыл гана мезгил болбосун бийлик башындагылар менен жакшы мамиледе болгон. Азыр деле ошондой. Максим Бакиев аркылуу айрым алтын кендерин иштетүүгө укук алышкан. Ошондой аракеттери дагы деле улантылууда. Анан чоң ишкердик бар жерде албетте саясат болбой койбойт. Ошого карата алар аракеттенип турушат. Бул жердеги кызыкчылыгын бекемдеп, керек болсо кеңейтүү үчүн өлкөнүн ички саясатына таасир этүүгө алар абдан кызыкдар. Ошондуктан алар бийлик менен ымалага келип, башка саясий күчтөрдүн көңүлүн тапканга аракет кылып турушат.

Ошол эле кезде КМШ айдыңына таанымал үч өнөктөш олигархты Кыргызстандагы ири тоо кендери кызыктырары шексиз. Анткени 2006-жылы Таластагы Жерүй алтын кенине ээлик кылуу үчүн Машкевич баштаган ишкерлер тобу аракет кылып, бирок англиялык “Оксус Голддон” тартылып алынган лицензияга Максим Бакиевге жакын компаньондор тобунун “Глобал голд” компаниясы ээлик кылып калган.

Ишкер чөйрөдө бакиевдер Машкевичке берген убадасына турбай, аны капа кылып койгон деген сөздөр бар. Ишенимдүү булактарга караганда, 2008-жылдын аягында Ысык-Көлдүн жээгине пландалган анын ишкер долбоорлору токтотулган. Мындан улам ошол кездеги оппозиция Бакиев бийлигине каршы Александр Машкевичтен каржылык колдоо сураганы боюнча тастыкталбаган маалыматтар бар.

Кызыкчылыктар тогошкон жерде

Расмий түрдө Машкевичке катталбаганы менен анын Кыргызстанда бир топ ишкер-объекттери бар экени айтылып келет. Тоо-кенчилер биримдигинин президенти Орозбек Дүйшеевдин айтымында, аталган олигархтар тобунун Кыргызстандын алтын кендерине кызыкчылыгы эч качан жоголгон эмес:

Алтын кендерине капчыктуулар арасында кызыгуу күч

Алтын кендерине капчыктуулар арасында кызыгуу күч

- Машкевич өнөктөштөрү менен бирге Кара-Балтадагы уран тазалоочу заводду сатып алган. Казакстандан чийки зат ташып келип, бул жерден тазалап, кайра алып кетип турушат. Алардын мындагы негизги кызыкчылыгы эле баалуу металлдар жана уран кендери. Бирок алар акча коротуп аталган кендерди иштетишпейт. Болгону ээлик кылуу укугун алгандан кийин биржада кайра сатып, акчасын көбөйтүүнү гана көздөшөт. Ошондуктан мындай олигархтарга Жерүй сыяктуу алтын кендерди берүүнүн кереги жок. Берсек кайра эле баягыдай оюндар башталат.

Элүү тогуз жаштагы Александр Машкевич Бишкек шаарында туулуп, Улуттук университеттин филология факультетин бүтүргөн. Психология жана философия илимдери боюнча кандидаттык диссертация жактап, педагогикалык институтта декандык орунга чейин жеткен. Кийин Машкевич “Кумтөр” боюнча сүйлөшүү жүргүзгөн атактуу Бирштейндин “Сиабеко” компаниясы менен кызматташып жүрүп, Казакстанда ири ишкер долбоорлорду баштаган. Дүйнө байларын тизмектеген Forbes журналынын эсеби боюнча, анын 2011-жылдагы каржылык абалы 3,7 миллиард долларга бааланган.

Кичи мекенге жумшалган кичи салымдар

Анын экинчи өнөктөшү Граф Алижан Ибрагимов Токмок шаарында туулуп-өсүп, токсонунчу жылдары Токмоктогу токтоп калган өнөр-жай ишканаларын менчиктештирүүгө жетишкен. Ишкердик менен алектенип жүрүп, Казакстандагы алюминий заводун сатып алган. Кийин ага Орусиядагы ишкер чөйрө тарабынан “Граф” деген титул ыйгарылган.

Алижан Ибрагимовду жакшы билген Токмок шаарынын тургуну Талгарбек Дөпөн уулу олигарх кичи мекенине байма-бай каттап тураарын белгиледи:

Токмок шаары

Токмок шаары

​- Ал киши жыл сайын келип, мындагы тууган-уруктары менен учурашып кетип турат. Үй-бүлөлүк кандайдыр бир салтанаттарын дагы Кыргызстанда өткөрүшөт. Анан Токмоктогу жолдорду оңдогонго өзгөчө көңүл бурат. Ал киши өзүнүн эсебинен буга чейин шаардын ичиндеги үч чоң көчөнү оңдогон. Анан мэрия менен келишим түзүп, мындан аркы жол курулуш чыгымдарынын элүү пайызын өзүнө алган.

Кыргызстанга кызыкчылыгын артып жаткан үчүнчү бир олигарх Патох Шодиев Машкевич жана Ибрагимов менен бирге Eurasian National Resources корпорациясынын кожоюндарынын бири. Өзбекстанда туулуп-өсүп, Орусиянын жарандыгын алган. 1995-жылдан тарта Казакстанда ири ишкердик менен алектене баштаган.

Forbes журналынын 2011-жылдагы эсеби боюнча, анын кирешеси 3,7 миллиард долларды түзгөн. Учурда түбү кыргызстандык эки олигархтын расмий түрдө Кыргызстанда эч кандай бизнеси жок деп айтылат. Бирок Кыргызстанда Чаткалдагы алтын кенин иштетүү укугун 2007-жылы казакстандык “Казахмыс” компаниясы алган. Казакстандын мамлекеттик мүлк комитетинин маалыматы боюнча, ал компания Машкевич, Ибрагимов жана Шодиев кожоюндук кылган Eurasian National Resources корпорациясына карайт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG