Линктер

Олимп оюндары! Бул спортчулардын кыялындагы оюндар экени анык. Ар бир солдат генерал болууну кыялдангандай эле, спортчулар да Олимп оюндарынын алтынын самабай койбойт. Олимпиадага лицензия алыштын өзү эле кандай бакыт, өзүнчө эле финалда жеңишти сууруп чыккандай сүйүнүч болсо керек. А ким билет, балким Олимп оюндарынын жеңиши таптакыр башкача сүйүнүчтүр. Тилекке каршы, Кыргызстан болуп кызыл байрагыбызды желбиреткенден бери бир дагы спортчубуз ушул сүйүнүчтү көрбөй келет. Ушундан улам койдун туягын санаган чабанга окшоп лицензия санап, ошого курсантпыз. Бирок миң жылкыңдын арасынан бир күлүк чыкпаса, ача туякка мактанып эмне?

Болду, жетишет! Биз дагы алтынды көздөй умтулушубуз керек, биздин спортчулар жаңы тарыхты жасашы абзел. Биз дагы алтын медалды Рио-де-Жанейродо кыргыз гимнинин коштоосунда кыя тиштеп, Мамлекеттик тарых музейинин экспонаттарынын катарына алгачкы алтынды коюшубуз керек го. Ушинтип сөз менен жакшы эле кыялданып баратып, башымды кайра сууга малып, соо көз караш менен “биздин алтын алып келүүгө канчалык мүмкүнчүлүгүбүз бар?” деп суроо бердим.

Спорт агенттигинин өкүлдөрүнө быйылкы Олимп оюндарында канча медаль алууну болжолдоп атабыз деген суроо берсең, бир сөз менен “аны азырынча айта албайбыз” деп, "башка сурооң барбы?" дегенсип алдастайт. Аларды да түшүнсө болот. Төрт жыл мурунку Лондон Олимпинде 3-4 медаль алышыбыз керек деп президенттин алдына чейин бакылдап, билек түрүп кетип, этегибизге чейин суу болуп келбедик беле. Сүткө оозу күйгөндөр эми алдын ала бир нерсе деп айтыштан да коркуп турушат.

Албетте коркушат, Риого бир дагы учурдагы дүйнө чемпиону жок баратсак, анан кантип алдын ала медаль алабыз деп айтышсын. Эң көзгө басарыбыз Айсулуу Тыныбекова өзүнүн салмагында бир ай мурунку рейтингде жетинчи орунга жайгашса, Арсен Эралиев сегизинчи орунда турат. Бул деген Айсулуудан мыкты дагы алты кыз Олимп оюндарына баратса, Арсенден алдуу жети балбан да ал жакка баратканынан кабар берет. Ошентсе да бул эки көзүрүбүз медаль албай калат деген белги эмес. Спортто кудай жана даярдыктан тышкары “фортуна” деген тумар бар экенин унутпоо керек жана дал ушу “фарт” бизге жылмайып берсе экен деп тиленүү керек.

Португалияга деле буйрубадыбы...

Фортунаны кыргыз тилине атайын которгон жокмун. Себеби спортсмендер бул сөздү өзүндөй айтканды жакшы көрүшөт. Фортуна кандай жардам берерин акыркы Францияда өткөн футбол боюнча Евро таймаштагы Португалия командасы анык мисал болуп бере алат. Португалия группасынан үчүнчү орунду алып, чемпионат боюнча негизги убакытта бир эле команданы утса да чемпион болуп калды. Роналдунун командасы алгач турнирдин башында фавориттердин катарына кирген жок, керек болсо финалдык беттешке чейин мына-мына утулат болуп келатып, тирилип, жанданып кетип атты. Эксперттердин божомолунун бардыгы “мыш” болуп, акырында Португалияга фортуна жылмайганын футболчулар өздөрү да моюнга алышты.

Экинчиден, биздин спортчуларга техникалык фактор дагы керек. Бул деген компьютер биздин спортчуларды ыңгайлуу группага салып берсе экен деген тилек. Кайрадан эле Португалияны мисалга келтирейин. Бул команда Евродо экинчи группага түшүп калганда финалга чыкмак беле - муну бир Жараткан билет.

Байкадыңарбы Германия, Испания, Франция, Италия, Англия өңдүү дөө-шаалар плей-оффто экинчи группага түшүп калып, бири-бири менен "кырылууга" аргасыз болду. Ошол эле учурда Португалия биринчи группада Хорватия, Польша, Уэльс, Швейцария, Түндүк Ирландия өңдүү орто, анан калса аутсайдерлер менен жуурулушту. Бул жерден экинчи группадагылар эч кимди айыптай албай калды, себеби аларды компьютер тандаган. Айтайын дегеним, биздин балбандардын алдыңкы атаандаштары бир группага түшүп, өзүбүздүкүлөр экинчи группага өкчөлсө, финалга жетип барабыз, ал эми финалда алтын буйругандыкы болор. Португалияга деле буйрубадыбы...

Силерден алтын медаль, бизден алтын тамга

Атаганат, эртеден бери дүйнө чемпиону жок баратабыз деп кыйрап атканым ушундан да. Болбосо техникалык фактор, фортуна, анан дагы атаандаштардын аттарын жаттабай, өз күчүбүзгө ишенип “сен алтынды алып келесиң!” деп талап кылат элек го. Арийне, ошол талапты мамлекет да, машыктыруучу да, коом да коё албайт экен. Себеби жөнөкөй... Талапты коёрдон мурун мамлекет ошол спортчуну төрөлгөндөн, машыктыруучуну ишке киргенден баштап багыш керек. Коом болсо спортчуларды колдоп мелдештерге билет алып, көрүп, салым кошушу керек. Билетти мындай кой, бекер мелдештерге барып көрбөгөндөн кийин бүгүн кайсы талапты коё алабыз?

Андыктан Олимпиадага бараткан 19 спортчубузга тизе бүгүп, ийилгенден башка арга жок. Булар өз ишинин патриоттору. Акыркы бар акчасын спортко жумшап, спорттун айынан карызга батып, утулгандан тажап оюндан чыгып кетпей спортубузду жетелеп келаткандар. Биз алтынды күтүп атканыбызды билип, балбандарыбыз суткасын 25 саат, жумасын сегиз күнгө узартып кара тер менен “алтын медаль белек кылабыз” деп жаткан чагы.

Балбандар, өзүңөрдү Манас атабыз колдоп, аракетиңердин акыбети кайтып, фортуна биз тарапка жүзүн буруп, жеңишти жулуп келе көрсөңөр экен. Кыргыз бүгүн уруу, дин, орус-батыш-түрк болуп “фейсти” булгап жаткан учурда, силердин жеңишиңер барыбызды бир ынтымакка салмакчы. Силердин ысымыңар эртең бөбөктөргө коюлуп, алтындын ээси тарыхты жаратарын бир билгиле.

Жылдар өтөт, эл да жаңырат, бирок биздин урпактардын экзамендик билетинде “эгемен Кыргызстандын тарыхында ким биринчи Олимп алтынын алып келген?” деген суроо калат жана бул суроого жооп бере албаган адам “Жамиланын” авторун билбегенге эле барабар болмокчу. Силердин атыңар алтын тамга менен тарыхка жазылып, алтынга биз дагы алтын менен жооп берерибизди унутпагыла!

“Citius, Altius, Fotius!”

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG