Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:01

Базаргуруев Бээжин оюндарынын медалын тагынат


Кыргызстандык балбан Базар Базаргуруев жана АКШ балбаны Майк Задик. Бээжин, 2008-ж.
Кыргызстандык балбан Базар Базаргуруев жана АКШ балбаны Майк Задик. Бээжин, 2008-ж.

2008-жылы Бээжинде өткөн жайкы Олимп оюндарында бешинчи орунду алган кыргызстандык эркин күрөштүн балбаны Базар Базаргуруевге тогуз жылдан кийин коло байге ыйгарылмай болду. Бээжинде күмүш медалды уткан украиналык Виталий Федоришиндин канынан кызытма табылган соң байге кийинки орунду ээлегендерге тийет.

6-апрелде Дүйнөлүк бириккен күрөш уюмунун (United World Wrestling) расмий сайты Бээжин олимпиадасына катышкан спортчулардын допинг тесттерин экинчи жолу текшергенде орусиялык оор атлетчи Светлана Царукаева, өзбекстандык эркин күрөштүн балбаны Артур Таймазов жана украиналык балбан Виталий Федоришин өтпөй калган. Федоришиндин канынан тыюу салынган туринабол заты чыккан.

Ошол себептен алардын байгелери 2008-жылы Бээжин оюндарында алардан жеңилип калган кийинки спортчуларга берилмей болду. Эркин күрөш боюнча 60 кг чейинки салмакта күмүш байге алган украиналык Виталий Федоришин дисквалификация болгондон кийин анын медалы коло байгени уткан жапон балбаны Кеничи Юмотого, коло медал Кыргызстандын атынан мелдешип, бешинчи орунду алган Базар Базаргуруевге ыйгарылат.

Бул маалыматты Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башкы адиси Нурдин Султамбаев тастыктады. Кыргызстандын улуттук олимпиада комитетине жогорудагы маалыматты ырастаган расмий кат келгенин бышыктады:

- Дүйнөлүк практика боюнча Эл аралык олимпиада комитетинин расмий сайтында маалымат чыгарылат. Бул расмий маалымат катары кабыл алынат. Андан тышкары Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитетине расмий маалымат 5-апрель күнү келген.

Султамбаев тогуз жылдан кийин Бээжин Олимп оюндарынын коло байгесин ала турган балбанга мамлекеттен берилчү акчалай сыйлыктын өлчөмү такталып жатканын дагы "Азаттыкка" мындайча түшүндүрдү.

- Олимпиададан бери тогуз жылдай өткөндөн кийин медаль алдыңар деген кабар биринчи жолу айтылды. Базар Базаргуруев Бээжин олимпиадасында бешинчи орунду ээлеген. Бул орундун да өзүнүн акчалай сыйлыгы бар болчу. Ал учурунда берилген. Учурда бардык маалыматтарды топтоп, акчалай сыйлык канча өлчөмдө берилиши керектигин юристтер менен тактап жатабыз.

Базаргуруевдин өзү менен байланышканыбызда байге алууга таптаган машыктыруучулардын эмгегин жогору баалап, кыргыз элине ыраазычылыгын билдирди:

- Мен маалыматты алгач досторумдан угуп, андан кийин интернет аркылуу билдим. Албетте, кубандым. Азыр баары байланышып, куттуктап жатышат. Бул байге мамлекеттин спортчуларды колдоосунун арты менен келди. Бээжин олимпиадасында күрөшүү оор эле болгон. Ошол эле учурда объективдүү калыстык кылынды дегенден да алысмын. Бирок менин максатым дүйнө чемпиондугуна жетүү эле, олимдиадага катышууну ойлонгон да эмесмин. Кыргызстандын намысын коргоп, байгеге жеткениме бактылуумун. Бул кыргыз элинин байгеси.

Балбанды Бээжин оюндарына коштоп барган эркин күрөш боюнча Кыргызстандын мурдагы машыктыруучусу Анарбек Үсөнканов байге кеч болсо да Кыргызстанга берилгенине кубанычтуу экенин белгилеп, Олимпиадага тер төгүп даярданган ак эмгектин үзүрү кайтты дейт:

- Базаргуруев аябай жакшы машыккан спортчу. Ал 2007-жылы Бишкекте өткөн Азия чемпиондугунда алтын медалдын ээси болгон. Андан кийин 2008-жылы Бакуда өткөн Дүйнө чемпиондугунда коло байгени утуп алган. Тилекке каршы Бээжин олимпиадасында бешинчи орунду ээлеп калган. Украиналык Виталий Федоришин менен чейрек финалда күрөшүп жатканда ага утулуп калгандыктан аябай сарсанаа болуптур. Жооткотуучу беттеште АКШ балбаны Майк Задикти жеңип, коло үчүн таймашта жапониялык Кеничи Юмотого утулган. Өзү тырышчаак, байгеге татыктуу бала болчу.

Базар Базаргуруев Бээжиндеги Олимп оюндарында. 2008-ж.
Базар Базаргуруев Бээжиндеги Олимп оюндарында. 2008-ж.

2008-жылы грек-рим күрөшүнүн балбандары Канат Бегалиев менен Руслан Түмөнбаев күмүш жана коло байгени алып келишкен эле. Ал жылы өкмөттүн токтому менен күмүш уткан Бегалиевге 100 миң доллар, коло медал тагынган Руслан Түмөнбаевге 75 миң доллар акчалай сыйлык берилген. Ошондой эле эки спортчуга тең Mitsubishi Pajero үлгүсүндөгү унаа жана “Даңк” медалы ыйгарылган.

Базар Базаргуруев Орусиянын Забайкал крайынын Бурят округунда төрөлүп өскөн. 2007-жылдан баштап Кыргызстандын намысын эркин күрөш боюнча коргоп келген. Бул аралыкта Азиянын чемпиондугун утуп, дүйнө чемпиондугунда коло байгенин ээси болду. Бир нече эл аралык мелдештерди жеңди. Эки жыл мурун кичи мекенине көчүп кеткен. Учурда келинчеги Дарина жана эки уулу менен Бурятиянын Цаган-Челутай кыштагында жашайт. Үй-бүлөдө балдардын кичүүсү болгондуктан ата-энесине каралашып, жай турмуш кечирип жатканын “Азаттыкка” айтып берди.

Эгемен Кыргызстандын олимпиада тарыхында жайкы оюндардан төрт байге алынган. Күмүш медал грек-рим күрөшү боюнча Канат Бегалиевге (2008, Бээжин), коло байгелер дзюдочу Айдын Смагуловго (2000, Сидней), грек-рим күрөшүнөн Руслан Түмөнбаевге (2008, Бээжин) жана эркин күрөш боюнча балбаны Базар Базаргуруевге (2008, Бээжин) таандык.

Макаланы жазууга "Азаттыктын" практиканты Элвира Акимова көмөктөштү.
  • 16x9 Image

    Эмилбек Чекиров

    2009-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин агрономия факультетин аяктаган. 2007-жылы УТРКнын алдындагы “ТВ Академия” эксперименталдык чыгармачылык борборунан оператор- режиссер курсун бүткөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG