Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:49

Жогорку Кеңештин башкаруучу коалициясы акыйкатчы Бакыт Аманбаевди мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотуу чечимин чыгарды.

Бул бүтүмдү парламенттеги адам укуктары, коституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитети да жактырып, маселе 25-июнда парламенттин кароосуна коюлганы турат.

Башкаруучу коалициянын батыл чечими

Жогорку Кеңеш акыйкатчынын жылдык докладын канааттандырарлык эмес деп тапкан соң, андан ары талапка ылайык депутаттык комиссия түзүлүп, дагы териштирүү иштерин жүргүзүшү керек эле. Бирок парламенттеги башкаруучу коалиция мындай жолдон баш тартты. Ал парламенттин регламентине таянып, акыйкатчынын иши боюнча комиссия түзбөстөн эле аны мөөнөтүнөн мурда кызматтан алуу демилгесин көтөрүп чыкты.

Чыныбай Турсунбеков

Чыныбай Турсунбеков

- Регламенттин негизинде фракциялар акыйкатчыны жана анын орун басарларын кызматтан кетирүү боюнча демилге көтөрүүгө акылуу. Ошол укуктан пайдаланып башкаруучу коалициядагы – КСДП, “Ата Мекен”, “Ар-намыс” фракциялары демилге көтөрдү жана ал кечээ комитет тарабынан жактырылды. Демек акыркы сөз эми парламентте калды. Комиссия дагы түзүлсө болмок. Бирок отчету жактырылбаган соң, биз комиссия түзүп отурбай, ар кандай сөздү көбөйтпөй, анын кеткени эле туура деген чечимге келдик, - деп билдирди “Азаттыкка” Социал-демократтар фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков.

Жетимсиреген Акыйкатчы жөнүндөгү мыйзам

Парламент ичиндеги мындай жүрүштөрдү Кыргызстандын акыйкатчысы Бакыт Аманбаев мыйзам бузуу деп атап, парламентти башкаруучу коалициянын чечимине добуш бербөөгө чакырууда.

- Эгер жалпы депуттар ушул чечимди колдосо, анда парламенттин эл аралык коомчулуктун алдында кадыр-баркы кетип калат. Биздин институт "Акыйкатчы жөнүндө" мыйзам боюнча иш алып барабыз. Ал мыйзамдын 7-беренесинин 7-пунктунда "Жогорку Кеңеш качан гана акыйкатчынын жылдык докладын канааттандырарлык эмес деп тапканда комиссия түзүлүш керек" деп жазылган. Комиссия чындыгында эле акыйкатчыны жумуштан кетирүүгө негиз бар-жогун иликтеп, чечим чыгарыш керек. Анан ал Жогорку Кеңешке чыгат жана депутаттардын үчтөн экисинин колдоосуна ээ болсо, ошондо гана акыйкатчы кызматтан кетет. Бирок, тилекке каршы, бул жолу мыйзамды четке кагып коюп, парламенттин регламенти менен иш алып барышууда. Бул түздөн-түз одоно мыйзам бузуу болууда.

Асия Сасыкбаева

Асия Сасыкбаева

“Ата Мекен” фракциясынын депутаты Асия Сасыкбаева коалициялык көпчүлүк мыйзам чегинен чыкпагандыгын, чечим акыйкатчынын жасаган ишине байланыштуу кабыл алынганын айтат.

"Эгер акыйкатчынын иши парламент тарабынан канааттандырарлык эмес деп табылып жатса, анын кайра иштей берүүгө моралдык укугу барбы?" дейт депутат.

- Жогорку Кеңештин регламенти менен "Акыйкатчы жөнүндөгү" мыйзамдын ортосунда кичинекей так эместик бар экен. Бирок биз Жогорку Кеңештин регламенти менен иштейбиз да. Бул маселенин моралдык да жагы бар. Мисалы, бир депутат барып, дарыгерди сабаганда акыйкатчы дарыгерди коргоонун ордуна депутатты коргоду. Андан башка дагы саясий билдирүүлөрдү жасап жатат. Анын жумушу адам укугун коргоо да. Анан ушул жерден дагы туура эмес иштеп жатат. Бул - менин жеке оюм.

Укук коргоочулар акыйкатчыны коргоп чыкты

Парламент менен акыйкатчы тирешип жаткан учурда укук коргоочулар акыйкатчыны коргоп чыкты. "Бир дүйнө-Кыргызстан", "Кылым шамы", "Альтернатива" жана башка бейөкмөт уюмдар парламент акыйкатчынын жылдык докладын дагы бир жолу угуп, ага коомчулук өкүлдөрү катышуусу керектигин билдирүүдө.

“Кылым шамы” укук коргоо борборунун жетекчиси Азиза Абдирасулова бүгүнкү күндө Кыргызстанда акыйкатчынын табиятын, милдетин так түшүнбөй, же түшүнсө да түшүнмөксөн болуп, аны бурмалап, көз каранды кылуу аракети жүрүп жатканын белгилейт.

Азиза Абдрасулова

Азиза Абдрасулова

- Бүгүнкү күндө акыйкатчы деген тиши жок, тили жок, сөз айта албаган, көзү көрбөгөн институтка айланып калды. Акыйкатчынын бир жылдык отчету ал жөн гана маалымат иретинде болуш керек. Ушундай мыйзам бузуу, адам укугун бузуу фактылар бар, ошого карата тиешелүү органдар чара көрсүн деген гана маалымат болушу шарт. Отчетту болсо азыр "кабыл алыш керек, албаш керек" деп, акыйкатчы эгер парламентти, саясатчыларды канааттандырбаса иштен алып салууга инструмент кылып коюшкан. Бүгүн мыйзамдар ушундай чийки болуп турган кезде Акыйкатчы институтуна ким жетекчи болуп келсе да аны кызматтан алып салыш эң оңой эле.

Акыйкатчы Бакыт Аманбаев бул жагдай боюнча президент Алмазбек Атамбаевге кайрылуу жолдоду. Ал президентти өзүнүн айланасында болуп жаткан мыйзамсыз аракеттерге көңүл буруп, ага таасир этүү өтүнгөн.

2013-жылдын 3-октябрынан бери акыйкатчы кызматын аркалап келаткан Бакыт Аманбаевди эки жылдан бери президент Алмазбек Атамбаев бир дагы жолу кабыл алган эмес.

  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG