Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:26

Жаңы акыйкатчы декабрда шайланып калышы мүмкүн. Ушул тапта талапкерлер парламент жарыялаган сынактын алкагында тийиштүү фракцияларга документтерин тапшырып бүтүштү.

Жогорку Кеңеш 12-ноябрда акыйкатчы кызматына сынак жарыялаган. Анын алкагында парламенттеги фракциялар 20-ноябрга чейин талапкерлердин документтерин кабыл алып, 27-ноябрга чейин аларды иргеп чыгыш керек.

Айрым массалык маалымат каражаттары талапкерлердин арасында мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун, өкмөттүк эмес уюмдардын баарын "чет элдик тыңчы" катары таануу боюнча мыйзам долбоорун сунуштап келаткан "Ар-намыстын" мурдагы депутаты, азыркы “Кыргызстан” партиясынын мүчөсү Нуркамил Мадалиев, жарандык активист Атыр Абдрахматова жана булардан башка дагы саламаттыкты сактоо тармагында иштеген, прокурордук кызматты аркалаган жарандар бар экендигин жазып чыгышты.

"Коомдук иликтөө институту" уюмунун жетекчиси Рита Карасартова акыйкатчылык кызматка айрым эски адамдардын тартылып жатышы бул кызматты кайра саясий оюндарга аралаштыруу аракетинен кабар берерин айтты.

- Батукаевдин чуулгандуу ишинен улам чыгып калган мурунку акыйкатчыны КСДП жылдырып жатканын уктум. Бирок колумда документ деле болгон жок. Фейсбукта катуу талкууланып жатыптыр. Ошону уккандан кийин же КСДП көпчүлүк менен ошол кишини өткөрөт, же кандайдыр бир башка дагы саясий оюндар болсо керек дегендей үмүтүм үзүлдү. Мындан кийин ким талапкер болуп, кантип баратат, эмне болуп жатат деп такыр эле карабай калдым.

Азиз Батукаев

Азиз Батукаев

Убагында “кылмыш дүйнөсүнүн лөгү” аталган Азиз Батукаевдин түрмөдөн чыгып кетишине жана айрым каржылык мыйзам бузууларга тиешеси бар деп айыпталып, депутаттык комиссиянын корутундусунун негизинде кызматтан алынган мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун мындай сындарды четке кагып, парламент жаңырганы ага кайра бул кызматка келүүнү сунуштаган депутаттар болуп жатканын айтып, ушул тапта алты фракцияга тең документин бергенин билдирди.

- Азыр КСДП жылдырды деген менен жаңы парламент келбедиби. Мурунку депутаттардын 70% кетти, бул парламентке мурдагылардын 30% келди. Алардын көбү мени кызматтан кетпесин деп колдогондор болчу. Мени Батукаевге шылтоолоп кетиргендердин көбү бул жакка келбей калды. Эгер мен кеткенден кийинки жаңы келгендер жакшы иштеп кетсе, мен койбой деле коёт элем. Анын үстүнө азыр талапкерлигимди депутаттар өздөрү койдуруп жатышат.

"Өз кишисин алып келүү аракети"

Өткөн жылы президент Алмазбек Атамбаев “Акыйкатчы жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизген. Ага ылайык, акыйкатчыны шайлоо тартиби өзгөртүлүп, бул кызматка талапкер көрсөтүүгө парламенттик фракциялар укук алышкан жана ар бир фракция үчтөн кем эмес талапкер сунуштай алышат. Талапкердин жаш курагы 35тен 65 жашка чейин болуп, ал кыргыз, орус тилдерин билген, мурда соттолбогон, башка мамлекеттин жарандыгын албаган адам болуш керек. Ал жеңип чыгышы үчүн жыйынга катышып жаткан 50дөн ашык депутат добуш бериши жетиштүү.

Рита Карасартова чыныгы акыйкатчыны тандоо үчүн бул көрсөткүчтөр жетишсиз экендигин белгилеп, аларды тандоодо адам укуктары жаатындагы тажрыйбасы бар-жогун аныктаган критерийлерди да кошуу зарылдыгын айтат.

- Чет мамлекетте акыйкатчы деген өтө маанилүү кызмат. Бизде болсо көчөдөн алып келип эле отургузгандай, шоу программадай эле нерсе болуп калды. Парламент да ушул кызматка саясий оюндарды жармаштырат. Парламент бул жолу тандоонун алдында бир критерийлерди киргизсе, анда ишеним болот. Антпесе азыркы парламенттин жүзү мурунку чакырылыштан эч кандай деле айырмасы болбойт. Булар эмнеге критерий койгусу келбейт? Критерий канчалык аз болсо, каалаган кишини алып келгенге диапазон да чоң болот. Ошон үчүн ачык критерий койгондон баш тартат. Анткени ошол бир критерийге такалып, кимдин бирөөлөр каалаган киши өтө албай калышы мүмкүн да. Бул жолку тандоо жаңы парламент үчүн сыноо болот.

Турсунбек Акун

Турсунбек Акун

Ушул тапта парламенттеги фракциялар талапкерлер туурасында алдын ала маалымат берүүдөн карманып турушат. Социал-демократтар фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков талапкерлер арасында Турсунбек Акундун гана бар экенин тастыктап, калган талапкерлердин чоо жайы менен тааныша электигин билдирди. Ушундай эле жоопту башка фракциялардан да угууга болот.

- Аны Жогорку Кеңеш, депутаттар чечет. Элдин, коомчулуктун реакциясын көрөбүз. Талапкерлерди татыктуу, татыктуу эместигин көрөлү. Мурдагы парламенттен азыркы Жогорку Кеңеш айырмалуу да. Анын баары эске алынат го дейм. Азырынча бир нерсе айтыш кыйын.

Кызматка Турсунбек Акундан кийин келген соңку акыйкатчы Бакыт Аманбаев быйыл июнда парламенттин чечими менен мөөнөтүнөн мурда кызматынан алынган болчу. Жогорку Кеңеш акыйкатчынын жылдык докладын канааттандырарлык эмес деп тапкан соң ушундай тыянакка келген.

Ал парламенттеги КСДП фракциясы Конституцияны, "Акыйкатчы жөнүндө" мыйзамды одоно бузуп, аны мөөнөтүнөн мурда иштен кетирүү тууралуу чечим кабыл алды жана жалпы парламент депутаттарын мыйзамсыз чечим кабыл алууга түрттү деп айыптаган эле.

Бул окуядан улам жарандык коом Кыргызстанда акыйкатчынын табиятын, милдетин так түшүнбөй, же түшүнсө да түшүнмөксөн болуп, аны бурмалап, көз каранды кылуу аракети жүрүп жатат деген көз караштарын билдиришкен.

Андан бери омбудсмендин милдетин мурда орун басарлык кызматты аркалап жүргөн Гүлнара Жамгырчиева аткарып келатат.

Алдын ала маалыматтарга караганда парламент жаңы акыйкатчыны декабрь айы ичи шайлап алганы турат.

  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG