Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:15

Жакупова: Текебаев президенттин буйругу менен камалды


Текебаевдин жактоочулары УКМК алдындагы митингде.
Текебаевдин жактоочулары УКМК алдындагы митингде.

Өмүрбек Текебаев президент Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен камалды. Мындай пикирин “Адилет” укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова УКМК алдында өтүп жаткан митингде “Азаттыкка” айтты.

- Бул президенттикке "мураскер операциясынын" башталышы. Бийлик мындан ары ага баш ийбеген адамдарды жана президенттикке талапкерлерди четинен коркутуп, камай берет. Андыктан бүгүнкү акцияны бийликтин талапкерлерге "жашыруун белгиси" катары түшүнсөк болот.

Учурда УКМК имаратынын алдына “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевди боштондукка чыгаруу жана оппозицияны куугунтуктоону токтотуу талабы менен митинг өтүп жатат.

Ушундай эле талап менен нааразычылык акциялары Базар-Коргон районунда да өтүүдө. Мындан башка Ош шаарында да бүгүн митинг боло турганы кабарланды.

Өмүрбек Текебаев 26-февралдын түнү Түркиядан келген учурда “Манас” аэропортунан кармалып, УКМКга 48 саатка камакка алынган. Башкы прокуратура ага орусиялык жаран Леонид Маевскийден 2010-жылы бир миллион доллар алып, “Мегаком” сатылгандан кийин кошумчасы менен кайтарып берерин айткан деген негизде “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.

Өмүрбек Текебаев муну УКМК атайын уюштурган иш деп сыпаттаган. Ал акыркы айларда президент Алмазбек Атамбаевдин байлыгын, айрыкча 2010-жылдан кийинки киреше-чыгашасын иликтеп, ага импичмент жарыялоо демилгесин да көтөрүп чыккан. (SDz)

XS
SM
MD
LG