Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:36

АКЫЙКАТЧЫ АНТ БЕРДИ


Өткөн жумада Жогорку Кеңеш тарабынан акыйкатчылыкка шайланган Турсунбек Акун --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/02/16B0CF26-E1A9-4EA3-9820-A1EBA207CAD7.asp бүгүн парламентте ант берди. Андан соң аны парламент төрагасынын орун басары Чолпон Баекова Акыйкатчы институтунун жамаатына тааныштырды. Жаңы акыйкатчы алгачкы ишин өлкөдөгү укук коргоочулар менен жолугушуудан жана түштүк аймактарын кыдыруудан баштоого ниеттенүүдө.

Кыргызстандын эгемен тарыхында экинчи жолу акыйкатчылык кызматка шайланган Турсунбек Акун ошентип бүгүн Жогорку Кеңеште ант берди:

- Акыйкатчынын кызматына киришип жатып, өзүмдүн милдеттеримди адилет жана ак ниет аткарууга, Кыргыз Республикасынын конституциясын, мыйзамдарын сактоого, адилеттикти жана өз абийиримди туу тутууга салтанаттуу түрдө ант берем.

Ант берген соң акыйкатчы алагчкы ишин укук коргоочулар менен жолугушуудан баштап, анан Аксыга сапар тартаарын журналисттерге билдирди:

- Эң биринчи бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, укук коргоочулар менен жолугушуп, акыйкатчы институтун канткенде жогорку, эл аралык деңгээлге чыгаруу боюнча сүйлөшөбүз. Анан демократиянын Мекеси аталган Аксыга сапар алабыз. Аксы окуясында курман болгондорго куран окутуп, түштүк облустарын кыдырып келсекпи деп турабыз.

Түштөн кийин жаңы акыйкатчыны парламент төрагасынын орун басары Чолпон Баекова баштаган бийлик өкүлдөрү жамаатына тааныштырды.

Анда Чолпон Баекова акыйкатчы институтун Кыргызстандын демократиялашуу доорундагы жаңы институт катары баалап, Турсунбек Акун өлкөнүн экинчи акыйкатчысы экенин, мурдагы акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу бул уюмдун түптөлүшүнө зор салым кошконун белгилеп, жаңы акыйкатчыга жана анын жамаатына ийгилик каалады.

Жаңы акыйкатчыны жамаатка тааныштыруу каадасына атайын чакыртылганына карабай мурдагы акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу келген жок.

Канткен менен коомчулукта жаңы акыйкатчы тууралуу ар кыл пикирлер айтылууда. Маселен «Эркиндик» партиясынын төрагасы Топчубек Тургуналиев Турсунбек Акундан мыкты акыйкатчы чыгаарына ишене бербейт:

- Акыйкатчы институту Кыргызстанга абдан керек. Бирок мурдагы бийлик учурунда да, азыр деле акыйкатчы өз милдетин толук аткара албай жатат. Эми Турсунбек Акун жөнүндө айта турган болсок, бул өзү чала сабат жигит. Ушундай кишини акыйкатчылыкка шайлап коюшту, президент өзү сунуштап. Тилекке каршы, өтө начар болуп калды.

Ошол эле учурда Турсунбек Акундун акыйкатчылыкка келишин көптөгөн укук коргоочулар колдошууда. «Жарандар коррупцияга каршы» укук коргоо борборунун башчысы Төлөйкан Исмаилова болсо анын өлкөдөгү адам укуктарына байланышкан абалды жакшы жагына өзгөртүүгө салым кошооруна үмүт артат:

- Радикалдуу, жакшы иштерди жасаарына ишенебиз. Акыркы учурда биздин өлкөдө адам укуктары басмырланып, керек болсо көп жылдан берки аракеттер текке кетип жатат деп айтсак болот. Эми Турсунбек Акундун акыйкатчылыкка келиши менен бул жааттагы көп иштер жакшы жагына өзгөрөт деп ойлойбуз.

Өткөн бейшембиде парламентте акыйкатчылыкка сунушталган беш талапкердин ичинен президент тарабынан сунушталган Турсунбек Акундун талапкерлиги көпчүлүк добуш менен колдоо тапкан эле. Ошентип Кыргызстандын экинчи акыйкатчысы бүгүн ант берип, кызматына киришти.
  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG