Линктер

Кыйноолорго каршы улуттук борборго күч органдарында иштегендердин үстүнөн арыздангандар азайган жок.

Ошол эле учурда Башкы прокуратура башкача статистиканы көрсөтүүдө. Текшерүү күчөгөн сайын зомбулуктар да башка түргө өткөнү айтылып келет. Буга байланыштуу акыйкатчы Кубат Оторбаев "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.

"Азаттык": Кубат мырза, тартип сакчылары тарабынан кыйноолор көбөйгөнү айтылып келет. Бул боюнча силердин институттун эсеби кандай?

Кубат Оторбаев: Өткөн жылы бизге 86 арыз түшкөн. Быйылкы жарым жылда 37 арыз келди. Бирок, текшергенде көпчүлүгү аныкталбай калып атат. Кээ бирлери кайра тосмо арыз жазып, ишти токтотуп коюшат. Ошондуктан кыйноонун өзүн далилдөө да өтө оорчулук жаратууда. Бирок мурдагы жылдарга караганда, акыркы эки жылда кыйноо фактылары азайып калганын белгилеп коюшум керек.

"Азаттык": Көпчүлүк кылмышка шектүүлөр корккон үчүн кыйноо тууралуу ооз ачпасы айтылып келет. Андайда убактылуу кармоочу жайларга, тергөө жайларына капыстан кирип барып, текшерүү практикасы барбы сиздерде? Дегеле тартип сакчыларынын зомбулук көргөн адамды өзү арызданганга чейин билүүгө мүмкүнбү?

108 кызматкер жоопко тартылышы керек болчу. Бирок, анын баары сотто кармалып, сот болбой атат. Сот жообуна тартыла тургандыгы анык болсо, бул кыйноонун азайышына кескин таасирин тийгизмек.

Кубат Оторбаев: Биз быйыл атайын бир айлык жарыялаганбыз. Башкы прокуратуранын тийиштүү бөлүмү, Кыйноолорго каршы улуттук борбор менен иштеп, 80ден ашуун күтүүсүз текшерүү жүргүздүк. Ошондо биз милициянын айылдык жана шаардык бөлүмдөрүнө капыстан барып, текшердик. Бирок, мен жогоруда бекер айткан жокмун. Мисалы, Ленин районундагы бир ишке Башкы прокуратура менен бирге мен катуу киришип, көзөмөлдөп баштадык эле. Аягында ал жигит кайра тосмо арыз жазып берип, иш токтоду.

"Азаттык": Эмне себептен?

Кубат Оторбаев: Анткени кээде кыйноо фактысы катталбаган да учурлар болушу ыктымал. Мисалы, кыйнады деп кайрылганда дароо коомчулуктун көңүлү бөлүнөт да. Акыйкатчы институту, Башкы прокуратура, Кыйноолорго каршы борбор жабыла ошол ишке киришет. Ошондо тигил адам адвокаттын колдоосунан тышкары дагы үч жактан колдоо, коргоо ала баштайт. Муну билип алышып, чынында эле кылмыш кылган айрымдар жок жерден арыз жазаарына да көзүм жетип келатат.

"Азаттык": Ошентсе да укук коргоочулар кыйнап, жасабаган кылмышты моюнга алдыруу же кошумча кылмыш ишин илүү кадимки көрүнүш болуп келген деп какшап келишет. Кылмышка шектүүлөргө күнөөнү моюнга алдыруу үчүн көп кыйноо ыкмалары бар дешет. Алар кандай ыкмалар?

Кубат Оторбаев: Акыркы учурларда шектүүнүн денесине залал келтирбеген, келтирсе да көзгө көрүнбөгөн, из калтырбаган кыйноолордун түрү бар. Азыр колдонулган, бизге белгилүү кыйноонун бир түрү – желим бөтөлкөгө сууну куюп, ошону менен сабоо. Дагы бири - сууну бир эле жерге, же башына эле тамчылатып кыйноо. Дагы бири - кадимкидей эле адамдын колу бутун таңып, килемге ороп кытыгылоо. Эми адамдын фантазиясына чек жок экен да. Кыйноонун ар кандай түрлөрү бар.

"Азаттык": Текшерүүлөр күчөгөнүнө жараша кыйнагычтардын ыкмалары да өзгөрүп аткан турбайбы анда. Аны да аныктоонун ыкмалары барбы?

Кубат Оторбаев: Мында өзүнчө бир нерселерди ойлоп табуунун зарылчылыгы жок. Мисалы, “Стамбул протоколу” деген бар. Аны ишке киргизүү боюнча Саламаттыкты сактоо министрлиги чоң иштерди жүргүзүп атат. Жакында Ош, Жалал-Абадда медиктерге чоң семинар өткөрүлдү. Ошол аркылуу денесинде көгала аныкталбаган учурда дагы психикалык, психиатриялык жактан экспертиза жүргүзсө аныкталышы ыктымал.

Азыр колдонулган, бизге белгилүү кыйноонун бир түрү – желим бөтөлкөгө сууну куюп, ошону менен сабоо. Дагы бири - сууну бир эле жерге, же башына эле тамчылатып кыйноо. Дагы бири - кадимкидей эле адамдын колу бутун таңып, килемге ороп кытыгылоо.

Экинчиден, кыйноонун өзү фашисттик, зөөкүрлүк экенин күч органдарындагылар түшүнүшү керек. Кыйноо аркылуу алынган көрсөтмө-далилдер сотто суу кечпей турганын аңдашы абзел. Кыскасы адамдын, анын ичинде укук коргоо органдарындагылардын бул жаатта аң-сезимин, билимин көтөрүү керек.

"Азаттык": Кыйноо боюнча айыпталгандар жоопко тартылбай калган учурлар көп. Бул да кылмыштын токтобошуна орчундуу роль ойнойт да?

Кубат Оторбаев: Бул эң негизги маселе. Муну мен жакында башкы прокурордун орун басары менен сүйлөшүп, талкууладык. Мисалы, 2011-жылдан бери бул боюнча 46 кылмыш иши козголуп, сотко өткөн. 108 кызматкер жоопко тартылышы керек болчу. Бирок, анын баары сотто кармалып, сот болбой атат. Карга карганын көзүн чукубайт деген принцип дале бар. Ошон үчүн соттор, Башкы прокуратура, Акыйкатчы органдары отуруп, ушул маселени талкуулашыбыз керек. Эгер ошол 108дин 20-30у эле соттолчу болсо чоң резонанс жаралмак. Сот жообуна тартыла тургандыгы анык болсо, бул кыйноонун азайышына абдан таасирин тийгизмек.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG