Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:34

Азимжан Аскаровго сот өкүмү чыгышы мүмкүн


Азимжан Аскаров.
Азимжан Аскаров.

Чүй облустук соту 10-январдагы жараянда июнь окуясында “улут аралык кастыкты козуткан жана милиция кызматкерин мыкаачылык менен өлтүрүүгө катышкан” деген айып менен өмүр бою эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаровго акыркы сөз берип, 17-январга чейин кеңешүүгө кеткен.

Аскаров өзү жана анын адвокаттары соттон адилет чечим чыгарып, актап берүүнү, мамлекеттик айыптоо тарап аны кайра өмүр бою абакта калтырууну сураган. Өкүм бүгүн окулары күтүлүп жатат.

Аскаров 2010-жылкы июнь коогасына күнөөлүү деп табылып, өмүр бою эркинен ажыратылган. Өткөн жылы апрелде БУУнун Адам укуктары боюнча комитети анын камалышы мыйзамсыз деген негизде, бошотууну талап кылган. Натыйжада Жогорку Сот 12-июлда ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап чыгып, мурунку өкүмдү жокко чыгарган. Аскаровдун ишин 4-октябрдан тарта Чүй облустук соту карай баштаган. (NT)

XS
SM
MD
LG