Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:29

Жогорку Кеңеш Акунду кетирүүгө макул болду


Жогорку Кеңеш акыйкатчы Турсунбек Акунду кызматтан бошотуу боюнча депутаттык комиссиянын чечимин колдоду.

Ошентип кыйла убактан бери көтөрүлүп келаткан акыйкатчы Турсунбек Акун кетсин-кетпесин деген маселеге чекит коюлду.

Акыйкатчы ант буздубу?

“Мыйзамдагы ууру” аталган Азиз Батукаевдин иши боюнча акыйкатчы Турсунбек Акундун ишмердүүлүгүн текшерген депутаттык комиссия аны мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотуу чечимин кабыл алган. Бейшембиде депутаттардын көпчүлүгү бул чечимди колдоп берди. Аталган комиссия Турсунбек Акун берген антын бузду, бюджет каражатын туура эмес пайдаланды, Акыйкатчы институтундагы айрым кызматкерлерди мыйзамсыз кетирди, өзү каалаган адамдарга "Акыйкатчынын кеңешчиси" деген күбөлүк берди деген негизде ушундай чечим кабыл алган.

Комиссия төрагасы Абдыжапар Бегматовдун айтымында, акыйкатчыга ишеним көрсөтпөөгө Азиз Батукаевди абактан бошотуу учурдагы билдирүүлөрү негиз болгон.

- Биринчи күнөөсү - антын бузгандык деп айттык. Нарын шаардык сотуна берген катында Батукаев Кыргызстандан башка аймакта дарыланышы керек деп өзүнүн пикирин кошуп жатат. Ошондой эле Батукаевдин камактан чыгып жана чет өлкөгө кетишине этап-этабы менен жол ачып берген. Кат жазганы, өзүнүн барып сүйлөшүп келгени, телефондук сүйлөшүүлөрү бар. Экинчиден, Акыйкатчы институтунун кызматкерлеринин укугун бузуп, аларды мыйзамсыз иштен алган. Алар соттон утуп келип, компенсация алышкан. Ал үчүн бюджеттин 1 млн. 200 миң сом каражат кеткен. Башка өлкөлөрдүн жарандарына, Батукаевди бошотуу үчүн келген Абубашир Цароевге коомдук кеңешчи күбөлүгүн берген.

Акыйкатчыны мөөнөтүнөн эрте бошотуу чечимине добуш берүүгө Турсунбек Акун өзү катышкан жок. Добуш берүү алдында ал парламенттин фойесинде кетип баратып эс-учун жоготуп жыгылып, ооруканага жатты.

Акыйкатчынын жардамчысы Сүйөркул Сейдинов бул боюнча “Азаттыкка" мындай деди:

- Дарыгерлер эмоцианалдык катуу толкундануу себеп болду деп айтып жатышат. Фойеде жыгылып, тырышып калган. Азыр атайын оорукананын реанимация бөлүмүндө жатат.

Мунун алдында Турсунбек Акун Батукаев өлкөдөн чыгып кеткен күндүн эртеси журналисттерге ал айыккыс ооруга чалдыкканы, дарыланышы керектиги тууралуу маалыматты коргоо кеңешинин мурдагы катчысы Бусурманкул Табалдиев телефон чалып өтүнгөндүктөн гана бергенин кайталаган. Акыйкатчы ошондой бул иште баш прокурор Аида Салянова, өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев жана Батукаевдин түрмөдөн эрте чыгышын иликтеген парламенттик комиссия белгилеген он чакты аткаминерлердин баары күнөөлүү деген пикирин айтты.

Ошондой эле эң биринчилерден болуп маалымат бергени үчүн коомчулуктан кечирим да сурады.

- Мурда да кечирим сурагам, дале кечирим сурай берем. Ал качан өлөт, эмне кылат, муну мен айтпашым керек эле... Бул өзү күлкү келтире турган нерсе. Мени жакында эле акыйкатчы кылып шайлашса. Батукаевге эмне тиешем бар менин. Бир гана жанагинтип айтып койгонум болуп жатат. Сот бир күндө чыгарып атат, Жаза аткаруу кызматы документтерин даярдап берип атат. Кат жазып койгонум үчүн эле күнөөлүү болбошум керек да. Ал эми комиссиянын чечимин Бишкектеги райондор аралык сотко бердим.

"Турсунбек Акун садага чабылды"

Анткен менен айрым депутаттар акыйкаттык үчүн Акун эле эмес, Батукаев иши боюнча күнөөлү деп эсептелген мамлекеттик кызматкерлер да иштен кетиши керектигин айтышты.

Депутат Өмүрбек Абдрахманов бул иште Акун садага чабылып жатат деген пикирде:

- Акун бошоткусу келсе да бошото алмак эмес. Юридикалык жактан ал мындай чечим чыгара албайт. Демек ал бошоткон жок, Батукаевди бийликтин адамдары бошотконун көрдүк. Турсунбек Акун дагы кемчиликтерди кылды, ошол убактагы коргоо кеңешинин катчысы Табалдиевдин сөзүн угуп. Укук коргоо органдарында, өзгөчө прокуратурада бир дагы реформа болгон жок. Азыр биз күчүбүздүн баарын Акундан чыгарып, ошону менен желди чыгарып калгандары жооп бербей бошоп кеткени турат, бул туура эмес. Жалгыз Акун Батукаевдин качып кеткенине садага чабылып, ошону менен ишти жаап койобуз деген аракет болууда.

Жогорку Кеңештин вице-спикери, депутат Бөдөш Мамырова Акун бүгүн парламентте күнөөлүү деп белгилеген мамлекет жетекчилеринин иши да текшерүүгө алынышы керектигин белгиледи. Бирок бүгүн парламент акыркы жыйынын өткөрүп, күзгө чейин тыныгууга тарады. Андыктан бул маселе эми качан каралаары белгисиз.

Турсунбек Акун жыйырма жылдан ашуун убактан бери укук коргоочулук ишти аркалап келет. Акыйкатчылык кызматка 2008-жылы шайланган. Ушул жылдын январь айында бир катар талапкерлердин арасынан депутаттардын көпчүлүк добушун алып, экинчи мөөнөткө келген болчу.

Мыйзам боюнча ал бир айдын ичинде кызматын бошотуп бериши керек. Ал парламенттеги талкуу учурунда кызматтан алынса укук коргоочулук ишин уланта берерин айтты. Ал эми Акундун ден соолугу тууралуу азыр дарыгерлер бир нерсе айтуудан оолак болууда.

XS
SM
MD
LG